6.1 C
Бишкек
Суббота, 6 декабря, 2025
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКурулушка жаӊы технологияларды колдонуу - мезгил талабы

Курулушка жаӊы технологияларды колдонуу — мезгил талабы

Азыркы күндө мамлекет Кыргызстандын курулуш компанияларына лицензия берүүнү тартипке салып, сапатка көӊүл буруу талабын күчөтүп жаткан кези. Көп кабаттуу үйлөрдүн учурдагы жагдайы, менчик там куруунун натыйжалуу технологиялары боюнча пикирин угуу үчүн Кыргызстан архитекторлор кошуунунун төрагасы, курулуш эксперти Бейсен КАРИЕВдин пикирин угууну туура көрдүк.      

 — Бейсен Сергеевич, жер титирөөгө туруштук бере турган үй куруунун сынч ыкмасын элибиз жакшы билчү экен. Сынч менен курулган тамдардын кандай артыкчылыгы бар?

 — Жеӊил конструкциялуу үйлөр Борбор Азияда алгач Октябрь революциясынан кийин пайда боло баштаган. Сынч ыкмасы менен там куруу Кыргызстандын түштүгүндө, айрыкча Баткенде азыр деле кездешет. Эркек балалуу болгон адам короону айланта теректердин көчөтүн отургузуп, уулу эр жеткенде теректерди сынч ыкмасы менен там курууга колдонгон. Тамдын пайдубалына сайдын ташын салып, дубалын үч, беш жана жети канаттуу кылып курушкан. «Канат» деп жыгач тирөөчтөр кайчылаштырыла байланып кошулган жерин айтат.

 Бир жылдары өзбекстандык илимпоз архитектор менен сүйлөшүп калсам, ал: «Сынч үйлөрдүн баардыгын биздин өзбектер курган экен деп ойлосом, көрсө, кыргыздар салчу турбайбы», — деген. Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыздардын арасында Кыргыз уста деп аталган адам сынч ыкмасы менен жеӊил конструкциядагы көптөгөн үйлөрдү салып, өзү жашаган өрөөнгө жайылтыптыр. Сынч үйлөр жер титиреген учурда катуу термелсе да кулап калбайт. Себеби, пайдубалга жыгачтарды каршы-терши такап, бурчтарын катуу бекитип курган өзгөчө ыкмасы бар.

      Бүгүнкү күндө жеӊил конструкциядагы үйлөр заманбап технологияны колдонуп курула баштады. Америкада, Европа өлкөлөрүндө, Японияда үч кабатка чейинки үйлөргө кыргыздын сынчка окшош ыкмасын колдонуп куруп жатышат. Мисалы, каркаска базальт, кварс, таш же айнек материалдарын эритип, ага пахта буласын кошуп, өнөр жай тармагында жасалат. Мындай конструкциядагы материалдар өрт болсо да тез күйүп кетпейт. Мисалы, Россиянын чыгыш тарабындагы Куриль аралдары, Сахалин облусу, Япония болуп, баардыгы Тынч океандын «өрттүү шакекчеси» деп аталган тектоникалык плитасына кирет. Бул дүйнөдөгү эӊ чоӊ тектоникалык плита. Ал дайыма айланып турууга жөндөмдүү. Ошондуктан Японияда, Россиянын Камчаткасында, Кытайдын чыгыш тарабында көп жер титирөө катталып турат. Американын батыш тарабы, Чили, Мексика мамлекеттеринин баардыгы бир кылка байланышкан.

      Дүйнөдөгү эӊ кыйраткы жер титирөө 1960-жылы Чилиде болгон. Ушуга байланыштуу мен атап өткөн өлкөлөрдүн калкын табигый шарт жеӊил конструкциядагы менчик тамдарды курууга мажбур кылууда.

      Кыргызстандын калкынын 70 пайыздан ашыгы айылдарда, тоолуу аймактарда жашайт. Баардыгы менчик үйлөрдү курат. Менин оюмча, заманбап технологиялар менен жеӊил конструкциялуу сынч тибиндеги үйлөрдү курсак, ал сейсмикалык жактан абдан ишенимдүү, арзан, жылуулукту сактоосу максималдуу болот. 2008-жылы Алай районунун Нура айылындагы 75 адамдын өмүрүн алып, ондогон адамды жаракат кылган зилзалада баардык үйлөр кыйрап калган. Себеби, көпчүлүгү сейсмикалык талаптардын бирин да эске албай салынган.

— Айтсаӊыз, эмне үчүн коомдо жаӊы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты шек санатып келет? Өлкөдө алардын бир тобунун ишмердүүлүгү токтотулганына кандай карайсыз?

— Көп кабаттуу жаӊы имараттарга бирдей баа берүү кыйын. Сапаты жакшысы да, жаманы да бар. Бирок, алардын баардыгы сейсмикалык жактан начар курулуп жатат деген пикирге кошулбайм. Анын үстүнө, мамлекеттик органдардан курулушка уруксат алуу системасы узакка создуктурулуп, абдан татаалдашып кеткен. Ишмердүүлүгү токтотулган ошол компаниялар сапаты начар үйлөрдү курганы үчүн эмес, уруксаты жок жерге курулуп же жер аянты тар болушу мүмкүн.

       Эсиӊиздерде болсо керек, 1988-жылы Армениянын Ленинакан, Спитак шаарлары 9 баллдык жер титирөөдөн кыйрап калган. Ал жакка советтик адистерден түзүлгөн комиссия барып, трагедияны жеринен изилдешкен. Ошондон кийин союздук республикалардын баарына тиешелүү болгон курулуштун нормалары жана эрежелери боюнча талапты катуулаткан документ кабыл алынган. Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары 1992-жылы Суусамырда, 2008-жылы Алайдын Нура айылында ж.б. жолу майда-чоӊ жер титирөөлөр болуп келди. Ушул жылдар аралыгында дагы жаӊы нормалар кирди. Акыркы жолу «Сейсмологиялык туруктуу курулуш» деп аталып, күчөтүлгөн эрежелердин жыйындысы 2019-жылдын январь айында кабыл алынган. Анда: «Долбоорлоонун нормалары, курулушка баа берүү, Ысык-Ата тектоникалык жаракасынын тийгизе турган таасири», — деп аталган документке жаӊы эрежелер кирди.

       Бишкек шаарынын сейсмикалык туруктуулугунда бир нече бөлүктөр боюнча айырма бар. Шаардын түндүк тарабы жер алдындагы сууларга жакын. Жибек-Жолу көчөсүнөн ылдыйдагы саздак жерлерге 3 кабаттан өйдө курулушка уруксат берилбейт. Бирок, болбой эле көп кабаттуу үй курууну каалган компания геологдорду чакырып, жер кыртышынын химиялык курамын, жердин категориясын ж.б. иликтетип, мүнөздөмөсүн жаздырып алса болот. Себеби, пайдубал куруу үчүн жердин саздуу кыртышын казып чыгарып, башка жерге ташылуусу керек. Анын ордун катуу курулуш материалдары менен толтуруп, кургатуу кажет. Мунун баардыгына көп каражат коротуп, компания көп чыгаша тартат. Ушул себептерден улам, ал тарапка бийик кабаттуу объектилер көп курулбайт. Мисалы, Кытайдын Шанхай шаарында жер кыртышы мындан да көйгөйлүү аймактар бар. Кытайдын курулуш компаниялары абдан бай. Жаӊы технологиялардын жардамы менен жер кыртышынын кооптуулугун четтетип, көп кабаттуу имараттарды куруп жатышат.

—  Өнүккөн өлкөлөрдүн энергияны үнөмдөөчү курулуш технологиясы, ышты минималдаштыруу тажрыйбасы Кыргызстанга качан келет деп ойлойсуз?

— Туура суроо бердиӊиз. Германияга 1984-жылы барганымда көчөлөрүн кара туман сыяктуу калыӊ ыш каптап турчу. Ыш баскан эриним жарылып, оозум кычкылданып кетээр эле. Ага салыштырмалуу Бишкектин бүгүнкү ыштуу абасы баланын оюнчугундай эле сезилип калмак. Анткени, ал жылдары Европа өлкөлөрү жапырт көмүр жагышчу. Көпчүлүк учурда көмүр упуранган абалда сапатсыз болоор эле. 1970-жылдардын аягында совет өкмөтү ал жакка газ түтүктөрүн куруп бара баштаган. Германия, Франция ж.б. өлкөлөр газ менен үй жылытууга жаӊыдан өтүп жаткан. Бирок, баарына тегиз жете элек кези экен. Ошондуктан калктын көпчүлүк бөлүгү көмүрдөн күчүн чыгарып жаткан учур болгон.

       Азыркы учурда Европа өлкөлөрүндө ташты эритип, пахта буласы менен аралаштырып жасалган плитаны үйдүн сыртына каптап жатышат. Кирпичтин жылуулук сактоо коэффиценти 0,7 пайыз болсо, ал эми минералдык материалдардыкы андан 20 эсе жогору. Европада менчик тамга, көп кабаттуу үйлөрдү жылуулатууга пенопласттын калыӊ түрү колдонулат. Бирок, эски үйлөрүндө газ менен жылытылган батареялар азыр деле бар. Ал эми жыӊы салынган менчик тамдарга батарея орнотпой калышты. Бир кабаттуу тамга кирпич кыноо дээрлик сейректеп баратат. Анын ордуна жеӊил конструкцияланган, ичи-сырты калыӊдалып жылууланган, сейсмикалык сапаты ишенимдүү үйлөрдү куруу кеӊири жайылтылууда. Айталы, биздин үйлөрдүн терезеси эки кабаттуу айнектен болсо, аларда төрт кабаттуу айнек салынат. Анткени, айнектердин ортосундагы аба – эӊ жакшы изолятор болуп кызмат кылат.

     Бүгүнкү күндө Кыргызстан ошол кездеги Европанын абалында турат. Себеби, азыркы тамдарда электр энергиясы же газ же көмүр менен жылытылса да жылына 1 кв метр аянтка 450 киловатт энергия керектеп жатабыз. Муну менен үйдү жылытууга кеткен каражат капчыгыбызды каӊтарып салууда. Азыркы күндө кышкысын Европа өлкөлөрүнүн там үйлөрүндө лампочканын жарыгынан, компьютерди иштеткен болоор-болбос энергиядан келген жылуулук жетиштүү. Кээ бир жаӊы үйлөрү 45 киловатт, айрым үйлөрү 10-15 киловатт энергия сарпайт. Ал түгүл энергиянын коромжусун нөлгө түшүргөн учурлар бар.

       Ал эми Кыргызстанда орточо тамды газ менен жылытууга ай сайын 15000 сомго чейин төлөшөт. Мындай жагдай элдин чөнтөгүнө катуу күч келтирип жатат. Көпчүлүк конуштарда газга төлөгүсү келбей, кайра эле көмүр, кээ бир жерде шиналарды жагууга аргасыз болушууда. Ошондуктан мамлекет көмүр ташып отурбай, элге тамды жаӊы технологиялар менен жылытууга жеӊилдетилген кредиттерди бериши керек. Жарандар кредиттерди бир нече жыл төлөп бүтүп, түйшүктүү жумуштан арылып, акчаны эбегейсиз коротуудан кутулат.

       Үйдү заманбап ыкма менен жылытуу долбоору Кыргызстанга келгенине 10 жыл болду. Ал чет элдик донорлордун кредити жана гранты менен каржыланып келе жатат. Бирок, аликүнчө буга маани бергендер аз. Өлкөгө ушул системаны жапырт киргизели деп айтып жүрүп тил тешилди. Биз Кыргызстанда жаӊы курула турган тамга энергетикалык натыйжалуулугу боюнча паспорт берүүнү жолго коюубуз керек.

      Кыргызстанда үйдү жылуулатуунун долбоорлору иштеп жатат. Базальт волокносу боюнча долбоор бар. Мындай долбоор менен менчик үйдү, көп кабаттуу имараттарды жылуулоо керек. Андан тышкары,  Казакстандын, Россиянын таштан, айнектен пахта буласын кошуп жылуулук плиталарын чыгарган компаниялары иштеп жатат. Мына ушул тажрыйбаларды кечиктирбей колдонушубуз шарт.

Автор: Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА

Сүрөттөр WWW

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии