Жаңы жылда жаңы батирлер берилет
Алдыдагы 2025-жыл айлык-маянанын көзүн караган аз кирешелүү үй-бүлөлөргө алгачкы жаңы батирлерди берүү менен баштала турган болду. Эки жыл мурда мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) батир алуу боюнча тизмесине жазылгандардын кезеги келип, эми алар ак өргөгө киргени жатышат. Белгилүү болгондой, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек, Ош шаарларында эле эмес, аймактарда да МИКтин үйлөрү динамикалуу нукта курулуп жаткан кези.
«Мамлекет 2028-жылга чейин «Менин үйүм» программасынын алкагында азыркы күндө кезекте турган 40 000ден ашык үй-бүлөнү арзан, сапаттуу жаңы батирлер менен камсыз кылууну пландоодо, — дейт МИКтин төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев. — Батирлер этап-этабы менен колдонууга берилет. Ошол эле мезгил ичинде башка дагы жаңы үйлөрдүн курулуш иштерин баштап коёбуз. Бул акыркы отуз жылдын ичиндеги эң масштабдуу курулуш болуп эле саналбастан, батирдин чарчы метри 650 доллардан ашпайт».
Азыркы учурда менчик компаниялардын батирлери мындан эки-үч эсеге кымбат болгону аз келгенсип, ички оңдоолорун жарандар өздөрү жасалгалап алып жатышат. Мунун бир себеби, курулуш компаниялар жерди мамлекеттен сатып алышат. Андан тышкары, турак-жай рыногунда бааларды бир кылка жөнгө салуунун механизмдери жок. Ал эми МИКтин үйлөрүнө жердин баасы кошулбаганы менен дагы батирлер кыйла арзан болуп жатат. Дагы бир алгылыктуу жагы — эшик-терезелер, ламинат, ал гана эмес ашкана мебелдеринен бери жергиликтүү өндүрүштөн чыгарылган. Бир эсептен алганда, муну менен атамекендик өндүрүштү колдоо жөнгө салына баштады. Бишкектеги бир аймакта эле МИКтин 7 имаратында 549 батир бар. Учурда анда акыркы жумуштар бүткөрүлүп, лифттер орнотулуп, ысык суу, жарык берилүүдө.
Андан тышкары, жемкордук менен жең ичинен жер алып, имараттарды курган компанияларга карата катуу чаралар көрүлүп, мыйзамсыз курулуштардын айрымдары мамлекетке кайтарыла баштады. Акыркы эки-үч жылда мамлекеттик ипотекалык программага караштуу үйлөрдү бюджеттен каржылоо шарты болуп көрбөгөндөй өзгөрүлдү. Өлкө башчысынын тапшырмасы менен МИКтин батирлери жылдык 4 пайызга түшүрүлүп, төлөө мөөнөтү 25 жылга узартылды. Анын үстүнө, ага электрондук кезекке туруу кадимкидей турмушка ашырылып, ачык-айкындуулук бир кылка тартипке салынып жатат.
2023-жылы Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен курулуш тармагынын өсүшү боюнча лидерлик позицияга илинип, 1,6 млн. чарчы метрден ашык турак-жай пайдаланууга берилген. Бул совет жылдарынан берки рекорддук көрүнүш. 2024-жылдын тогуз айына карата өлкөнүн курулуш тармагы 137 пайызга өсүп, анын көлөмү 1,7 млн. чарчы метрге жетти. Министрлер Кабинети ушул көрсөткүчтү жыл аягына чейин 2 млн. чарчы метрге жеткирүүгө аракеттенип жаткан учуру.
Эскини жаңыга алмаштыруунун убагы келди
Совет мезгилинин 1950-60-жылдарында курулуп, эл ичинде «сталинка», «хрущевка» деп аталган эки-беш кабаттуу үйлөрдүн колдонуу мөөнөтү 50 жылга ылайыкталыптыр. Азыркы күндө булардын «жаш курагы» 70-80-жылга чукулдап калган. Ушул типтеги үйлөрдүн пайдубалы ташка же болбосо бышкан кирпичке цемент төшөп куруу менен чектелген. Ал кезде арматура орнотуп, бекемдөөчү конструкциялар менен көп кабаттуу үй куруу болгон эмес. Бүгүнкү жагдайдан алганда, булар сейсмикалык жактан кооптуу болуп, анда жашаган калктын өмүрү, ден соолугу тобокелге салынып калыптыр. Ушуга байланыштуу өткөн жылы «сталинка», «хрущевка» тибиндеги үйлөрдү реновациялоо тууралуу алгачкы жолу өкмөттө маселе көтөрүлгөн. Реновациялоо бул — реконструкциялоо, инфраструктуранын экосистемасынын бүтүндүгүн сактоо, жаңыртуу аркылуу оңдоо болуп аталат экен. Бирок, азыркы жагдайдан алганда, бул эски үйлөрдү бузуп, андагы жашоочуларды жаңы үйлөргө көчүрүү болуп эсептелет. Тактап айтсак, өткөн кылымдын 50-60-жылдары курулган көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын көзөмөлгө алуу программасы постсоветтик республикалардын дээрлик бардыгында колго алынып жатат. Айталы, Москвада «сталинка», «хрущевка» үлгүсүндөгү үйлөрдү бузуп, андагы үй-бүлөлөрдү жаңы имараттарга көчүрүү маселеси келип чыкканда, эскилиги жеткен үйлөрдүн жашоочуларынын арасында реновациялоого каршы чыккандар да болгон. Тилекке жараша, азыркы күндө андагы эл мамлекеттин жакшы иштерин түшүнүү менен карашып, эски үйлөрүн реновациялоого берүүгө макул болушууда. Алар жаңы, сапаттуу үйлөргө көчүүгө өз каалоосу менен кезекке туруп жатышкан чагы.
Москвада 2017-жылы беш кабаттуу үйлөрдөн 350 миңден ашык үй-бүлө жаңы батирлерге көчүрүлгөн. Бул процесс Алматыда 2021-жылы колго алынып, 708 үй бузулуп, 683 жаңы көп кабаттуу үйлөр салынган. Ал эми Ташкентте 2019-жылы 1200 эски үй кулатылып, заманбап инфраструктурасы менен заңгыраган көп кабаттуу үйлөрдү куруу турмушка ашырылган болчу. Булардын бир бөлүгүнө мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп, айрымдарына инвестор тартуу менен ишке ашкан. Андан тышкары, ошол эски үйлөрдүн абалын көзөмөлгө алып, сырткы көрүнүшүнөн баштап, көөнөрүп бүткөн сантехникаларына чейин оңдоп, чатырын, жер төлөөсүн, ысык-муздак суу системасын жаңыртып турган башкаруучу компаниялары болгон. Бирок Кыргызстанда өз учурунда андай башкаруучу компаниялар түзүлбөгөндүктөн эски үйлөрдүн жашоочулары өз көйгөйүн өздөрү чечип келе жатышат. Тактап айтсак, жашоочулардын арасынан «ТСЖ» менен «домком» деген убактылуу органдарын шайлап алуу менен чектелип калышкан. Мындай жагдайдан улам жарым кылымдан ашык мезгил ичинде үйлөрдү олуттуу оңдоодон өткөрүүгө каражат тартуу мүмкүнчүлүгү болгон эмес.
Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин айтымына караганда, 2025-жылдын январь айынан баштап, ушундай эски үйлөрдү реновациялоо программасын иштеп чыгуу колго алынат. «Азыркы күндө курулуш компаниялары эски үйлөрдүн жашоочулары менен өз ара макулдашып алышып, кээ бирөөсүнө акчалай төлөп, айрымдарына эскинин ордуна курулуучу көп кабаттуу үйдөн тиешелүү чарчы метр батирлерди берип жатышат. Мындан тышкары, короо-жайлуу менчик тамы бар жарандардын үй-жайын да сатып алышууда. Бирок, турак-жай маселесин ушундай жол менен чечүү боюнча өкмөт тарабынан регламенттештирилген механизимдери жок. Көптөгөн жылдар бою мамлекет буларды өз көзөмөлүнө алган мыйзам иштеп чыкпагандыктан, ар ким өзү билген ишин жасап келе жатышат. Ушуга байланыштуу Кыргызстанда турак-жай фондунун баасы көзөмөлсүз өсүп, Бишкектеги батирлердин чарчы метри асмандап көтөрүлүп кетти. Башка айтканда, курулуш компаниялары эски үйлөрдүн ээлеринен жерди кымбат сатып алгандыктан, чарчы метрдин баасын да ошончолук өстүрүп жиберишти. Курулуш компаниялары «сталинка», «хрущевка» үлгүсүндөгү экиден беш кабаттууга чейинки үйлөрдүн ордуна 16-18 кабаттуу имараттарды куруп, андан батир сатып алган башка жарандардын шорун кайнатып, чарчы метрдин баасын асмандатып сатып жатышат. Ошондуктан ар бир чарчы метр батирдин баасы калкты да, бизнес субъектилерин да бирдей канааттандырууга тийиш болгон чараларды көрүүгө убакыт келди. Бул үчүн мамлекет укуктук-нормативдик актыларды даярдап, мыйзамдын алкагында ишке киргизүүсү, өкмөт аны көзөмөлгө алуусу кажет», — дейт Орунтаев.
Дагы бир көйгөйдү айта кетели. Курулуш компаниялар үйдү өз убагында бүтүрбөй, үлүшкө кирген жарандарды кыйнаган окуялар көбөйдү. Анын себеби, курулуш объектиси жайгашкан жер көп мезгилге чейин соттук териштирүүлөр менен коштолуп келет. Мисалгы, Бишкектин Медеров көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн ордунда кадимки менчик там болгон экен. Андагы тамдын ээси үйүн короосу менен курулуш компаниялардын бирине саткан. Көрсө, бузулган тамдын башка дагы бир ээси бар болуп чыккан. Узак соттошуулардын негизинде курулуп жаткан көп кабаттуу үй камакка алынып токтоп калган. Анын кесепетинен көп жылдан бери батир алууга акча топтоп, үлүшкө кирген бейкүнөө жарандар батирден жок же акчадан жок арабөк жолдо калышты. Ушундан улам бул үйдү улантып курууга эч ким даабай турган чагы.
Расмий маалыматтарга караганда, совет жылдары Бишкек шаарында 1500 ашык көп кабаттуу үйлөр колдонууга берилген. Мунун ичиндеги 60-70-жылдарга чейинки курулуштарды бузуп таштап, жаңысын куруунун мөөнөтү келип жеткен. Акыйкат үчүн айтып коёлу, совет жылдары ири панелдүү көп кабаттуу үйлөр сапаттуу технологиялар менен салынган. Булар сейсмикалык талаптардын баарына жооп бере турганы анык болду.Архитектор Айдай Бактыбекова: «2021-жылы Алматыда «сталинка», «хрущевка» тибиндеги эски үйлөрдү бузушкан. Эгерде биздин бийлик алматылык коллегаларынан консультация алып, реновация процессин жакшы уюштура алышса, иш туура жолго түшүүсү керек. Алматыдагы реновация процессине мен төрт плюс деген баа берет элем. Анткени, андагы жашоочулардын көпчүлүк бөлүгүн өздөрү ыраазы болгон даяр үйлөргө көчүрүшкөн. Көрүнүп тургандай, альтернативдүү үйлөрдү куруп алмайынча, реновациялоону баштоо кыйын», — дейт.
Реновациялоого туш болгон объектилерге биринчиден инвестиция тартууну, экинчиден республикалык бюджеттин каражатына көп кабаттуу заманбап үйлөрдү куруу пландалууда. Инвестор бузулууга муктаж болуп калган эски үйлөрдүн жашоочуларынын өз каалоосуна, эркине карап иш баштайт. Бирок, курулуштун сапатын, мыйзамдуулугун, ал жердеги жарандардын укугун коргоо ж.б. маселелер мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө болуп, шаардын курулуш реестрне катталышы керек болот. Айта кетсек, өткөн жылы Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн сырткы көрүнүшү боюнча дизайн коду кабыл алынган.
Уставдык капиталы 100 млн. сомдон кем болбошу керек
Жаңы курулган көп кабаттуу үйдөн батир сатып алууну пландаган жарандардын эсине салып коюучу дагы бир жагдай бар. Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзгөн ар бир курулуш компаниясынын уставдык капиталы 100 млн. сомдон кем болбоого тийиш. Буга тиешелүү мыйзам 2024-жылдын январь айынан баштап күчүнө кирген. Инвестордун капиталына карап, батирди ишенимдүү сатып алууга болот. Анткени, бул мыйзам курулуш компаниялары үлүшчүлөрдүн акчасын алып качып кеткен же көп жылга чейин үйдү бүтүрбөй элди кыйнаган окуялардын алдын алуучу механизмдердин бири болуп саналат.
«Өлкө калкынын жылдык өсүүсү орточо алганда, 200 000 адамды түзүп жатат. Мамлекет элди турак-жай менен камсыздоону жөнгө салып туруусу кажет. Кыргызстанда кабыл алынган норма боюнча ар бир жаран 15 чарчы метрден кем эмес журак-жай аянтына жеткиликтүү болушу керек. Ушул ченемден алып караганда, жыл сайын бери дегенде 3 млн. чарчы метр турак-жай курулуусу зарыл. Ал эми биз болгону 2 млн. чарчы метрди курууга жаңы гана жетишип жатабыз. Ошондуктан Президент Садыр Жапаров МИКтин үйлөрүн республиканын аймактарына чейин курууну демилгелеген. Учурда Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол ж.б. шаарларда МИКтин үйлөрү райондук деңгээлге чейин жетип барды. Жакынкы келечекте ар бир айылга жетүүсү керек. Мунун баары жөн жеринен чыккан жок. Кыргызстанда мамлекет МИКтин үйлөрүн арзан жана сапаттуу кылып курууну кепилдикке алган сайын турак-жай рыногу кеңейгендин үстүндө болот. Ал эми бизнес сектору МИК менен ачык атаандаштыкта иштеп, ири шаарларда эле эмес, айыл аймактарында да үйлөрдү кура баштайт деген ойдобуз. Бара-бара МИК калкты турак-жай менен камсыздоонун флагманына айлануусу керек. Тилекке жараша, ушул планыбыз азыр эле практикалана баштады. Буга быйыл Баткендеги Барак айылы болгону 6 айдын ичинде курулуп бүткөнү жакшы мисал боло алат», — дейт Нурдан Орунтаев.
Автор: Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА
Сүрөттөр WWW