Ковид каптаганда да ишибиз токтогон жок
Өлкөбүздө ХIХ кылымга чейин кат-кабар жеткирүүгө чабандестер кызмат кылган. Ал эми буюм-тайымдарды эл кербен соодагерлер токтогон аймактардан алышчу. Ошентип мындан 145 жыл мурда Кыргызстанда биринчи жолу почто бекети Пишпекте ачылган. Ал доордо негизги транспорт жолдорунун боюнда жайгашкан алыскы аймактарды борбор менен байланыштырган почта бекеттери маанилүү роль ойногон.
Совет бийлиги жылдарында почта инфратүзүмү активдүү өнүккөн. Автоунаа барбаган алыскы аймактарга кышкысын ак кар, көк муздуу ашууларды ашып, мурутуна муз тоңгонуна карабай, кат-кабарларды жеткиргендер арбыган. Ал эми Ата Мекендик согуш жылдарында фронттогу жоокерлердин каттары да почта аркылуу кечикпей келип турчу. Барган сайын борбор калаада почта мекемеси кеңейип, дүйнө өлкөлөрү менен байланыш күчөп отурган. Бишкек байланыш өндүрүштүк бирикмесинин курамына эки ири ишкана: «Кыргыз почтасы» ААК жана «Кыргыз телеком» ААК коому кирген. Алар аймактар ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүдө негизги ролду ойногон.
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында «Кыргыз почтасы» тармагы бир топ кыйынчылыктарды баштан кечирди. Бирок, почта тармагы башка тармактар сыяктуу таланып, тонолуп кеткен жок. Арзыбаган маянага иштеген почта кызматкерлери элдин пенсия, жөлөк пулдарын акчалай да, натуралдык түрдө да тараткандары көпчүлүктүн эсинде.
1993-жылы Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп, башка өлкөлөр менен эл аралык почта байланышын түзүүгө мүмкүндүк алды. 1994-жылы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик департамент болуп түзүлүп, өз алдынча почта уюму болууга маанилүү кадам түзүлдү. Бул мезгилде документтер, ченемдик укуктук актылар жана эл аралык почта жөнөтмөлөрү үчүн тарифтер кайра каралып чыккандан кийин почта кызматынын сапаты көтөрүлүп, кызмат көрсөтүү спекторун кеңейтти. Ал эми КРдин Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 203 токтому менен 100 пайыз акциясын мамлекеттин менчигинде сактоо менен «Кыргыз почтасы» ААКга өзөрүлүп түзүлдү. Ушундан улам жаңы менеджердик башкаруу командасы түптөлүп, алдыга дымактуу пландар коюлду. Жыйынтык көпкө күттүргөн жок. 2023-жылы «Кыргыз почтасы» Бүткүл дүйнөлүк почта уюмуна мүчө өлкөлөрдүн рейтингинде 98 орундан 29-орунга көтөрүлдү. Көп өтпөй Эстония, Латвия, Австрия, Германия өлкөлөрү менен почта жөнөтмөлөрүн өз ара алмашуу үчүн кампалар ачылды. Кытайдын Кашкар эркин экономикалык аймагында өкүлчүлүк түзүлдү.
Рахат Мамбетказиева: «Ковид учурунда дагы элге кызмат кылып жаттык»
Жакында планетардык алкактагы улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов атындагы чыгарылган алгачкы медаль почта тармагында 50 жылдан ашык иштеген Рахат Мамбетказиевага ыйгарылганы да бекеринен эмес.
«Мен 1979-жылы Фрунзедеги политехникалык техникумду аяктап, Фрунзе почтампына 3-даражадагы оператор болуп ишке орношком, — дейт Рахат айым.
— Ал жерде 8 жыл иштеп, кийин «Бишкек почтамт» мекемесине которулуп, анын директорунун орун басарлыгына чейин көтөрүлдүм. 2020-жылы дүйнөнү коронавирус каптап, эл сыртка чыга албай карантинде отуруп калды. Ал түгүл банктар да иштебеген учурлар болду. Ошондой оор күндөрү почта кызматкерлери калкты тейлегенин бир күн да токтоткон жок. Үйдө отурган карыяларга пенсия, майыптарга жөлөк пулдарын жеткирип берип жаттык. Андан тышкары, жалгыз бой жашаган карыяларга дүкөндөн азык-түлүктөрдү сатып алып жеткирип берүүгө туура келген учурлар көп болду. Ошондой эле эл аралык почта жөнөтмөлөрүн да камсыздоого жетишти».
Автор: Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА
Сүрөттөр WWW