4.1 C
Бишкек
Четверг, 21 ноября, 2024
ДомойАналитикаЖайлоо өнүгүү борборлорунун 11-сезону ачылды

Жайлоо өнүгүү борборлорунун 11-сезону ачылды

Фото редакции

Үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагына караштуу Беш-Конуш жайлоосунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып келген “Жайлоо өнүктүрүү борборлору” демилгесинин 11-сезонуна арналган иш-чара уюштурулду. Аталган долбоорго Кытай өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчилиги да колдоо көрсөтүп келет.

Жайлоо… Кымыз, арча жыттанып, салкын соккон жели менен шаардын аптабынан качып барган меймандарды тосуп алды. Керелди кечке ат минип, музоо байлап, кулун тартып күн өткөргөн бөбөктөргө бул күн чоң окуя… Анда кеп башынан болсун…

Фото редакции

Кыргызстандын экс-президентинин ысымын алып жүргөн “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып келген “Жайлоо өнүктүрүү борборлору” демилгесинин 11-сезону Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагына караштуу Беш-Конуш жайлоосунда ачылды.

Фото редакции

Иш чарага катышуу үчүн Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Темирболот Абыкеев баштаган жоон топ делегация келди.

Фото редакции

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкованын айтымында бул долбоор 2014-жылдан бери ишке ашып келет.

Фото редакции

“Соңку он жылда тоолуу райондордо жашаган малчылардын жана үй-бүлөлөрдүн 20 миңге жакын балдарын ар тараптан өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү. Мындан тышкары, ар кандай иш-чараларга жана тренингдерге 6 миңден ашык ата-эне жана 1400 мугалим тартылган. Эгерде 2014-жылы тоолуу аймактарда 35 жайлоо өнүктүрүү борбору иш алып барса, он жылдын ичинде алардын саны үч эсе көбөйүп, 2024-жылы жүзгө жакын борбор ачылды”, — деди Роза Кайыкова.

Фото редакции

Анын айтымында бул долбоорго Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги да колдоо көрсөтүп келет. Аны ишке ашырууда керек болгон канцелярдык жабдыктар: китеп, дептер, калем, кагаз сындуу негизги буюм-тайымдардын бардыгын коңшу өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгү камсыздайт.

Иш чарада сөз сүйлөгөн элчи Ду Дэвэнь айым жайлоодогу балдардын өнүгүүсүнүн маанилүүгүн жана коңшу эки өлкөнүн өз ара мамилесинде өсүп келе жаткан муундун орду өзгөчө экендигин белгиледи. Дипломат айым бул багытта фонд менен элчиликтин көп жылдык өнөктөштүгүн жогору баалады. Долбоордун мындан аркы өнүгүүсү үчүн, элчиликтин атынан Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы жайлоо өнүктүрүү борборлоруна канцелярдык буюмдарды, 2 боз үй, 1 чатыр жана балдарга оюнчуктарды тапшырды.

Фото редакции

“Кошуна жайгашкан Кыргызстан менен Кытай мамлекеттеринин достугу өзгөчө экендигин айгинелеген “Алыскы туугандан, жакынкы коңшу артык” деген акылман кеп бар. Бул абдан туура айтылган ой. Кыргызстан үчүн Кытай сыяктуу, ар тармактан өнүккөн коңшу мамлекеттин болуусу чоң мүмкүнчүлүк. Анткени Кытай мамлекети учурда алдыңкы технологиянын өлкөсүнө айланды. Албетте, мындай шартта Кыргызстан дагы бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана алат. Мында өсүп келе жаткан жаш муундун ролу өзгөчө. Келечек муун жакшы окуп, тил үйрөнгүлө”,- деди элчи Ду Дэвэнь.

Белгилей кетсек, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду бул долбоор аркылуу балдарды жайкы каникул убакта да билимге сугарып, аларды мектепке даярдоону максат кылат. Ош облусунун Кара-Суу району өлкө боюнча калк эң жыш жайгашкан аймак. Андыктан мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тартыштыгы курч турган маселе. Фонддун бул демилгеси көйгөйдү сезилерлик жеңилдетип, балдарды мектепке даярдоого олуттуу салым кошууда.

“Күн сайын тогуздан түшкү он экиге чейин балдарга атайын программанын алкагында сабак беребиз. Жайлоого келген эс алуучулардын балдары да келет. Билим берүү менен бирге алардын кол өнөрчүлүк көндүмдөрүн арттырууга да салым кошуудабыз. Долбоор көп жылдан бери иштеп, өзүн натыйжалуу көрсөтө алды”,-деди Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айжан Куланова.

Негизи мектепке чейинки билим берүү маселеси жалпы республика боюнча курч турган маселе. Союз маалындагы бала бакчалардын көбүнүн имараты менчик колго өтүп кеткен. Имарат тартыштыгына жараша мектепке чейинки билим берүүнүн пайызы да төмөн.

“Бул көйгөйдү чечүү үчүн жеке турак жайларды бала бакча катары колдонууга мүмкүнчүлүк берүү маселеси жолго коюлду. Бул аркылуу мектепке чейинки билим берүүнүн камсыздоосун 39%га чейин көтөрө алдык. Учурда ишке ашып жаткан Аймактык администрациялык реформанын алкагында бириктирилген айыл өкмөттөрдүн бош калган имараттарын да бала бакча кылып уюштуруп жатабыз. Жалпы өлкө боюнча 357 айыл өкмөттүн имараты бала бакча болуп кайра түзүлдү”,-дейт Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев.

Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлиги үстүбүздөгү жылда мектеп жашына чейинки балдарды бала бакча менен 40% камсыздоого жеткирүүнү мерчемдеп жатат. Бул процесстин жүрүшүндө кошумча 113 миң жеткинчек бала бакчага тартылып, экономикалык натыйжалуулугун алганда кошумча 7120 жумушчу орун түзүлөт.

Автор: Амантур ШЕРГАЗИЕВ

Сүрөттөр редакцияга таандык

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии