-0.9 C
Бишкек
Пятница, 18 октября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕАлаканын жаңы барагын ачкан жумушчу сапар

Алаканын жаңы барагын ачкан жумушчу сапар

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-27-июнь күндөрү Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районунун Үрүмчү шаарына жумушчу сапары менен барып келди. Анын алкагында “Кытай — Евразия ЭКСПО” 8-эл аралык көргөзмөсүнө катышты. Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАРдын Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуй менен жолукту.

 КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ДОСТУГУНУН ДАРБАЗАСЫ

    “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу боюнча жакын арада үч тараптуу коммерциялык келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАРдын Партиялык комитетинин Катчысы Ма Синжуйдун жолугушуусунда айтылды. Тараптар соода-экономикалык, транспорт, көзөмөл өткөрүү жайлары, энергетика жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча кенен сүйлөштү.

    Кыргыз тарап Кытайга айыл чарба продукциясын экспорттоону кеңейтүү маселесине өзгөчө маани берерин жана бул жерде СУАР Кытайдын базарына кирүүгө дарбаза катары негизги роль ойной турганын Акылбек Жапаров билдирди. Ал Кытайдын ички процедураларына ылайык, “Улугчат” өткөрүү пунктунун бажы аймагында айыл чарба продукциясын кабыл алуу жана сактоочу көзөмөл кампасынын болушу зарыл болуп келгенин, учурда аталган кампаны курууга 13 гектар жер бөлүнгөнү белгилүү болгонун айтты.

     “Ошондой эле, электрондук коммерция жана логистикалык борборлорду куруу, дагы бир келечектүү багыт экенин сунуштайм. Соода-логистикалык комплексин курууга Кыргызстандын Ош жана Нарын облустарында жер каралган”, — деди Акылбек Жапаров.

    Тараптар “Эркечтам” жана “Торугарт” көзөмөл өткөрүү жайларынын толук кандуу иштеши эки өлкө ортосундагы өз ара сооданын мындан ары да өсүшүнүн негизги фактору болуп саналат дешти. “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү жайындагы “кыргыз-кытай достук көпүрөсүнүн” курулушу аяктоо алдында турганы айтылды. Быйыл кыргыз-кытай чек арасында жаңы “Бедел” көзөмөл өткөрүү жайын ачуу, ошондой эле “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолунун курулушун баштоо мерчемделгенин билдиришти.

      Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык кызматташуусу тууралуу да сөз болуп, өткөн жылдын жыйынтыгында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 19 млрд 804 млн долларды түзгөнү белгиленди.

    Өз кезегинде Ма Синжуй эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, өз ара соода жүргүзүүнүн өсүү тенденциясын сактап калуу үчүн бардык зарыл болгон күч-аракеттерди жумшай турганын кошумчалады.

ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ ҮЧҮН ИШКЕРЛЕРДИ ИШЕНДИРҮҮ КЕРЕК

     Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Үрүмчү шаарына жумушчу сапарында бир нече ири компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүздү.

    Алгач TBEA Company Limited” компаниясынын Президенти Чжан Синь менен жолукту. Акылбек Жапаров ТВЕА компаниясы тарабынан ишке ашырылган долбоорлордун республика үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, компанияны калыбына келүүчү энергияны өнүктүрүү багытында Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Атап айтканда электр унааларын кубаттоочу борборлорду курууну сунуштады. ТВЕА компаниясынын Президенти Чжан Синь энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга дайым даяр экенин билдирди.

    Мындан тышкары Кытайдын улуттук ядролук корпорациясынын (CNNC) Төрагасынын орун басары Лу Течжун менен жолукту. Анда күн электр станцияларын куруу боюнча сөз болду.  Жолугушуунун жыйынтыгында жалпы кубаттуулугу 400 МВтты түзгөн күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык долбоорго кол коюлду.

    Акылбек Жапаров “China Railway Intermodal Logistics Co., Ltd” компаниясынын башкы директору Чэн Хунъин менен да жолукту. Анда транспорт жана жол куруу тармагындагы маселелер боюнча сүйлөшүү жүрдү. Өзгөчө Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасында ачыла турган “Бедел” жаңы көзөмөл өткөрүү жайынын айланасындагы курулуш иштери каралды.

    Андан соң Акылбек Жапаров “Эки өлкө эки парк” долбоору боюнча Кашгар экономикалык өнүктүрүү аймагынын башкаруу комитетинин жетекчиси Гуан Юн менен жолукту. Анда Кыргызстандын аймагында машина куроо заводун куруу боюнча сүйлөшүлдү.

    Машина куроо заводу Нарын облусунда курулат. Инвестициянын жалпы суммасы 130 млн доллар. Долбоорду ишке ашыруу документине “Кытай-Евразия ЭКСПО” алкагында кол коюлду. Курулуш иши ушул жылдын август айында башталат.

    Ошондой эле “Xinjiang Xiangsheng New Material Technology Co., Ltd” (Синцзянь Сяньшэн Нью Материал Технолоджи) компаниясынын директору Сяо Чжихай менен да жолугушуу орун алды. Анда Кыргызстандын аймагында титаномагнетитти кайра иштетүү боюнча металлургиялык заводду куруу маселеси талкууланды.

   Белгилей кетсек, “Кытай-Евразия ЭКСПО” жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда энергетика, машина куроо, логистика, соода жүгүртүү, тоо-кен сыяктуу бир нече тармакты камтыган 40тан ашык документке кол коюлду. Инвестициялык макулдашууларда каралган долбоорлордун наркы 1 млрд 500 млн долларды түзөт.

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВДУН САПАРЫН АДИСТЕР КАНДАЙ БААЛАЙТ?

   “Эл аралык эксперттер Кытайдын Борбор Азияга багытталган инвестициясы Кыргызстан менен Өзбекстанга гана бурулуп жатканын айтып жатышат. Мунун жөнөкөй гана себеби бар. Биз комплекстүү иш алып барууну өздөштүрдүк. Келишим түзүү, инвестор тарта билген мамлекетке айлана алдык. Бул багытта “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун масштабы эле көп нерсени айгинелеп турат. Үрүмчүдө түзүлгөн келишимдерди талдап көрсөңүздөр: машина куруу, энергетика, логистика сыяктуу тармактар боюнча конкреттүү документтерге кол коюлду.   Өнөр жайды өнүктүрүү үчүн эң ириде энергетика керек эмеспи, андыктан буга өзгөчө көңүл бурулуп жатканы учурдун талабы жана абдан ойлонулган кадам”,-дейт Кыргыз-Россия Славян университетинин экономика боюнча докторанты Бахтияр Игамбердиев.

    Кыргызстандын Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун жетекчиси Кундуз Кырбашеванын айтымында энергетика тармагына инвестиция тармагына, анын ичинде күндөн энергия алуучу станцияны кура турган ишканалар Кытайдын эң алдыңкы компаниялары болууда.

     “Ушул жылдын июль айынын ортосунда кытайлык инженерлер Кыргызстанга келишет. Ишкана ачылган, жер маселеси чечилген, мамлекеттик төлөмдөр төлөнгөн, банктык коштоо үчүн каражат салынып, кепилдик коюлган. Кыскасын айтканда долбоорду ишке ашыруу үчүн бардыгы даяр. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жумушчу сапары энергетика тармагы үчүн өзгөчө жемиштүү болду”,-деди Кырбашева.

Автор: Амантур Шергазиев

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии