Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы каникулга чыгаардын алдында электрондук тамекини (айкос) колдонууга каршы мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты. Ага Президент кол койсо, өлкөдө электрондук тамекини колдонгон жеке жактарга 10 000 сом, юридикалык жактарга 60 000 сом айып пул салынышы керек. Ал эми аны саткан жеке жактарга 50 000 сом, юридикалык жактарга 654 000 сом айып пул салынат. Андан тышкары, ташып келгендерге 150 000-200 000 сомго чейин айып пул салынып же 1-2 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Жылына 17 000 адам тамекиден мерт кетип жатат
Эске сала кетсек, өлкөдө 2021-жылдын сентябрынан баштап коомдук жайларда тамеки, кальян, электрондук чылым чегүүгө тыюу салынган. Бирок, андан тагдырын зыяндуу түтүнгө байлап алгандар азайып кеткен жок. Ушундан улам жаза чараларын катуулатуучу мыйзамды кабыл алуунун муктаждыгы келип чыккан.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюумунун маалыматына таянсак, тамекинин кесепетинен жыл сайын дүйнөдө гипертония, кант диабети, өпкө рагы ж.б. ооруларга чалдыгып, 8 млн. ашык адам каза болот. Ушул эле себеп менен Кыргызстанда жыл сайын 17 000ге жакын адам мерт кетип жатат. Тамеки чегүүнү таштоо үчүн аны электрондук чылымга алмаштыруу керек деген түшүнүк да миф болуп чыкты. Тескерисинче, акыркы жылдары мектеп окуучулардын арасында айкоско карата көз карандылык кескин күчөгөн.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири депутат Шайырбек Ташиев Кыргызстанга электрондук чылымды импорттоого тыюу салууну сунуштап, аны колдонууну чектөөгө болорун билдирген. Муну менен эл өкүлү айкостун курамында никель, хром, коргошун сыяктуу химиялык заттар уруксат берилген чектен жогору болорун иликтөөлөрдүн жыйынтыгы көргөзгөнүн айткан. Мындай жагдай өз кезегинде респиратордук ооруларга, ракка жана мээнин жабырлануусуна да алып келип жатканы тастыкталган. Бирок, ар бир демилгенин артында каршы чыккандар да болот эмеспи. Мисалы, депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору талкууланып жатканда: «Өспүрүмдүн тамеки тартканын көрмөксөнгө салып коюп, андан пара алып, бул мыйзамдан милиционерлер гана пайда көрөт. Электрондук чылымдарды ташып келүүгө бөгөт коюу менен контрабанданы күчөтүп алышыбыз мүмкүн», — деп демилгени колдогон жок. Ал эми депутат Э.Сурабалдиева айып пулдун өлчөмүн 5000 сомго түшүрүүнү сунуштап: «Эгерде өспүрүм кирешеси аз үй-бүлөдөн болсо, ата-эне айып пулду төлөй албайт. Айкос чеккен өспүрүмдөр аргасы кеткенде өз өмүрүнө кол салышы ыктымал», -деди.
Биз ушул жерден адистердин айткандарын келтире кетели. «Акыркы эки жылда биздин борборго кайрылгандардын саны жүздөп саналат,» – дейт Бишкектеги психикалык ден соолук борборунун медицина-психологиялык жактан жардам берүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Тинатин Сагынбаева. – «Өлкөдө өспүрүмдөр арасында тамеки тартуу жана психотроптук заттарды колдонгондордун саны жыл сайын өсүүдө. Мурда мындай учур эч качан болгон эмес. Психоактивдүү препараттар 1960-жылдары айрым ооруларды сакайтуучу медициналык каражат катары колдонулуп келген болсо, бүгүн адистер алардан адам организмине тескери таасир тийгизүүчү заттарды табышты. Бул препараттардын молекулярдык түзүлүшүндө баңгизат бар экени аныкталып жатат. Эң кейиштүүсү, ушул препараттарды өспүрүм балдар дарыканалардан эч тоскоолдуксуз сатып алып колдонгон учурлар көбөйдү. Биз негизги 14 препаратты өзүнчө бөлүп алып, рецепт менен сатыла турган дарылардын тизмесине киргизип берүүнү өтүнүп, Дарылар жана медтехника менен камсыздоо департаментине суроо-талап жөнөттүк. Андан тышкары, жаштар арасында электрондук чылымга көз каранды болгондор кескин көбөйгөнү чоң көйгөй туудуруп жатат. Атүгүл башталгыч класстардын окуучуларынан да айкос табылып жаткандыктан, ата-энелер баланын китеп салгычын, чөнтөгүн жана уктоочу бөлмөсүн ар дайым көзөмөлгө алуудан тартынбашы керек».
Каражат керекпи же калктын ден соолугубу?
Азыркы учурда айкостун жүрбөгөн жери жок. Кошуна өлкөлөрдө да ушул эле көйгөй тарап, алардын ар бири өз жагдайына жараша каршы күрөш жүргүзүүгө өтүшкөн. Айталы, ушул жылдын 20-июнунда Казакстанда вейп, ароматизатор жана анын суюлтмаларын сатууга, таратууга, жарнамалоого бөгөт койгон мыйзам күчүнө кирди. Ага Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев апрель айында кол койгон болчу.
Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда эркектердин 50, аялдардын 30 пайызы тамеки тартат. Ал эми кээ бир аялдар менен балдар мезгил-мезгили менен тартып турушат. Башкача айтканда, болжол менен республикада жашаган адамдардын ар бир үчүнчүсү тамекиге берилип кеткен.
Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенциясына КМШнын ичинен биринчилерден болуп кирген. Ага карабай, тамекиден жабыр тарткан алдыңкы үч өлкөнүн ичинде. Анын себептеринин бири – тамеки чегүүгө каршы күрөшүү боюнча мыйзамдары тез-тез алмашып, анын аткарылышына кесепети тийип келет. Айталы, 3 жыл мурда кабыл алынган мыйзамда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынган. Бирок, ошондон көп өтпөй айрым эл өкүлдөрү кафе-ресторан, чайкана ж.б. тамактануучу жайларда тамеки тартууга кайрадан уруксат берүүнү сунушташкан. Алар тыюу салуудан тамеки чеккендер азайбай, мыйзам иштебей, кардарлар келбей кафе-ресторан тармагынын кирешеси солгундап кеткенин шылтоо келтиришкен.
Ал эми Онкология жана гематология улуттук борборунун торакалдык онкология бөлүмүнүн башчысы, профессор Мукаш Бейшенбаевдин пикири боюнча, жогорудагыдай сунуш тамеки компаниялардын кызыкчылыгын коргогон айрым саясатчылардын иши. «Кыргызстанда тамекини өндүрүп сатуу тармагынан түшкөн киреше өлкө бюджетинин болгону 0,7 пайызга жакынын түзөт. Ал эми жүрөк кан тамыр ооруларынан, дем алуу органдарынын катуу жабыркоосунан жыл сайын 17 000 адам каза болуп жатканын эмне үчүн эске алышпайт? Андан тышкары, тамеки чегүүдөн майып болуп жөлөк пул алгандарды, мамлекет жана жарандардын өздөрү дары-дармектерди сатып алууларына кеткен каражаттар асман чапчыйт. Өлкөдөгү жүрөк кан тамыр илдеттери менен жабыркагандарды дарылоого мамлекеттен жана оорулуулардан кеткен каражат биригип, жылына 17 млрд. сомду түзөөрүн кардиологдор айтып жатышат. Ал эми биздин эсептөөбүз боюнча, жылына онкологиялык ооруларды аныктоого, операция жасоо жана дарылоого 20 млрд. сом сарпталып жатат. Көрүнүп тургандай, бюджетке түшкөн кирешеге караганда келтирилген чыгымдар 50 эсе көп»,- дейт ал.
Жарандарына тамеки чегүүнү таштатууга карата ар бир өлкөнүн өз мыйзамдары, көрүлгөн иш чаралары бар. Ал эми көптөгөн мамлекеттерде тамекини жарнамалоого, коомдук жайларда чегүүгө тыйуу салынып, кутучаларга тамеки келтирген дарттардын коркунучтуу иллюстрациясы тартылат. Маалымат каражаттары никотиндин зыяндуулугу тууралуу роликтерди чыгарып таратат ж.б. Ал эми 2000-жылдардын башында Англияда чоң адамдардын арасында тамеки чеккендер 75 пайызга жеткен. Бул улуттун генефондуна катуу сокку уруучу чоң көйгөйгө айланган. Ал жылы Англия өкмөтү тамекиге каршы жазалоочу чараларды кабыл алууга мажбур болгон. Чылымга акция салыгын көтөрүп, коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алганда, калк тынымсыз митингдерди уюштуруп, каршылык акцияларын өткөрүп турушкан болчу. Ошол учурда алардын бийлик элитасында элдин ден соолугун эмес, тамеки компанияларын колдогон мафия күчтүү болгон. Ошого карабай, бул өлкө 20 жылдын ичинде тамеки чеккендердин санын 30 пайызга кыскартууга саясий эрки жетти. Бүгүнкү күндө алар 2030-2035-жылдарга карата тамекиден биротоло тазаруу боюнча дымактуу программаларды кабыл алып, калкынын генефондун сактоого чоң салым кошуп жатышкан чагы.
Артыкчылык берилгенден майнап чыккан эмес
Кадимки тамеки менен айкостун зыяндуулугу бирдей. Адистердин айтымында, алтүгүл айкос андан да кесепеттүү экени байкалган. Тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүндө никотин бар. Ал эми өпкө аркылуу дем алган учурда электрондук чылымдын буусу никотин менен 6 секундда мээнин артериялык кан айлануусуна барат. Кардиология жана терапия улуттук борборунун пульмонологу А.Акылбеков: «Мисалы, сасык тумоого, өпкөгө суук тийүү ооруларына ингаляциялоо колдонулат. Аны менен өпкөнү сакайтуу үчүн аппараттагы дарыны ысытып, буулануусун көбөйтүү керек. Ысытылган тамекини колдонуу деле ушунун өзү. Аны тартканда өпкө аркылуу уулуу заттар да ичкери сиңип турат. Жөнөкөй тамекиге салыштырмалуу ысытылган тамекинин онкологиялык оорулардын пайда болуусун тездетчү зыяндуулугу арбын. Мындан тышкары, ысытылган нерселер өпкөнүн былжыр челин жабыркатат. Тамекилердин курамында ден соолукту талкалай турган никотин менен кошо оор металлдар болуп, 4000-7000ге чейин зыяндуу заттар бар. Тамекинин ар бир соруму өпкөнү күйгүзүп турат. Айкостун зыяндуулугу аз деп коомчулуктуу адаштыруу туура эмес. Мындай пикирди тамеки бизнесинин кылмыштуу маркетинг системасы чыгарып жатат», -дейт.
Өткөн жылы айрым эл өкүлдөрү: «Тамекиге караганда айкостун зыяндуулугу аз. Тамеки чеккендер айкоско өтүшсө ден соолугу көп жабыркабайт», — деген демилге көтөрүшүп, тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Ошол мыйзамдын негизинде айкоско карата акциз салыгы эки эсеге кыскартылган. Андан бери бир жыл өттү. Бюджетке 230 млн. сом түшпөй калды. Улуу муундагы тамеки чеккен жарандар айкоско жапырт өтүшкөн жок. Эң жаман жери, аны жашыруун чеккен окуучулар көбөйдү. Мурда жогорку класстардын окуучуларынын арасында айкос чеккендер арбын болсо, азыркы күндө 5-6-класстардын окуучулары электрондук чылымды бири-бирине белек кылып берип жаткан фактылар көбөйгөн.
Тамеки тартууга каршы мыйзамдарды катуулатып, анын турмушка ашуусун көзөмөлгө алып, тездетүү зарыл. Анткени, аракеттеги мыйзамда айрым алешемдиктер орун алган. Мисалы, мыйзамдын аткарылышын кайсы мамлекеттик орган көзөмөлдөп, айып пулду кимиси салышы керек экени көрсөтүлбөй, механизмдери да так жазылбай калган. Анын үстүнө, мыйзам кабыл алынганда «тамеки» деген гана сөз жазылып, насвай, электрондук чылым тууралуу колдонуучу чаралар каралган эмес.