19.1 C
Бишкек
Вторник, 2 июля, 2024
ДомойАналитика“Эки бештик майрамы” – адилеттүүлүккө, ынтымакка жана мекенди сүйүүгө арналган майрам 

“Эки бештик майрамы” – адилеттүүлүккө, ынтымакка жана мекенди сүйүүгө арналган майрам 

Кытай элинин тарыхы узун, маданияты бай болгондугу үчун улуттук майрамдарынын дагы башаты тээ байыркы кылымдарга барып такалат. Башка элдерде улуттук майрамдар болсо дагы, кытай элиндегидей кылымдарды багынтып, өз маанисин сактап келген майрамдар кол менен саналат. Коңшу элдин ушундай салтка айланган улуу майрамдарынын бири бул – Дуань-у цзе майрамы.

Бул майрам күнү кытай эли үчүн эс алуу күндөрү болуп, алыста жүргөндөр үй – бүлөсүнө барып, чогулуп майрамдашат. Элди Ата Мекенди сүйүүгө чакырып, адилеттик менен акыйкаттыктын белгиси болгон бул күн, азыркы мезгилде дагы өзүнүн баалуулугун жоготпой, муундан –муунга өтүп сакталып келет.

Быйыл 2024-жылы бул майрам 8-10-июнь күндөрүнө туура келди. Дал ушул күндөрү кытай эли салтка айланган – Дуань-у цзе кош майрамын белгилеп, үч күндүк эс алууда болду.

Цюй Юань – коомдун жана жан дүйнөнүн тазалыгы үчүн күрөшкөн улуу акын 

Дуань-у цзе майрамын кытай элинде “Ажыдаар кайыктары” деп да атап келишет. Бул майрам кытай элинин байыркы майрамдарынын бири болуп эсептелет. Болжол менен майрамдын тарыхы 2000 жылды ичине камтыйт. Аны ай жылнаамасы боюнча бешинчи айдын, бешинчи күнүндө майрамдашат. Ошол себептен “Эки бештик” майрамы деген ысымды дагы ташыйт. Салтка айланган ажыдаар кайыктарынын жарышы менен, бул майрам батыш өлкөлөрүнө дагы белгилүү. Ар жыл сайын ар башка күндөргө туура келет. Быйыл бул күн 9-июнга туура келди.

Эл арасында бул майрамдын келип чыгышы тууралуу бир канча уламыш кептер бар. Алардын арасынан эң белгилүүсү бул – байыркы кытай патриот акыны Цюй Юаньга байланыштуу. Цюй Юань өз доорунун белгилүү акыны болуу менен бирге жашаган аймагында жогорку даражалуу төрө болуп келген. Элинин чыныгы уулу болуп, аймакта министрдин ордун аткарган Цюй Юань ар дайым Чу аймагындагы адилеттүүлүк үчүн күрөшүп, карапайым элдин акысын жеп байыган аткаминерлерге каршы чыгып, коррупционерлерди жоюуга болгон күчүн жумшаган. Ал бийлик башындагыларды реформа жүргүзүүгө үгүттөп, аларга күчтүү аймакты куруу үчүн кеңештерин берип, акыл – насаатын айтып келген.

Бирок, ортодогу чагымчылардын айынан бийлик жетекчилери акынга ишенбөөчүлүк көрсөтүп, аны алыска сүргүнгө айдап жиберишет. Цюй Юань биринчи жолу өзүнүн эмгектеринде Ата Мекенге болгон сүйүүсүн ушунчалык терең билдирүү менен, кайдыгерликке, адилетсиздикке курчалган адамдын жан дүйнөсун таасын сүрөттөп, элге жеткиликтүү түшүндүрүп бере алган.

Сүргүндө жүргөндө ал көпчүлүккө белгилүү “Лисао”, “Цзюге”, “Тяньвэнь”, “Хуайша” ж.б. чыгармаларын жараткан. Б.з.ч. 278 – жылы Цинь башкаруу аймагынын аскерлери Чу жергесинин борборун басып алышкан. Алыста журсө да өз мекенинин мындай абалда калышын көтөрө албаган акын, ай жылнаамасы боюнча бешинчи айдын бешинчи күнүндө Милоцзян суусуна (азыркы Хубей провинциясын кесип өткөн суу) боюн таштаган. Ошентип кайтыш болгон.

Мындай кайгылуу кабарды уккан Чу эли Цюй Юаньдын кайыктар менен суудан сөөгүн издөөгө чыгышат. Чыныгы патриот уулун жоготуу эли үчүн чоң кайгыны алып келет.

Цюй Юаньдын сөөгүн балыктар жеп кетпесин деп, элдер дарыяга камышка оролгон, сууга бышкан күрүчтү салышкан. Ошол мезгилден бери бул майрамдын башкы белгиси, башкы даамы тоголок формасындагы камышка орологон күрүч (тамактын кытайча аталышы – цзунцзы).

Элдердин айтуусу боюнча акындын арбагы досторунун түшүнө кирип, суу ажыдаарын коркутуу, кубалоо үчүн үч бурчтук формасындагы жибек баштыкчасына салынган күрүчтү берүүлөрүн өтүнгөн. Ушул окуядан кийин бул ырым – жырым, майрам күнү жин – шайтандарды кубалоо күнү катары дагы белгилүү.

Майрамдын башкы белгилери: “ажыдаарлар жарышы” жана “камышка оролгон күрүч” 

Кытай эли ар жыл сайын бешинчи айдын бешинчи күнүндө Цюй Юаньды эскерүү күнү катары майрамдап келишет. Башында бул күн, жөн гана кайыктарга түшүп эс алуу менен коштолсо, убакыттын өтүшү менен майрам “Ажыдаарлар жарышы” аталышына ээ болгон. Себеби, кайыктардын башына же болбосо тулку боюна ажыдаардын келбетин түшүрүү менен бирге, суу үстүндө жарыштарды уюштуруша башташкан.

“Ажыдаарлар жарышы” майрамдын башкы салтына айланган. Баш аягына чейин ажыдаардын элеси берилген кайыктардын ичине бир канча адам отуруп, калактарды бир учурда шилтеп жарыш башталат. Адамдардын саны ар канча болушу мүмкүн. Орто эсеп менен 20 кишиге чейин жарышка катышуу укугуна ээ. Бул жөн гана жарыш эмес, өзүнчө бир масштабдуу иш — чара десек да болот. Алыстан көз салган адамга кайыктан чыккан добулбастардын үндөрү, суу үстүндө учуп бара жаткан ажыдаардын кыймылына дал келип, өзгөчө сезим калтырат.

Жин – шайтандан коргогон билерик (подзаголовок)

Жалпысынан бул майрам жай мезгили менен бирге ысыган абанын, үп аптаптын кирип келишин билдирет. Ошол себептен көптөгөн кытай үй – бүлөлөрү бул күнү дарбаза – эшикке ар кандай курт – кумурскаларды кубалаган чөп – өсүмдүктөрдү илишет. Улуу адамдар кичинекей балдарга жыттуу чөптөр толтурулган жибек баштыкчаларды тартуулашат.

Мындан сырткары бул күнү колго беш ар түрдүү жипти өрүп, билерик кылып колго тагуу салтка айланган. Себеби, ушундай жол менен адам өзүн жин – шайтандардан коргоп, ийгиликти чакыра алат деген ишеним бар. Бул билерикти майрамдан кийин биринчи жааган жаанда сыртка ыргытып жиберүү керек.

Элдик майрам 

2006 – жылдын 20 – майынан баштап Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин чечими менен Дуань-у майрамы Кытай мамлекетинин материалдык эмес маданият мурасына киргизилген. 2008 – жылдан баштап бул майрам Кытай Эл Республикасынын мыйзамынын чегинде эс алуу күнү катары белгилене баштаган.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии