21.1 C
Бишкек
Воскресенье, 7 июля, 2024
ДомойБИШКЕКДАРТКА ДАБА, ИЛДЕТКЕ ЭМ БОЛГОН КЫТАЙ-КЫРГЫЗ ДОСТУГУ

ДАРТКА ДАБА, ИЛДЕТКЕ ЭМ БОЛГОН КЫТАЙ-КЫРГЫЗ ДОСТУГУ

26-апрель күнү Кытай Эл Республикасында жүрөгүнө операция жасалган 10 бала Кыргызстанга кайтып келди. Мындай жакшы саамалык “Эне-балага тирек” кайрымдуулук фонду менен Хэнань Сионке ооруканасынын кызматташуусунун алкагында ишке ашты.

КУБАНГАН АТА-ЭНЕЛЕР 

Бегимай Кутуева алыскы Баткен районундагы Кыштут айылынын тургуну. Мындан төрт ай мурда кыздуу болуп, төрөгөндөн эки күндөн кийин чүрпөсү тубаса жүрөк кемтиги менен жарыкка келгенин билген. Айтымында кызынын буту эки күндөн кийин эле шишип кеткен. Дарыгерлер дароо аталган диагнозду коюп, Ош шаарына жиберишкен. Ал жактан борбордогу ак халатчандарга кайрылууну сунушташкан. Бирок, жаңы төрөлгөн балага жол жүргөндө суук тийбесин деп, Бишкекке келишкен эмес. Дарыгерлер менен онлайн байланышта болуп турушкан.

“Ошол маалда Кытайдан дарыгерлер келгенин уктук. Алар кызымды текшерип, операция кылуу керек экендигин айтышты. Ошентип, кызыма үч ай болгондо чет өлкөгө жөнөп кеттик. Азыр баары жакшы. Операция аябай татаал дешкен. Ага карабай бардык кыйынчылыктар артта калды. Азыр эмне деп ырахмат айтышты билбей турам. Кызымдын илдеттен сакайып кетүүсүнө себепчи болгондордун бардыгына ыраазымын”,-деди көзүнө жаш алган эне.

Ушундай эле оор операцияны башынан өткөргөн эки жаштагы Нурелдин чоң апасы Шарапат Айдарова, аэропорттун күтүү залына биринчилерден болуп кирип келген, небереси менен келинин төбөсү көккө жетип, көзүнө жаш алып тосуп алды. Эненин кубанычында чек жок. Небереси илдеттен кутулганына сүйүнүп турат.

“Биз Жалал-Абаддын Ноокен районунан болобуз. Неберем төрөлгөндө эле, тубаса жүрөк кемтиги бар экенин билгенбиз. Эки жылга жакын убакыт өзүбүздүн дарыгерлердин көзөмөлүндө болдук. 15-апрелде Нурел эки жашка толду. Туулган күнүн Кытайда ооруканадан тосуп келди. Неберем мындан ары балдар менен тең жарышып, чуркап ойногонун элестетип, аябай  сүйүнүп атам”,-дейт Шарапат Айдарова.

“Манас” аэропортунун жогорку даражадагы конокторду тоскон залы, бул күнү кубанычка бөлөнүп турду.

ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДОСУТУГУ ЭЛГЕ ПАЙДА 

Тубаса жүрөк кемтиги бар балдар, аларды коштогон жакындары жана дарыгерлер, хирургдар тобу ушул жылдын март айынын башында Кытайга кетишкен. Алар бир ай ичинде операция жана кайра калыбына келүү процедураларынан өтүштү.

Балдарды “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь, “Эне-балага тирек” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, тууган-туушкандары жана достору тосуп алышты.

“Бүгүн биз Чжэнчжоу шаарында жүрөк оорусунан ийгиликтүү дарыланып, мекенине кайтып жаткан кичинекей баатырларыбызды жылуу тосуп алуудабыз. Балдардын жүрөк оорусунан керемет жол менен куткарылышы, Кыргызстан менен Кытай ортосундагы достук жана коңшулук мамиленин дагы бир барагы болуп саналат. Бүгүн баарыбыз кубанычтабыз”,-деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

Ал мындай жакшы саамалык биринчи айым Айгүл Жапарованын “Эне-балага тирек” фонду жана Кытай элчилиги менен Хэнань провинциясынын элдик өкмөтүнүн ортосундагы үч тараптуу кызматташуунун алкагында ишке ашканын белгиледи.

“Өлкө жетекчилигинин, Министрлер Кабинетинин жана жалпы элибиздин атынан Кытай Эл Республикасынын жетекчилигине жана элине чын жүрөктөн ырахматымды жана терең ыраазычылыгымды билдиргим келет”, — деди.

Эдил Байсалов 2023-жылы Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан түзүлгөн эки өлкө ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлин белгиледи.

“Кытай өлкөсү салттуу стратегиялык өнөктөшүбүз. Кыргызстандын эли жардамга жана колдоого муктаж болгондо биз кайрылган үч өлкөнүн бири. Биз аларга ар дайым таяна алабыз”, — деди Байсалов.

АЛГАЧКЫСЫ ЖАНА АКЫРКЫСЫ ЭМЕС 

Учактан түшкөн балдарды белек менен тосуп алган Кытай Элчиси Ду Дэвэнь мындай саамалык эки өлкө ортосундагы бекем достуктун үлгүсү экенин билдирди. Учурда мамлекеттер аралык мамиле тарыхый жогорку чекке жеткенин кошумчалады.

“Кытай тарап Кыргызстан менен биргелешип, “Бир алкак — бир жол” демилгесин ишке ашыруда, эки тарапка бирдей пайдалуу болгон кызматташтыкты орнотууга дайым кызыкдар. Биздин өлкөлөр бардык тармакта жогорку деңгээлдеги кызматташууну орното алды. Анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү сыяктуу гуманитардык байланыштар чыңалууда”, — деди элчи айым.

Ал операцияга кеткен бардык чыгымды коңшу мамлекет моюнуна алганын айтты. Анын ичинде операция акысы, дары-дармек, тамак-аш, жатакана, барган келгенге кеткен каражат бар.

Ду Дэвэнь эки өлкө ортосунда саламаттык сактоо багытындагы динамикалуу кызматташуу буга чейин да болуп келгенин, мындан кийин да улана турганын кошумчалады. Былтыр болсо, Кытайдан келген дарыгерлер 600 кыргызстандыктын көзүнө катарактасынан арылтуу үчүн бекер операция жасап кетишкенин билдирди.

“Экспресс ден соолук” долбоорунун алкагында Кытайлык офтальмологдор Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда жана Ош шаарындагы облустук ооруканада иштеп, 600дөн ашык кыргызстандыктын көзүнө операция кылышты. Алар өзүлөрү менен бирге  дартты аныктоо үчүн зарыл болгон заманбап жабдууларды да ала келишип, кийин аларды белекке тапшырып кетишти”,-деди элчи айым.

Ду Дэвэнь мамлекеттер ортосундагы мамилени мындан да жакшыртуу боюнча колдон келген бар мүмкүнчүлүгүн колдоно турганын айтты. Эки өлкөнүн лидерлери койгон тапшырмаларды аткаруунун алкагында алдыда мындан башка да масштабдуу долбоорлор бар экенин билдирди.

Автор: Амантур ШЕРГАЗИЕВ

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии