Түштүк Кыргызстан Цемент (ЮКЦ) заводу Кызыл-Кыя шаарынын Жин-Жиген айылынын тургундарына автобус белекке берди. Техниканы тапшыруу аземине Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асилбек Маткалыков, Түштүк Кыргызстан Цемент заводунун директору Лин Вей жана Жин-Жиген айылынын тургундары катышты.
Жергиликтүү тургундардын айтымында автобус айылдыктар үчүн абдан зарыл болчу.
“Биздин айыл шаардын борборунан алыс жайгышкан. Балдарыбыз мектепке, бала бакчага келишет. Өзүбүз деле күн сайын шаарга келип кетебиз. Андыктан транспорт көйгөйү көптөн бери түйшөлтүп келген”,-дейт Жин-Жиген айылынын тургуну Төлөн Узакбаев.
Мындан улам, жергиликтүү тургундар айылдын транспорт көйгөйүн чечип берүү үчүн Түштүк Кыргызстан Цемент заводуна кайрылышкан. Ишкана тез убакыттын ичинде айылдыктардын өтүнүчүн канааттандырган.
“Завод зарыл учурда дайыма жардам колун сунат. Бул жолу да сунушубузду четке какпай, Жин-Жиген айылынын негизги маселесин чечип берди. Шаардыктардын атынан терең ыраазычылук билдирем”,-деди Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асилбек Маткалыков.
“ЮКЦ” цемент заводу жергиликтүү бийлик менен болгон тыгыз кызматташуусун мындан ары да улантат. Ишкананын директору Лин Вейдин билдиришинче бул саамалык жергиликтүү калкка көрсөтүлгөн жардамдардын чети гана.
“Биздин ишкана жакынкы айылдарга бала бакча, стадион куруу, цемент берүү жана муктаж адамдарга көмөк көрсөтүүдө дайыма активдүү. Канчалык алдыга жылган сайын, элге да көңүл буруу биздин ишибиздин негизги принциби”,-деди директор Лин Вей.
Белгилей кетсек, атлган завод иштеп баштагандан бери Кыргызстандагы ири цемент өндүрүүчүлөрдүн бирине айланды. Ишкана 2019-жылы Кытайдын жүз жылдык тарыхы бар Huaxin корпорациясы менен бириккен. Андан бери жогорку технологиялуу өндүрүштү ишке салып, сапатты жакшыртты. Казынага төккөн салык, социалдык төлөмдөр өстү.