21.1 C
Бишкек
Воскресенье, 7 июля, 2024
ДомойАналитикаКытай грантынын эсебинен курулган Ак-Өлөң каналы пайдаланууга берилди

Кытай грантынын эсебинен курулган Ак-Өлөң каналы пайдаланууга берилди

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда оңдоп-түзөөдөн кийин Ак-Кырчоо каналы пайдаланууга берилди. Аталган канал Кытайдын гранттык каражатынын эсебинен толук калыбына келтирилди. Курулма секундасына 7 метр куб суу өткөрүүгө ылайыкталган. Узундугу 17 чакырымдан ашат. Райондогу эки айыл өкмөттүн үч миң гектардан ашык айдоо аянты суу менен камсыз болду.

ЭСТИ ООДАРГАН ЭСКИ КАНАЛ

Балыкчы шаарынан бир аз ыраакта, Таш-Сарай аймагында жайгашкан Ак-Кырчоо каналы Орто-Токой суу сактагычынан келген сууну бөлүштүрүп, Тоң районунун айыл өкмөттөрүнө суу жеткирет. Бул жерге канал куруу демилгеси Союз маалында эле көтөрүлүп, аягына чыкпай калган. Ошондон бери дыйкандар менен суу чарба адистери суу көйгөйүн көп тартты.

Тоң райондук Суу чарба башкармалыгынын башкы инженери Кубат Сабаевдин айтымында эски курулма менен суу бөлүштүрүү өзүнчө машакат жумуш болчу. Суу тартыш мезгилде, анын нугун буруп, бөлүштүрүү үчүн оор техниканы да колдонушчу.

“Суу азайган учурда ала алчу эмеспиз. Мүшөктөп кум менен тосуп, же болбосо эксковатор менен казып, суунун нугун бурчубуз. Бургандан кийин дагы сууну бөлүштүргөн курулманын өткөрүмдүүлүгү 3 куб эле болчу. Орто-Токойдогу суу азайган маалда болсо, секундасына 1200-2000 литрдин айланасындагы эле сууну алчубуз. Каналдын да эни кичинекей эле. Суу көп келгенде бетон тосмолор кулап калып, тургуза албай кыйналган күндөрүбүз болду”,- дейт Тоң райондук Суу чарба башкармалыгынын башкы инженери.

Анын айтымында Тоң районундагы айдоо аянттары таштак болгондуктан сууну көп талап кылат. Ага жараша жаңы курулма аймактын негизги көйгөйүн чечти.

“Азыр Орто-Токойдон чыккан сууну бөлүшүрүү үчүн жаңы дамба курулду. Суу азбы, көппү ага карабастан керектүү көлөмдү алууга шарт түзүлдү. Андан тышкары сыйымдуулугу жогору болгон жаңы канал салынып, мурда өздөштүрүлбөй жаткан айдоо аянттарына суу жетти”,-дейт Кубат Сабаев.

Жаңы канал секундасына 7 метр куб суу өткөрүүгө ылайыкталган. Узундугу 17 чакырымдан ашат. Андан тышкары ички чарба аралык каналдар бар, аларды кошкондо 30 чакырымга жетет. Ошентип райондогу эки айыл өкмөттүн үч миң гектардан ашык айдоо аянты суу менен камсыз болду.

ДОСТУКТУН ҮЛГҮСҮН КӨРСӨТКӨН ДОЛБООРЛОР

Ак-Кырчоо каналы Кытай өкмөтү берген гранттык каражаттын эсебинен реконструкция болду. Курулуш жумуштары эң кыйын учурга, 2019-2021-жылдагы пандемия күчөгөн маалга туш келди. Ага карабай долбоор токтоп калбастан аягына чыкты.

Кытай өкмөтү 2017-жылы гранттык негизде Кыргызстандын ирригация тармагын жакшыртуу үчүн 32 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат берген. Аталган суммага республиканын төрт облусунда: Ысык-Көл, Талас, Баткен, Чүй аймагында баары болуп, 6 ирригациялык обьект калыбына келтирилмек.

Алар пайдаланууга берилгенден кийин 5 миң гектар жаңы сугат жерлери пайда болот. Ошондой эле 22 миң  гектар аянтта суу менен камсыздоо жогорулайт. Жалпысынан долбоорду ишке ашыруу менен республика боюнча 40 миңден ашык жергиликтүү калк үчүн жумуш орундары түзүлөт.

“Бул долбоорду ишке ашыруу-кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээлде экендигинин көрсөткүчү. Кытай өкмөтү коңшу кыргыз мамлекетине кургакчылык менен күрөшүү жана азык түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн көмөктөшүүнү улантат. Курулуш жумуштары пандемияга карабай жүргүзүлдү. Кытайдан келген адистерге күжүрмөн эмгеги үчүн ыраазычылык билдирем. Ал эми кыргыз өкмөтүнө жана жергиликтүү калкка ар тараптуу колдоосу үчүн рахмат”,-деди Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь.

Элчи айым, кытай тарап эки мамлекет башчылары жетишкен маанилүү келишимдерди турмушка ашыруу үчүн кыргыз тарап менен иштешүүгө ар дайым даяр экендигин билдирди. “Бир алкак, бир жол” демилгесин биргелешип ишке ашырууда кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү негизги максат экендигин белгиледи.

БИР УЧУРДА ҮЧ ДОЛБООР АЯКТАДЫ

Кытай грантынын эсебинен аткарылып жаткан ирригацияны жакшыртуу долбоорлору эки фаза менен ишке ашууда. Биринчи фазанын жыйынтыгы менен үч обьектиде жумуштар аяктады. Алар Ак-Кырчоо, Кара-Ой жана Баткендеги Р-4 каналы.

“Андан тышкары Чүй облусунда Спартак каналы жана Талас облусунда 2 обьект бар. Алардын бирөөндө курулуш былтыр аяктаган, бирөөсү быйыл бүтөт. Биринчи фазанын алкагында реконструкция болгон 3 обьектке 99 млн юань сарпталды, калган 3 обьектке 115 млн юань жумшалат”, — деди Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев.

Анын билдиришинче мындан башка да ирригация багытында Кытай өкмөтү колдоо көрсөтүп жаткан долбоорлор бар. Маселен, 304 млн юанга 560 ар кыл багыттагы техника алуу мерчемделүүдө. Андан тышкары эки суу сактагычтын курулушун кытай тарап карап жатканын маалымдады.

Ак-Кырчоо каналынын ачылышына катышкан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, каналдын башкы суу бөлүштүрүүчү курулмасынын жанындагы такта эстеликти көрүп, ондогон жылдардан кийин да кыргыз эли кытай элинин бул жардамы үчүн ыраазычылык билдире турганын айтты. Ал достуктун үлгүсүн көрсөткөн шериктеш өлкөгө ыраазычылык билдирди. Элчи Ду Дэвэнь менен биргеликте аталган тактаны ачты.

Автор: Амантур ШЕРГАЗИЕВ

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии