Кытай тили – өнүгүүгө жол ачат
Бишкек шаарындагы №31 мектеп-гимназияда кытай Жаңы жылы же жаз майрамына арналган иш чара өттү. Ага Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев, мектеп жамааты жана окуучулар катышты.
“Кытай абдан өнүккөн өлкө! Келечекте Пекиндин Цинхуа университетине тапшырып, мыкты дарыгер болгум келет”,-дейт борбордогу №31 мектеп-гимназиянын 8-классынын окуучусу Сафиана. Аталган билим уясында Конфуцийдин тилин үйрөнүп жаткан ар бир окуучу аны мыкты өздөштүрүүнүн аркасында кең келечек күтүп турганына ишенет. Анткени, чыгыштагы байыркы өлкө, бүгүн илим менен техниканын борборуна айлангандыгынан алар да кабардар. Ушундан улам мектептен кытай тилин өздөштүрүп, келечекте коңшу өлкөгө барып кесип үйрөнүүнү максат кылган окуучулар арбын. Ал эми мектеп жетекчилиги болсо, балдардын кызыгуусун канааттандырып, алардын сапатуу билим алуусуна бардык шартты түзүп берген. Кытай тили бир көргөндө үйрөнүүгө татаалдай сезилгени менен аны мыкты өздөштүргөн окуучулар арбын. Тилди эле эмес чыгыш маданиятын, философиясын кошо үйрөнүп, керек болсо кытай поэзиясына ышкыбоз болгон жеткинчектер да бар.
Маселен, борбордогу №31 мектеп-гимназияда кытай Жаңы жылы же жаз майрамына арналган иш чара жыл сайын уюштурулат. Негизги максат тил үйрөнүп жаткан окуучуларга кытай маданиятын да жакындан таанытуу. Быйылкы майрамды жылдагысынан өзгөчөлөнтүп, иш чарага Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь, аны менен бирге Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев да келди.
Майрамды утурлай окуучулар жана мектеп жамааты жогорку деңгээлде даярдык көргөн. Кире беришке кытай Жаңы жылынын символу болгон кызыл асма шамдар илинип, сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, окуучулардын кооздолгон иероглиф жазмалары, кол өнөрчүлүк буюмдары коюлган. Бардыгы кытай маданиятын чагылдырып турат.
Конокторго окуучулар кытай тилин кандай ыкма менен үйрөнүп жатканын көрсөткөн ачык сабак өтүлдү. Элчи айым келечек ээлери менен баарлашып, суроолорду узатып, алардын тил билүү жөндөмүн текшерип да көрдү. Анын айтымында алардын тилге болгон кызыгуусу күч. Ал эми чет тилди өздөштүрүү жөндөмү өтө жогору экенин байкаганын айтат.
Мектептин жыйындар залында чакан концерт уюштурулган. Окуучулар кытай тилинде ырдап, чыгыш өнөрүн көрсөтүштү. 11-класстын окуучусу Камила Бөрүбаева көпчүлүктү таң калтырып, кытайча рэп окуду. Айтканга оңой болгону менен, заманбап музыканын бул жанры өтө татаал. Айрыкча аны кытай тилинде айтуу оңой-олтоң иш эмес. Окуучунун ар бир сөздү так, таамай жеткиргени Элчини бир чети суктандырса, бир чети таң калтырды.
Элчи Ду Дэвэнь жаз майрамын куттуктап, мектепке кур кол келген эмес. Кытай Жаңы жылынын урматына окуучуларга ала келген белектерин тапшырды. Белектен да баалуу болгон элчинин кеп-кеңеши, жол көрсөткөн каалоо тилеги окуучулардын кытай тили жана кытай маданиятына болгон кызыгуусун ого бетер көтөрдү.
Ал мектепте окуучуларга кытай тилин үйрөтүү заман талабын эске алган прогрессивдүү чечим болгонун айтты. Конфуцийдин тили келечекте жаш муун үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири эшигин ачат. Чыгыштагы бул мамлекет бүгүн экономикалык жактан тез өнүгүп, дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин катарына киргенин белгилеп, анын таасири тил билген жаштар аркылуу Кыргызстанга да тие турганын кошумчалады.
“Кытай тили бирге өнүгүүгө көпүрө жана негиз болот. Эгерде бул тилди мыкты билсеңер атаандаштыкка туруктуу жана бир кадам алдыда болосуңар”,-деди Элчи айым.
Эки өлкө ортосундагы мамилеге келсек, сандар тарыхый чекке жетти. Элчинин айтымында былтыр ортодогу соода алмашуу 19 млрд 800 млн АКШ долларынан ашты. Бул тарыхый максимум! Алдыда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоору ишке ашса, бул көрсөткүч мындан да эселеп көбөйөт. Кытай Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү жана ири инвестиция салган эки мамлекеттин бири.
“Кытай тилин мыкты өздөштүрүп, кыялыңарды ишке ашыргыла. Өнүккөн эки мамлекеттин ортосундагы данакер, көпүрө болгула. Кытай жакынкы коңшу жана стратегиялык өнөктөш катары бардык тармакта колдоо көрсөтүүгө даяр”,-деди Ду Дэвэнь.
Учурда коңшу Кытай мамлекети менен жалгыз эле соода алака эмес, маданий-гуманитардык, билим берүү, саламаттык сактоо багытындагы кызматташуу да динамикалуу өнүгүп жатат. Бул өлкө жыл сайын Кытайдын алдыңкы жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн кыргыз жаштарына акысыз орундарды бөлүп берет. Жакында эле өлкөлөрдүн баш калаасында эки мамлекеттин маданий борборлору ачылды. Былтыр Кытайдан келген дарыгерлер кыргызстандык алты жүздөн ашык бейтаптын көзүнө акысыз операция кылып беришти. Мындай мисалдар арбын.
Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачеванын биздин басылмага билдиришинче, борбор шаарда бир нече мектепте кытай тили окутулат. Ал айрымдарында ийрим катары иштесе, кээ биринде кадимки сабак катары киргизилген. Мектептер Конфуций институту менен кызматташып, тилди мыкты билген мугалимдерди тартышат. Анын аркасында окуучулар атайын сынактарды тапшырып, кытай тилин жогорку деңгээлде өздөштүргөндөрү коңшу өлкөнүн алдыңкы окуу жайларына гранттык негизде өтүшөт.
Автор: Амантур ШЕРГАЗИЕВ