11.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитикаӨзгөргөн дүйнө, өнүккөн шанхай кызматташтыгы

Өзгөргөн дүйнө, өнүккөн шанхай кызматташтыгы

26-октябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны өттү. Иш-чарага Беларусь, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Монголия, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан премьер-министрлери катышты. Ал эми Түркмөнстандан вице-премьери, Индия менен Пакистандан тышкы иштер министрлери келген.

КУЛАЧЫН ЖАЙГАН “ШАНХАЙ ДЕМИ”

Шанхай Кызматташтык Уюму бүгүнкү күндө коопсуздук, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жаатында пикир алмашуу жана өз ара механизмдерди иштеп чыгуу үчүн уникалдуу эл аралык бирикме катары калыптанды.  Бүгүнкү күндө уюм дүйнөнүн динамикалуу өнүгүп жаткан аймагы. Ага мүчө өлкөлөрдүн жалпы калкынын саны 3,3 миллиарддан ашуун адамды түзөт, бул дүйнө элинин 42%дан ашыгын камтыйт. Сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча ИДП 45 трлн доллардан ашат.

Бир кезде алты мамлекет негиздеген уюм бүгүн кулачын кенен жайды. Азыр толук кандуу мүчөлөрдүн саны тогузга жетти. Байкоочу, диалог боюнча өнөктөш жана байкоочу болууга талапкер болгон жалпы жыйырмадан ашык мамлекет бар. Бишкекте өткөн Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына уюмдун мүчөсү катары биринчи жолу Иран Ислам Республикасы катышты. Буга чейин Индия, Пакистан кошулган. Учурда Беларусияга мүчө мамлекеттин статусун берүүнү мыйзамдуу каттоо аяктоо алдында турат.

КЫРГЫЗСТАН КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ ОЛУТТУУ КӨҢҮЛ БУРАТ

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны Кыргызстандын төрагалыгы алдында өттү. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өкмөт башчыларын тосуп алып, отурум башталардын алдында дипломатиялык салт боюнча чогуу сүрөткө түшүштү.

Кыргызстан ШКУнун алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурат, мүчө мамлекеттер менен өз ара пайдалуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө умтулат жана соода-экономикалык байланышты жакшыртууга багытталган бардык демилгелерди кубаттайт. Бул тууралуу Акылбек Жапаров чогулушту баштап жатып сүйлөгөн сөзүндө билдирди.  Ал  2022-жылы ШКУ өлкөлөрүнүн үлүшүнө Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүсүнүн 79% туура келгенин айтты. Мында 2021-жылга салыштырмалуу ШКУ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүү 1,7 эсеге өскөн. Андан тышкары, бул жылы туруктуу өсүш уланууда. Алсак, 2023-жылдын жети айында Кыргызстан уюмдун өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 8,6% көбөйгөн. 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга инвестициянын жалпы агымынын 55% ШКУ өлкөлөрүнөн келген.

ШКУ: УЮМДУН ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫ ТҮЗҮЛӨТ

Уюмдун өнүктүрүү банкын жана ШКУнун өнүктүрүү фондун түзүү маселеси көптөн бери талкууланып келет. Тилекке каршы, ишке аша элек. Бул маселени Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров көтөрдү. Анын айтымында аталган каржы институттары, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана мүчө мамлекеттердин өз ара эсептешүүлөрүндө улуттук валюталардын үлүшүн мындан ары этап-этабы менен жогорулатууга түз көмөктөшмөк.

Өз кезегинде Акылбек Жапаровдун айтканын Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян да колдоого алды. Ал бул маселеде биргелешкен аракеттерди күчтөп, демилгени ишке ашыруу керектигин билдирди. Анын айтымында ШКУ өлкөлөрү аймактын экономикасын жандандыруу процессин тездетиши керек. Транспорттун коопсуз жана натыйжалуу системасын түзүү боюнча чогуу аракет кылып, соода-инвестициялык жол-жоболорду либералдаштырып, жөнөкөйлөтүү зарыл.

“АРАКЕТ КЫЛСАҢ БЕРЕКЕТ”

Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында сөз сүйлөгөн Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян дүйнөдөгү жана региондогу абалды эске алып, уюмдун ички иштерине тыштан кийлигишүү аракеттерине чечкиндүү түрдө каршылык көрсөтүү керек экенин билдирди.

«Эң алгач аймактык коопсуздукту бекемдөө маанилүү. Тышкы кийлигишүүгө жана блоктук конфронтация аракеттерине чечкиндүү түрдө каршылык көрсөтүү керек. Коопсуздукка коркунуч жараткан учурларга ШКУнун чара көрүү механизмдерин өркүндөтүү зарылчылыгы бар», — деди Ли Цян.

Кытай Премьери Бишкекке келе жатканда “Манас” эпосуна көз чаптырган көрүнөт, сүйлөгөн сөзүндө чыгарманы мисал келтирип, “аракет кылсаң берекет” боло турганын айтып, ШКУ өлкөлөрүн «шанхай демин» өнүктүрүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөнү ыкчамдатууга чакырды.

«Дүйнөдөгү жана региондогу абалды эске алуу менен биринчи кезекте аймактык коопсуздукту камсыздоо зарыл. Ошондой эле билим берүү, маданият, туризм, спорт жана башка багыттар боюнча кызматташууну тереңдетип, брендге айланган долбоорлорду уюштуруу зарылчылыгы бар», — деди Мамлекеттик кеңештин премьери.

ӨКМӨТ БАШЧЫЛАР 14 ДОКУМЕНТКЕ КОЛ КОЙДУ

Отурумга төрагалык кылган Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жыйындын жыйынтыгы менен ЖМК өкүлдөрүнө маалымат берип, жалпы 14 документке кол коюлганын белгиледи.

«Эң маанилүү жыйынтыктоочу документ катары ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин Биргелешкен коммюникеси болду, анда күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча тараптардын, ошондой эле ШКУнун алкагында көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашылган позициялары чагылдырылган. ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтыгы программасын ишке ашыруунун алкагында ШКУ катчылыгынын отчётун бекиттик жана Банктар аралык бирикмесинин жана ШКУ Ишкер кеңешинин ишмердүүлүгү жөнүндө баяндамаларды уктук», — деген Жапаров.

КЫРГЫЗСТАН: ШКУ ТЫШКЫ САЯСАТТЫН АРТЫКЧЫЛЫК БАГЫТЫ

Кыргызстан үчүн ШКУдагы кызматташуу тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров ШКУнун Өкмөт Башчылары менен болгон жолугушууда билдирди. Ал дүйнөдө болуп жаткан окуялардын фонунда ШКУ өлкөлөрү коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл буруусу зарыл экенин баса белгиледи.“Бул өлкөлөр эл аралык уюмдун жаңы жүзүн калыптандыруу менен өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүп жатат. Коопсуздук ШКУнун ишмердүүлүгүндөгү приоритеттердин бири болуп саналат”,  – деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө ШКУнун алкагындагы байланыш дээрлик бардык тармактарды, анын ичинде коопсуздук, терроризмге каршы күрөшүү, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, маданият, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жана башка көптөгөн тармактарды камтыганын айтты.

Автор: Амантур Шергазиев

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии