6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойАналитикаКытай элинен белек: өзгөчө кырдаалдар министрлигине эки талаа госпиталы берилди

Кытай элинен белек: өзгөчө кырдаалдар министрлигине эки талаа госпиталы берилди

Сүрөт редакцияга таандык

24-сентябрда Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин керектөөсү үчүн эки талаа госпиталы берилди. Иш чарага Президент Садыр Жапаров, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү, министрликтин өздүк курамы катышты. Талаа госпиталы эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы макулдашуулардын алкагында кайтарымсыз гранттык негизде тапшырылды.

ЭКИ ЛИДЕРДИН СҮЙЛӨШҮҮСҮНҮН ЖЕМИШИ

Сүрөт редакцияга таандык

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилген талаа госпиталын Кытай тарап эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы макулдашуулардын алкагында кайтарымсыз гранттык негизде өткөрүп берген. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып билдирди. Ал былтыр Ташкент шаарында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушканда Кытай өкмөтүнүн гранттык каражатынын эсебинен Кыргызстандын министрлер кабинетине көчмө оорукана берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлганын айтты. Өлкө башчысы бул саамалык эки мамлекет ортосундагы тыгыз кызматташуунун белгиси жана стратегиялык өнөктөштүктүн өрнөгү экенин белгиледи.

ТАЛАА ГОСПИТАЛЫ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДА КЫЗМАТ КЫЛАТ

Сүрөт редакцияга таандык

Мобилдик ооруканалар өзгөчө кырдаал аймактарында жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү максатын көздөйт. “China Sinopharm International” фирмасынын мобилдик бейтапканасы атайын жол тандабас автоунаалардын базасында куралып, 19 түрлүү багыттагы унаалардан турат жана ар бир унаа өзүнчө функцияны камтыйт. Апаат жана жапырт кырсык болгон жерлерге ыкчам түрдө жетет. Атайын окутулган жана машыктырылган адистердин жардамы менен оорукана кыска убакытта жайып тургузууга ылайыкталган.

Бир мобилдик госпитал күнүнө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алуу, жыйырмага чейин хирургиялык операцияларды жүргүзүүгө, 90 бейтапты жаткызып дарылоого мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле 8 орундуу интенсивдик терапия бөлмөлөрү жайгашкан. Бир госпиталды 60 адис тейлейт, 5-6 саат ичинде курулат. Медициналык жана тейлөө персонал үчүн 60 орундук өзүнчө чатырлар каралган.

КАЛК САЛАМАТТЫГЫ ҮЧҮН ЖАКШЫ ЖАРДАМ

Сүрөт редакцияга таандык

Президент Садыр Жапаров талаа ооруканаларын тапшыруу иш-чарасында бул госпиталдар айттырбай келген ар кыл апааттарда адам өмүрлөрүн сактоого көмөкчү болорун айтты.

“Дүйнө жүзүндө барган сайын табигый жана техногендик кырсыктардын саны көбөйүп, ал бүтүндөй дүйнө элин түйшөлткөн глобалдуу көйгөйгө айланууда. Асман тиреген шаарларды көз ачып-жумгуча урандыга айландырган табигый кырсыктарды да көрүп жатабыз. Адам баласы табигый кырсыктардын алдында алсыз экенин түшүндүк.

Сүрөт редакцияга таандык

Бир мамлекет эмес, бүтүндөй дүйнө эли пандемияда эмне болду? Билесиздер, коронавирус кыргыз элин кыйгап өтүп кеткен жок. Бул чоң сыноо алгач Кыргыз мамлекетинин медицинасынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин бекемдөөгө чоң коңгуроо болду десек болот!

Дегеле, табигый жана техногендик кырсыктарды алдын алууда, анын кесепеттерин жоюуда жалпы адамзат биргелешкенде гана туруштук берерин бул илдет далилдеп койду.

Андыктан, дүйнө элин кооптондурган өзгөчө кырдаалдарды эске алуу менен мындан эки жыл мурун февраль айында Саламаттыкты сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине көчмө талаа госпиталын алууга, медициналык зарылчылыкты бекемдөөгө тапшырма берилген”,- деп белгиледи Президент.

Сүрөт редакцияга таандык

Мамлекет башчысы кытай тарапка ыраазычылык билдирип, бир талаа ооруканасы Бишкек шаарына, экинчиси Ош шаарына жайгаштырыла турганын айтты.

“Бул жабдуу өзгөчө кырдаалдар чыккан аймактарда ыкчам, жеткиликтүү жана квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүгө түрткү болот. Ушул жылы 1-февралда өрт өчүрүү техникаларын тапшырып жатып: “Куткаруучулук кесипти – эл сыймыктана турган кесипке айландырам”, — деп эл алдында айткан элем. Бүгүн да ошол сөзүмдү зор ишеним менен кайталай алам. Куткаруучу – келечекте эл сыймыктанган, жаштар дилгирленген кесиптердин бири болоруна терең ишенем”, — деди Садыр Жапаров

ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ УНААЛАР, ЭМИ ТАЛАА ГОСПИТАЛЫ

Ушул жылдын февраль айында Президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 100 даана өрт өчүрүүчү заманбап техникаларды тапшырган. Аталган унаалар дагы эки өлкөнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде Кытай өлкөсүнөн грант катары келген. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь иш чарада сүйлөп жатып билдирди.

“Бир жылда экинчи жолу массалык түрдө техникаларды тапшырган иш чарага күбө болуп жатабыз. Булардын баары кытай элинен коңшу кыргыз элине белек. Стратегиялык өнөктөш өлкө катары Кытай Кыргызстандын социалдык, экономикалык өнүгүүсүнө чын дилден көмөктөшөт деп айта алам. Бул ирет берилип жаткан талаа госпиталдары өзгөчө кырдаал абалында жарандарды куткаруу, дарылоодо кызмат кылса, тынч күндөрү бийик тоолуу райондорго барып мобилдик оорукана катары иштетсек болот”,- деди элчи Ду Дэвэнь.

Белгилей кетсек, жакында эле Бишкекте Кытайдан алынган автобустарды оңдоочу борбор ачылган. Атайын иш-чарада министрлер кабинетине “Zhongtong”компьютердик томографиялык медициналык унаасы дагы тапшырылган. Министрлер кабинетнин төрагасы Акылбек Жапаров унаа ичиндеги томограф суроо-талап жогору аймактарда медициналык кызмат көрсөтүүгө жана борбордун алыскы райондорунда томографиялык изилдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берерин айткан. Ал автотомограф сыноодон өтөрүн, ийгиликтүү болсо, кыргыз тарап бул медициналык аппараттарды кошумча көлөмдө сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карай турганын айткан эле.

Автор: Амантур Шергазиев

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии