-1.9 C
Бишкек
Суббота, 23 ноября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКыргызстан менен Кытайдын парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Кытайдын парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Кытайдын Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын тышкы иштер боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары Хао Пин менен жолугушту.

Ага Жогорку Кеңештин комитет мүчөлөрү Лейла Лурова, Арсланбек Малиев, Элдар Сулайманов, Жылдыз Таалайбек кызы, ошондой эле Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Улан Примов өз сөзүндө, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелер азыркы учурда болуп көрбөгөндөй, жогорку деңгээлге жеткендигин белгиледи. «Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ынак коңшулук, достук жана өнөктөштүк, саясий өз ара ишеним тынымсыз бекемделүүдө, соода-экономикалык кызматташтык тынымсыз кеңейүүдө, «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда», — деди ал.

Улан Примов Кыргызстанда энергетика, айыл чарба жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, тоо-кен өнөр жайы, транспорт, логистика тармактарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн кошумчалады.

Өз кезегинде, Хао Пин эки өлкө ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи. «Кытай менен Кыргызстан – жакшы кошуналар жана достор, ишенимдүү өнөктөштөр жана жакын боордоштор. Биздин алдыбызда жакшы коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык рухунда жалпы стратегиялык өнөктөштүктү түзүү милдети турат», — деп белгиледи Хао Пин.

Ал билдиргендей, делегациянын сапарынын максаты мамлекет башчыларынын ортосундагы мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу болуп саналат. Ал кыргыз-кытай мамилелери мындан ары да активдүү өнүгүп, кеңейе берерине ишенимин билдирди. Төраганын орун басары ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкка көңүл буруп, өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөдө жана Кытай менен Кыргызстандын практикалык кызматташуусуна көмөктөшүүдө мыйзам чыгаруу органдарынын ролун белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар маданий-гуманитардык тармактагы өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты. «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан»темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар бул долбоор Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия регионунун экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис оң таасирин тийгизет деген ишенимин билдиришти.

Белгилей кетсек, күн мурун, 21-сентябрда Кытайдын Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын тышкы иштер боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары Хао Пин башында турган делегация расмий сапар менен Кыргызстанга келген.

Автор: Амантур Шергазиев

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии