6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕБала-Саруу ГЭСинин жабдуулары даяр

Бала-Саруу ГЭСинин жабдуулары даяр

«Учурда Вена шаарындагы “Global Hydro Energy” заводунда турабыз. Бала-Саруу ГЭСине керектуу гидротурбиналык жабдуусунун комплектине: спиралдык камерага, турбина алдындагы затворго, багытточу аппаратга, муздатуучу системасына сыноо процедураларын өткөрүүгө жана техникалык жактан көзөмөлдөөгө келгенбиз. Жабдуулардын баардыгы курулуш графигине ылайык этап менен жеткирилүүдө. Жабдуулардын сапаты биз ойлогондой болду. Муну менен биз Бала-Саруу ГЭСинин негизги жабдуулары даяр жана Кыргызстанга жонотуу алдында турабыз десек болот». Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Фейсбукта жазган.
Аталган компания Бала-Саруу ГЭСи үчүн жалпы кубаттуулугу 25 МВтты түзгөн үч гидроагрегат комплектиси менен камсыз кылат. Бала-Саруу ГЭСи коюлган план боюнча ушул жылдын сонунда ишке берилиши керек.
Эскерте кетсек, Талас облусундагы Киров суу сактагычында Бала-Саруу чакан ГЭС курулууда.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии