Улуу акындын унутулгус мурасы
Кыргыздын алп акыны Алыкул Осмоновдун өлбөс-өчпөс канаттуу поэзиясы заман тогошуп, муундар алмашса да өз күчү, руханий азык болчу касиети кемибеген бойдон арабызда жашап келет. Ал бүт өмүрүн поэзияга, дүйнөлүк классикалык чыгармаларды кыргызча которууга арнады. Акын аз, бирок саз жашады. Бүгүн биз анын чыгармачылыгы, өмүр таржымалы тууралуу азын-оолак сөз кылалы дедик.
Алыкул Осмонов 1915-жылы Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылында туулуп өскөн. Кичине кезинде ата-энесинен эрте айрылып, тоголок жетим калган. Совет өкмөтү Алыкулдай ачуу тагдыры бар балдарга кам көрүп, атайын жатак мектептерде окутуп, кат-сабатын жойдурган. Ошентип ал Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланып калат. Мына ошол жерде келечектин гениалдуу акыны адабий китептерди көп окуп, алгачкы ырларын жаза баштаган. Жаш өспүрүм 14 жашында Фрунзедеги педагогикалык окуу жайына кирип, андан билим алып, андагы адабий ийримдерге активдүү катышып, орустун классикалык чыгармаларын баш көтөрбөй окуп, адабиятка болгон чексиз кызыгуусу артат. Бирок, жетимчиликтин азабын көп тартып, ач-ток жүргөн өспүрүмдү учук оорусу тооруп алган эле. Отузунчу жылдардын башында «Сабаттуу бол» гезитине биринчи жолу «Кызыл жүк» деген ыры басылып чыгып тушоосу кесилген. Ал өзүнүн кыска өмүрүндө «Махабат» «Жаӊы ырлар», «Менин жерим – ырдын жери» «Ата журт», «Жылдыздуу жаштык», «Чолпонстан» ж.б. көптөгөн поэтикалык китептердин автору болду. Акындын ысымын поэтикалык чыгармалары гана эмес, укмуштуудай чеберчиликте кыргызчалаткан котормолору да түбөлүккө калтырды. Мисалы, орус классиктери А.Пушкиндин ыр менен жазылган «Евгений Онегин» романын, И.Крыловдун тамсилдерин, орто кылымдагы британдык улуу драматург У.Шекспирдин «Он экинчи түн», «Отелло» драмаларын, ХI-XII кылымдарда жашап өткөн грузин акыны Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатыр» поэтикалык поэмасын которгон.
Котормо жанры Алыкулдун калемин бүлөп, акын катары такшалуусуна алып келген эӊ чоӊ чыгармачылык лаборатория болгон десем жаӊылышпайм. Эсимде, биз бала чакта «Жолборс терисин кийген баатырды» жазданып жатып окучубуз. Акынга ушул котормо эбегейсиз чоӊ атак алып келген. Анда чоӊ-ата, чоӊ энелерибиз биздей болгон чыт курсак окуучуларга биликтүү чырактын алдында «Манас» эпосун же ушул чыгарманы кайра-кайра окутуп угушчу эле. Нечен кылымдарды карытып биздин күндөргө чейин жеткен грузин акынынын чыгармасы кыргыз окурмандарынын сезим-туюмдарына катуу сиӊгендиктен жаӊы төрөлгөн ымыркайларына Тариэл, Автандил, Нестан-Даражан, Тинатин деген ысымдарды көп ыйгарышчу. Алыкулдан кийин бул чыгарманы ушунчалык көркөмдүктө, поэтикалык тереӊдикте кайра которгон калемгер чыга элек.
Филология илимдеринин доктору, КРнын эл жазуучусу Советбек Байгазиев «Алыкул Осмонов кыргыз поэзиясынын чолпону» аттуу илимий-публицистикалык китебинде: «Акындын чыгармачылык тагдырына таасирин тийгизген дагы бир факторго көӊүл буруу зарыл. Кичинекейинен ата-энесинен ажырап, жетим калып, психологиялык азап тартып, арманда чоӊойгондугу, эр жеткенде айыкпас кеселге чалдыгып, өмүр бою өлүм менен үзөнгүлөш жашагандыгы, сүйгөн кызына жетпей өксүгөндүгү, өлгөндө-талганда көргөн наристесинин өлүмү, үй-бүлөлүк драмага тушугуп, аялы менен ажырашып, жалгыз калышы, ушунун баары акыры келип акынды турмушка көздү чоӊ ачып, реалистче кароого түрткөн.
Бүгүнкү күндө калыӊ окурман журту, мектеп мугалимдери, ал түгүл кээ бир адабиятчылар да Алыкул Осмоновдун «Жолборс терисин кийген баатырга» бет келип, аны которууга киришүү себебин 1938-жылы акындын жеке турмушунда болуп өткөн махабат драмасы менен тикеден-тике байланыштырып түшүнүп келишет. Мындай түшүнүккө Алыкулдун «Жазуучулук баяным» аттуу эскерүүсүндө: «1938-жылдын май айынан баштап, ушул поэманы которууга кириштим. Ушул айда мен биринчи жолу сүйгөн Айдай Жигиталиева деген кыз менен ашырашкан болчумун. Өз ичимден: «Бул күйүттү ыр менен басуу керек, өзүмдү таанытуум керек», — деп коём да баардык намысым менен иштейм», — деп жазганы себеп болгон», — дейт.
Мунун чындыгы бардыр. Анткени акын:
Сен эмнеге менден мынча кирдейсиӊ?
Оору-соо деп мени экиге иргейсиӊ.
Аалам алпы Шекспирдей күч менен
Ооруп жатып ыр жазганым билбейсиӊ.
деген саптарын Айдайга жетпей, сүйүүдөн көксөөсү суубай калганда жазган деген кеп бар.
Алыкул Фрунзедеги мамлекет берген үйүндө көзү өткөнчө жалгыз жашады. Айыкпас дарт менен күрөшүп отуруп, колунан калемин бир ирмемге да түшүргөн жок. Көрөр күнү, ичер суусу түгөнүп баратканын билген акын өзүнүн ошол кездеги абалын мындайча сүрөттөйт:
Мен өзүмдү үй сыртынан тыӊшасам,
Күрс-күрс эткен оор жөтөл угулат.
Бүткөн экен кайран өмүр, кайран жаш
Деп ошондо көӊүл чиркин бир тынат…
Улуу акындын тагдыры да, таланты да өзү кырдуу калемдештерине караганда башкача болду. Ал өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Поэзияга эч качан кыянаттык кылып, жөн салды чыгармаларды жаза берүүдөн корккон. Бир жолу ал көптөн бери түйшүк тартып жазып, басмага даярдап койгон ырлар жыйнагын өзү өрттөп салганы айтылып келет. Мындай кадамга барганы – окурмандарынын алдындагы чоӊ жоопкерчиликти сезгени болчу. Ошол жылдары Алыкул:
Мен тансам жаштан танам, ырдан танбайм,
Ыры жок өмүрүмө канаттанбайм,
Башкага миӊ мертебе калп айтсам да,
Ырыма бир мертебе калп айталбайм, — деп жазган.
Жалгыздыкты жан жолдош кылып, калемин «канжыгага байлап», алып акын ошол жылдары чыгармачыл интеллигенция өкүлдүрүнүн чандасы эле жеткен «Победа» автоунаасын айдап Ысык-Көлгө жол тартчу. Көлдүн шарпылдап жээкке урунган толкуну, ак чардактардын көлдү айланып учуп-конгону алп акынга чыгармачылык дем берчү. Ошондой бир учурда Алыкул кыргыз окурмандары оозунан түшүрбөй аликүнчө айтып келген ыры бул:
Ысык-Көл
Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкуса толкунуна теӊ ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы
Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун.
Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Жарга уруп, жаркылдаткан жаштык отун.
Турмушта канча курдаш күтсөм дагы
Бир кыял мындай курдаш күткөн жокмун.
Ысык-Көл Ата-Журттун күчүн сынап,
Өзүнчө өйдө-төмөн жүрүш кылат.
Күчү ошол, күйбөй турган суу болсо да
Көк түтүн, ала буурул түтүн чыгат.
Эл тынчып, журт кеӊиген күнгө эркелеп,
Күйөөлөп тынч өмүргө кызын берет.
Толтуруп жер сагынган уулдарын,
Көл менен көздөн учкан кеме келет.
Анткени: ар бир жандын күткөнү бар,
Ашык жар, тааныш, тууган ини-агалар.
Адамзат көзү барда көп байкабай
Жок болсо «кайран ай!» деп сагындырар.
Эл түшөт, кеме токтойт аркан салып,
Азоодой тизгин бербей албууттанып,
Бирөөлөр «абакебай», «байке» десе,
Бирөөлөр «кулунум» дейт жашы тамып.
Бах, кандай бейпил күндүн берекети!
Туулган жер түбү чалкар кеӊ эмеспи,
Ушинтип кайра жанат жакшылыкка,
Кечээки кайгы-зардын кенемтеси…
Улуу акын болгону 35 жыл жашады. Өзүнүн кыска өмүрүндө улуттук адабияттын түркүгү болчу өлбөс-өчпөс адабий мурастарын калтырып кетти. Алыкул Осмоновдун ысымы Бишкектеги Улуттук китепканага ыйгарылып, айкели орнотулган. Андан тышкары, Кыргызстандагы бир нече мектепке, 4060 метр бийиктиктеги аскалуу чокуга, Ысык-Көлдөгү бир кемеге аты берилип, кыргыздын улуттук валютасы – 200 сомго акындын сүрөтү чегерилген. Ал эми Кыргызстан улуттук жазуучулар союзу «Алыкул Осмонов» атындагы адабий сыйлыкты жана жаштар арасында жыл сайын өткөрүлчү «Алыкулдун Акбозат» поэзия майрамын уюштуруп турат. Анын көөнөрбөс чыгармалары көп өтпөй кайра басылып турчу көркөм байлыкка айланган жана ондогон чет тилдерге которулган.
Нарынкүл Назаралиева
Сүрөттөр WWW