«Жибек жолу» — кесиптештерине көпүрө»
Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында «Жибек жолу.Маданий өнүгүү» гезитине 10 жыл толот. Ушуга байланыштуу физика-математикалык илимдеринин кандидаты, политолог
Кубанычбек Табалдиев менен чакан мек курдук.
— Кубанычбек агай, сиз кыргыз-кытай медиа байланыштарын жакшыртуу боюнча бир нече жолу сунуштарыӊызды айттыӊыз эле. Ушул маселеге кеӊири токтолсоӊуз.
— Эки өлкөнүн өз ара кызматташтыгында маалымат каражаттарынын ролу абдан чоӊ. Кыргызстанда «Слова Кыргызстана», «Кыргыз Туусу», «Эркин Тоо», мамлекеттик гезиттери, «Кут билим» агартуучулук багыттагы басылмасы, «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттиги, «Вечерний Бишкек» интернет басылмасы, ошондой эле Кыргыз теле радио корпорациясы (КТРК) болуп, Кытайдын медиа тармактары «Жэньминь жибао», «Синьхуа», Кытай жаӊылыктар агенттиги ж.б. маалымат каражаттары менен материалдарды алмашуу, документалдык фильмдерди көрсөтүү, ар түрдүү журналисттик форумдарга катышып, тажрыйба алмашуу багытында кызматташып келе жатабыз.
Мисалы, 2024-жылы Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгын майрамдоонун алкагында «Кабар» менен «Синьхуа» биргелешип, кыргыз жоокерлеринин кызыл армиянын курамында жана кытайлардын япондук милитаризмге каршы күрөшүүсүн чагылдырган мультимедиялык долбоор чыгарылган. Анда кыргыз-кытай жоокерлеринин өлбөс-өчпөс каармандыгын түбөлүккө калтыруу боюнча жакшы материалдар бар. Бирок, ушул сыяктуу потенциалы чоӊ, биргелешип иштеген аракеттердин натыйжасы толук ачылбай калып жатат. Кытайдын «Бир алкак бир жол» демилгесинин маани-маӊызын, идеясын Кыргызстандын аймактарына кеӊири жайылтып, элге тереӊ түшүндүрүүчү бир топ кошумча мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу керек болчу. Учурдагы өзгөрүлмөлүү доордо адамзаттын тынчтыкта жанаша жашоо, биргелешип өнүгүүгө карата умтулуу концепсиясы азыркы Кытайдын башкы принциби экенин билүү маанилүү.
Мен муну «Кабар» мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеп турганда, тагыраагы 2017-жылдан бери айтып келем. Бизге Кытайдын алдыӊкы медиа жетекчилери келип, алардын делегациялары менен бир нече жолу жолугушууларды өткөргөнбүз. Мен кесиптештерге: «Си Цзиньпиндин «Бир алкак бир жол» демилгеси тууралуу биздин жергиликтүү эл жакшы түшүнбөй жатат.
Маселен, мындан бир нече жыл мурда Ат-Башыда логистикалык борбор курууга жергиликтүү тургундар түшүнбөстүк менен мамиле кылган. Ага кытайлык жеке ишкер 200 млн. доллар инвестиция салмак болчу. Ар түрдүү каршылыктардан улам инвестор кетип калган. Ошондой терс окуялар кайталанбаш үчүн Бишкекте биздин маалымат каражаттары менен биргеликте иштей турган медия борборду уюштурууну кытайлык кесиптештерге сунуштагам.
Тоо кен тармагы болобу же логистикалык жай ж.б. курулуштарды болобу, долбоордун багытын, максатын жергиликтүү калкка жетик түшүндүрүү зарыл.
Кыргызстанда Россиянын, Казакстандын тоо кен компаниялары жергиликтүү эл менен жакындан иштеп, ой-пикирлерин угуп, жатышат. Бул компанияларга да жергиликтүү эл тарабынан айрым каршылыктар болуп калат. Бирок, тилдик тоскоолуктар жок, анын үстүнө, компаниялар социалдык милдеттемелерди калтырбай аткарып турушат.
— Сиз сунуштаган борбор түзүлгөндө ал кандай жагдайда иштешмек?
— Бул жакта маалымат борборун түзүп, аны социалдык тармактарда колдонуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү кажет болчу. Анткени, мен аларга: «Силерде фейсбук, инстаграмм, твиттер жок. Кыргызстанда ушундай социалдык тармактарды айрыкча жаштар абдан көп колдонуп жатышат. Силердин инвестициялык долбоорлордун идеясы, экономиканы көтөрүүгө карата максаты жакшы. Бирок, анын элге керектигин жатык тил менен түз жеткирсек, эӊ башкысы, жаштар туура түшүнүп, иштин алдыга жылуусуна жол ачылат», — деп айткам. Мен бул идеямды кытай досторубуз катышкан конференциялардын эки-үч жолкусунда кайталадым. Мындай медия борбор Бишкекте ачылса, аны бүтүндөй Борбор Азия регионуна бирдей иштетүүгө болот.
Экинчиден, белгилүү медия компаниялардын алыскы аймактар менен болгон алака-катышы бекемделет. Жер-жерлерге журналисттик бригадаларды уюштуруп, фильмдерди көрсөтүп, кытай-кыргыз кызматташтыгынын учурдагы жетишкендигин жеткиликтүү формада таратуу керек. Санариптик платформаны колдонуп, айрыкча, кыргызча, кытайча эки тилдүү онлайн порталдарды чыгаруу кажет. Интерактивдүү карталар менен инвестициялык долбоордун кызыктуу тарыхын, ийгиликтерин эксперттердин маектери, пикирлери менен жеткирүүгө эмнеге болбосун?. Мындай медиа кызматтары дүйнө өлкөлөрүндө кеӊири колдонулуп жүрбөйбү.
— «Жибек жолу.Маданий өнүгүү» гезити тууралуу кандай пикирдесиз?
— Убакыт учкан куш демекчи, Бишкекте 2015-жылы алгачкы жолу жарык көрө баштаган гезит быйыл 10 жашка чыгып калыптыр. Менин пикиримче, «Жибек жолунда маданий өнүгүү» гезити калктын керектөөсүн тереӊ иликтеп, окурмандын оюн таап, саясат, экономика, интеграциялык байланыш, кыргыз-кытай кызматташтыгы, агартуу ж.б. тармактарды кеӊири чагылдырып келет. Айрыкча чыгармачыл интеллигенцияны кызыктырган басылма деп айта алам. Редакциянын жамаатында Кыргызстанга кеӊири белгилүү корифей публицисттер эмгектенип келе жатат. Албетте, алардын жаш журналисттерге кесиптик тажрыйбасы, таасири абдан чоӊ.
Акыркы жылдары бул гезит Кыргызстандын медиа өкүлдөрүн Кытай Эл Республикасына барып, тажрыйба алмашуусун шарттаганы боюнча чоӊ эмгек сиӊирип жатканын баса белгилейм. Тагыраагы, кытай-кыргыз журналисттик коомчулугунун ортосунда көпүрөлүк милдетти да аткарууда. Бул үчүн өзгөчө «Жибек жолунун» жетекчилигине ыраазычылык билдиргибиз келет.
Анда иштеген кытай, кыргыз жана орус тилдүү кесиптештердин башын бириктирген басылмага мындан ары да чоӊ ийгиликтерди каалап кетмекчимин.
Нарынкүл Назаралиева
Cүрөттөр WWW