ДомойБИШКЕКСапаты тарыхка теӊдешкен саммит

Сапаты тарыхка теӊдешкен саммит

Кытайдын Тяньцзинь шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюумунун – (ШКУ) саммитинде КРнын Президенти С.Жапаров КЭРнын Төрагасы Си Цзиньпин менен болгон жолугушуусунда 10дон ашык документке кол коюлду. Мамлекет башчысы Кытайдын экинчи дүйнөлүк согушта Япониянын милитаристтик армиясын жеӊүүсүнүн 80 жылдыгына карата өткөрүлгөн ири масштабдуу парадга катышты. 11-сентябрь күнү Бишкекте ушул окуяга арналган жыйынга мамлекеттик органдардан, КРнын президентинин администрациясынан, илимий институттардан, медиа жамааттары жана Кыргызстандагы Кытайдын элчиси Лю Цзянпин айым катышты. Окурмандарыбызга ушул иш чарада айтылган айрым пикирлерди сунуштоону туура көрдүк.

 Лю Цзянпин, КЭРнын Кыргызстандагы элчиси: «Кытай-кыргыз кызматташтыгынын алтын доору жүрүүдө»

2001-жылы эл аралык конъюнктуранын татаалданышына, регионалдык жагдайлардын чакырыгына жооп кылып, Кытай, Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан биргеликте Шанхай кызматташтык уюумун түзгөн болчу. Андан берки 24 жылдын аралыгында ШКУнун регионалдык кызматташтыгы Шанхай рухунун принцибинде ырааттуу өсүп-өнүгүп, уюумдун иштөө механизми жаӊы чектерге жетип, эл аралык, регионалдык платформаларда активдүү катышып келе жатат. Бүгүнкү күндө ШКУ дүйнөнүн 27 мамлекети кошулган эӊ ири регионалдык уюм болуп көтөрүлдү. Анын тышкы кызматташтыгы 50дөн ашык тармакты камтып, экономикасынын жалпы көлөмү 30 триллион долларды түздү.

      Ушул жылдын 31-августунан 1-сентябрына чейин Кытай уюмдун төрагалык милдетин аяктап, Тяньцзинь шаарында саммитти ийгиликтүү өткөрдү. Ага 23 өлкөнүн лидерлери, өкүлдөрү менен кошо эл аралык уюмдардын жетекчилери катышты. Мен саммиттин бир нече аспектилерине токтолуп өтөйүн. Бул жолку Тяньцзинь саммити ШКУ уюшулгандан берки кыйла жагымдуу, пайдалуу таасирди камтыган эӊ ири иш чарага айланды. Анда ШКУнун 2035-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынды.

      Саммитте экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын тарыхый чындыкка айкалыштырып бекемдеген акыйкат пикирлер айтылды. ШКУга мүчө мамлекеттердин калкы антифашисттик согушта ийиндеш болуп салгылашып, жеӊишти камсыз кылууда чоӊ салым кошкону ырас. Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 80 жылдыгы майрамдалган маанилүү иш чарада ага карата акыйкат көз карашты чагылдырып, туура калыптандыруу боюнча чакырык жасалып, ал жөнүндө эл аралык коомчулукка атайын билдирүү кабыл алынды. Ал эл аралык системанын ядросу болгон БУУ тарабынан колдоого алынды.

      Саммитте коопсуздуктун төрт түрүн камсыздоо боюнча борборлорду түзүү багытында уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлери келишимге кол коюшту. Биринчиси, ШКУнун ар түрдүү коркунучтарга, кооптуу чакырыктарга каршы аракеттенүүчү универсалдуу борбору, экинчиси, маалымат коопсуздугу боюнча борбор, үчүнчүсү, эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борбору (бул борбор Кыргызстанда жайгашат) жана төртүнчүсү, баӊгизаттарга каршы күрөшүү борбору болуп эсептелинет. Мындай маанилүү кадам ШКУнун коопсуздук багытындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө, региондогу туруктуулукту бекемдеп, жаӊы чакырыктарга биргелешип реакция жасоонун ийкемдүүлүгүн жогорулатат.

    Тяньцзинь саммитинде Кытай тарап мындан бир нече жыл мурда сунуштаган маселе реалдуу нукта ишке ашырылмак болду. Бул ирет ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү чечими кабыл алынды. Муну менен Евразия регионунда инфраструктураларды куруу, жакшыртуу, ошондой эле социалдык-экономикалык кызматташтыктын эффективдүүлүгүн жогорулатуучу жаӊы платформа пайда болору калетсиз. Андан тышкары, энергетика, «жашыл» өнөр жай сектору, санариптик экономика, искусстволук интеллект, илимий-техникалык инновациялар, жогорку жана кесиптик техникалык билим берүү тармактары боюнча көп багыттуу кызматташууну жаӊы деӊгээлге чыгаруу аракети практикалык өӊүткө өтүп жатат. Ушул платформалар ШКУга катышып жаткан баардык мамлекеттер үчүн ачык. Бул региондун туруктуу жана ар тараптуу өнүгүүсүнө жакшы импульс берерине күмөн жок. Азыркы күндө ШКУга мүчө мамлекеттерге карата кытай инвестициясынын жалпы көлөмү 84 млрд. доллардан ашты. Ал эми ушул эле багыттагы Кытай менен болгон жылдык товар жүгүртүүлөр 500 млрд. доллардан ашты.

      Кытай уюмга мүчө мамлекеттерге чакан, бирок, абдан муктаж болгон 100 социалдык долбоорду ишке ашырууну пландап жатат. Бул тууралуу Си Цзиньпин саммитте демилге көтөрдү.

     2025-жылдын аягына чейин Кытай ШКУга мүчө өлкөлөргө 2 млрд. юань (275 млн. доллар) гранттык жардам берет. Мындан тышкары, үч жыл аралыгында ШКУнун банктар аралык бирикмеси аркылуу 10 млрд. юань (1,4 млрд. доллар) жаӊы кредиттерди берүүгө ниеттенип жатат. Биз келерки жылдан баштап, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн докторлорун даярдоочу инновациялык программаларды ишке киргизүүнү жана аларга берилүүчү стипендиянын квотасын эки эсеге чейин көтөрүүнү пландап жатабыз. Мындан тышкары, 10 000ге жакын профессионалдык кадрларды даярдоого квота бөлөбүз.

      Кытай бир үй-бүлөдөй жакын ымаладагы ШКУнун өлкөлөрүнө учу-кыйырсыз чоӊ рыногунан соода-сатык жүргүзүүгө кенен мүмкүнчүлүк түзүүгө мындан ары да даяр. Ошондой эле Кытай тарап күн жана шамал энергетикасы боюнча 10 млн. кВт саат кубаттуулуктагы долбоолорду ишке ашырууну колдоого алат.

       Азыркы күндө көптөгөн тармактарда чоӊ натыйжалуулукту көрсөтүп жаткан кыргыз-кытай кызматташтыгынын алтын доору башталды деп айтууга толук негиз бар. Кытай Кыргызстан үчүн нечен жылдан бери сырткы соода өнөктөшү, импорттун жана инвестициянын булагы болуп келе жатат. Эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү тарыхый рекордго чыккан учур нечентен бери кайталанып жатканы ырас. Мисалы, 2024-жылы ал болжол менен 23 млрд. долларга жетти. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 7 айында 17,3 млрд. долларды түзүп, жылдык катышы боюнча 58,6 пайызга көтөрүлдү.

Аликбек Жекшенкулов, КРнын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, политология илимдеринин доктору: «Чыгышка өнүгүүнүн ооматы келди» 

     Батыштын кээ бир белгилүү саясатчылары мындай аксиома бар экенин түшүнбөй жатышат. Адамзат тарыхы спираль түрүндө өнүгөт. Кайсы бир кылымдарда Батыш Кытайдан ок-дары, кагаз, индустардан алфавит, арабдардан цифраларды алышкан. Ал эми адамзат үчүн Авиценна (Абу Али ибн Сина) медицинаны башатын түптөгөн. Өз кезегинде Чыгыш адамзаттын өнүгүшүнө өз таасирин тийгизип, аны Батыш окумуштуулары улантып кеткен. Азыркы күндө илимий интеллектуалдык өсүп-өнүгүүнүн ооматы спираль түрүндө өрчүп бизге — Чыгышка кайтып келип жатат.

      Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуу кезеги төртүнчү жолу келип жатат. Бул биздин чакан өлкө үчүн зор мүмкүнчүлүк. Аны элибиздин, региондун бакубаттуулугу үчүн таасири өтө чоӊ. Мен Кыргыз-Славянь университетинде сабак берген окумуштуу катары Евразия чөлкөмүнүн таржымалын көп айтып келем. ШКУнун саммитиндеги Россия, Индия жана Кытайдын лидерлеринин жолугушуусундагы сүрөттү көрүп отурган Батыштын эксперттери, саясатчылары аларга кызганычтуу комментарийлерди жазып жатышты. Демек, биз жаӊылбаган туура жолдо бара жатабыз. Си Цзиньпиндин саммитте глобалдуу башкаруу тууралуу пикирин чын дилден кабыл алып, Кыргызстандай чакан өлкө үчүн бул абдан актуалдуу жана маанилүү экенин белгилеп кетким келет.

     Ал эми япондук милитаризмдин кулашынын 80 жылдыгына, экинчи дүйнөлүк согуштун маселесине келсек, менин чоӊ атам да гитлердик фашизмге каршы согушкан ардагер болгон. Ал советтик аскерлердин катарында адам чыдагыз оор кырдаалда салгылашканын дайыма айтып берчү. Советтик армия кытай эли менен бирге япондук милитаризмдин мизин кайтарууга, баскынчылык күчтөрүнө каршы ийиндеш болуп чогуу күрөшкөн. Ошондуктан дүйнө токтоосуз өзгөрүлүп, биздин регионго оомат келип жатканда, айрым кыйынчылыктарды да чогуулап, биргелешип жеӊүүгө ата-бабаларыбыздын руху, көрсөткөн эбегейсиз эрдиги бизди чыйралтып, бирге болууга милдеттендирет.

       Кытай досторубуз өткөргөн аскердик парад тууралуу дагы айтпасак болбойт. Андагы армиянын эӊ күчтүү дисциплинасы, заманбап аскер техникалары, ааламдын бардык тарабына учуп жетүүгө жөндөмдүү жаӊы ракетасы уюмдун мүчөлөрү үчүн сыймык, ал эми башкаларды катуу сестентүүчү күч.

       Кыргызстан эгемендүүлүк алып, Кытай менен дипломатиялык келишим түзүлгөн алгачкы күндөн бери мен дипломат ишмер катары эки бир тууган өлкөнүн кызматташтыгы кандай өнүгүүгө көтөрүлүп бара жатканын жакшы билем. Андан бери 34 жыл өтсө да эки тараптын алака-катышында кандайдыр бир кемчиликти байкаган учурум боло элек. Биз кыргыздар кытай эли менен соода-экономикалык өнөктөш гана эмес, кадыресе бир тууган болуп калдык.

Зайнидин Курманов, тарых илимдеринин доктору, академик: «Улуу Жеӊишти ата-бабаларыбыз чогуу камсыздаган»

Эки апта мурда Кытайда өткөн ШКУнун саммити көп жылдар бою калктын эсинде калат. Мен муну тарыхчы катары айтып жатам. Кытай эли да экинчи дүйнөлүк согуштун бүтүндөй азап-тозогун тартты. Мындай кыргындуу согушту адамзат тарыхы кезиктирген эмес.

     Кытай эли уюткулуу улут болуп, байыркы египет, байыркы шумерлер сыяктуу 5000 жыл мурда түптөлө баштап, адамзат цивилизациясынын калыптануу башатында турган. 648-жылы кыргыздар менен кытайлар өз ара алакада болуп, дипломатиялык мамилени орнотушкан. Кыргыздар да «жаш» элдерден эмес. Анткени, кытайларга кошуна жашаганыбызга 3000 жылдан ашты. Римдиктер менен гректерден тышкары мындай байыркы тарыхка ээ болгон калк — кытай.

      Мындан үч ай мурда бир чоӊ мамлекеттин президенти: «Фашизмге каршы экинчи дүйнөлүк согушту биз жеӊгенбиз», — деп, тарыхты бурмалап билдирүү жасады. Эми буга айла жок экен деп койдук… Ал эми ШКУнун саммитинде Си Цзиньпин эл аралык коомчулукка кайрылып, экинчи дүйнөлүк согушта душмандарга каршы биргеликте салгылашып, Улуу Жеӊишти камсыздаган мамлекеттердин баарына ыраазычылгын билдиргени мага абдан жакты. Кытай жеӊишти өзүнө биротоло энчилеп алууну ойлогон жок. Өлбөс-өчпөс ушул улуу тарыхты азыркы муунга үйрөтүп, окутуп айта жүрүү биздин милдет. Себеби, кытай, кыргыз, орус, өзбек, казак ж.б. калктар камсыздаган ошол Улуу Жеӊиштин ачуу каарын, тынчтыкта жанаша жашоонун баркын балдарыбыз биле жүргөнү абдан маанилүү болуп баратат.

     Дүйнө өлкөлөрүндө айыгышкан түрдүү кагылыштар жүрүп жаткан кез. Мындай кырдаалда атомдук куралды колдонууга жол берилсе, үчүнчү дүйнөлүк согуш жарым саатта жер жүзүн кыйроого салып, тыптыйпыл кылышы ыктымал. Альберт Эйнштейн: «Атомдук бомба үчүнчү дүйнөлүк согушка колдонулса, андан кийинки согушта адамзат таяк жана жаа менен атышып калат», — деп жооп берген. Тактап айтсак, жер планетасы 5000 жыл мурдагы дооруна кайра кайтып барышы турган иш.

      Кытай калкынын адамзаттын өсүп-өнүгүшүнө, жаӊы цивилизациялардын пайда болуусуна эбегейсиз салым кошкону анык. Ушундан алганда, Кытайдын бүгүнкү геосаясий оор кырдаалда дүйнө элинин бейпилдигин коргоп, асырап калууга болгон позициясы бизге айдан ачык. Анткени, ааламдагы ойлоп табуучулуктун 50 пайыздан ашыгы кытай элине таандык экен.

      1941-жылы Кыргыз Республикасында 1,5 млн. калк жашачу. Анын ичинен 360 адам фронтко кеткен. Бул жалпы калктын 25 пайызын түзөт. Анын ичинен 150 000 адам согуштан кайтпай калган. Түрдүү жаракат алып, майып болгондор да көп болгон. Биздин чоӊ аталарыбыз да кытайлык жоокерлер менен бирге япон агрессиясына каршы согушушкан. Кытай эли япондук милитаристтерге 14 жыл бою каармандыкты көрсөтүп, каршы турушту. Ал жылдары Япониянын армиясы абдан мыкты куралданганы үчүн өтө күчтүүлүк кылган. Аскерлери Германиянын, Пруссиянын тажрыйбасынан үлгү алган. Ал эми флоттук аскерлери Англиянын тажрыйбасына таянган. Ошондуктан ага Кытай күчтөрү гана туруштук бере алган.

Кубан Кабаев, Кыргыз Республикасындагы ШКУнун улуттук координатору: «Айтматовдун «Ысык-Көл форуму» өтөт»

   ШКУнун төрагалыгы Кыргызстанга өттү. Буга байланыштуу биз пландуу, демилгелүү иш чараларды өткөрүүнү көздөп жатабыз. Биринчиден, Кыргызстандын төрагалыгы «ШКУга 25 жыл – тынчтыкта туруктуу жашоо жана гүлдөп өнүгүү» деген лозунг менен өтөт. Президент С.Жапаров саммиттеги сөзүндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн Бишкекте трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борборду түзүү чечимин кубаттады. Бул демилгени Кыргызстан тарап көптөн бери көтөрүп келе жаткан. Экинчиден, ШКУнун алкагында соода-экономикалык байланыштарды, товарларды жеткирүү чынжырчасын жакшыртууга транспорттук -транзиттик коридорлорду өнүктүрүү приоритеттүү болуп эсептелинет. Буга Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу кызуу жүрүп жатканы жакшы мисал. Аталган мега долбоор уюмга мүчө мамлекеттер жана анын алкагынан тышкаркы өлкөлөрдүн соода-экономикаклык кызматаштыгына бирдиктүү артерия болуп берет.

       Андан тышкары, ШКУга мүчө мамлекеттердин аймагында чукул кырдаалдар катталган учурда кошколдоп жардам берүү үчүн Жардам фондусун түзүү да сунушталды. Белгилүү болгондой, климаттын кескин өзгөрүүсү табигый кырсыктардын көбөйүүсүнө түрткү болуп жатат. Үчүнчү маселе, бул маданий-гуманитардык алака-катышты чыӊдоо. Бул үчүн көгүлтүр көл жээгиндеги Чолпон-Ата шаары уюмдун маданий очогу болуп калат. Анткени, улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун демилгеси менен түптөлгөн дүйнө интеллектуалдарынын башын кошкон «Ысык-Көл форумунун» түзүлгөнүнө 40 жыл толот. Буга байланыштуу Ысык-Көлдө ШКУнун жаштарынын санариптик форумун өткөрүү пландалууда.

 Арслан Койчиев, КРнын президентинин кеӊешчиси, КРнын эл жазуучусу: «Тарых чындыгын муундарга жеткирүү биздин милдет»

    Экинчи дүйнөлүк согушту СССРдин калкы жеӊген, Европанын, Американын салымы да бар болчу деген көз караштар айтылып келет. Бул маселеде Кытай армиясынын орду тууралуу көп эскерилбей келген. Бирок, Азия тараптан бул согуштук алааматка Кытай армиясынын япондук милитаристтик армиясын жеӊип чыгууда эбегейсиз чоӊ орду болгон. Ал эми кытай менен кыргыз эли 3000 жылдан бери кошуна жашап келе жатат. Бул тууралуу кытай тарыхында жазылып калган. Ошону менен бирге экинчи дүйнөлүк согушта да кытай аскери менен кыргыз жоокерлери катарлаш, ийиндеш туруп чогуу согушуп, тагдырлаш болушкан. Айрыкча кыргыз аскерлери советтик армиянын курамында Маньчжурия, Харбин аймагында эбегейсиз каармандык көрсөтүшкөн. Тарыхты кийинки муун жакшы билүүсү үчүн ШКУнун саммитинин алкагында Кытайда өткөн ири парад сыяктуу иш чаралардын маани-маӊызын айта жүрүү биздин милдет.

«Тегерек стол» жыйыны «Кыргыз Туусу» гезитинин колдоосу менен өткөрүлдү.

Нарынкүл Назаралиева

Сүрөттөр WWW

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии