Абалкы тарыхты киного тартышыбыз керек
КРнын маданиятына эмгек сиӊирген ишмери, кинорежиссер, сценарист, «Нөшөр», «Жаныбарым Гүлсары», «Тоо ханышасы Курманжан Датка», «Сүймөнкул Чокморов» ж.б. көркөм жана даректүү фильмдерди тартып, кыргыз киносунун алтын фондусун байытууга салым кошкон Замир Эралиев менен маек курдук.
— Замир ага, сиз чыгармачылыгы бүтүндөй бир доорду камтыган улуу кинорежиссер, актер, драматург, педагог Сергей Герасимовдун жакын шакирти болуп, анын чоӊ өнөрканасынан өткөнүӊүздөн кеп баштасаӊыз.
— Совет жылдары атам көмүр шахтасында иштегендиктен биздин үй-бүлө Ташкөмүр шаарында жашап калды. Андагы маданият үйүнүн китепканасында 40 миӊ, шаардык китепканасында болжол менен 10 миӊге жакын китеп фондусу болор эле. Мен 6-класстан баштап, көркөм китептерди көп окуп, адабий чыгармалардын кереметтүү дүйнөсүнө баш-отум менен кирип кеттим. Бирок, химия, геометрия жана математика сабактарына кызыгуум ойдогудай эмес эле. Ал жылдары Санкт-Петербургдан келген Вера Орлова аттуу класс жетекчи эжебиз бар эле. Ал бир жолу мага: «Замир, сен химия предмети боюнча тажрыйба жүргүзүү сабактарына көӊүл бурбай, тапшырмаларды аткарбай китептерди эле окуп отура бересиӊби?», — деди. Мен эжейге эч качан химия же физика предмети кесибине барбай турганымды, атактуу театр режиссеру, бир тууган таекем Бообек Ибраев сыяктуу режиссер болууну эӊсеп жүргөнүмдү айттым.
Ошондон көп өтпөй, Вера Петровна мага жыйырмага жакын «Советский экран» журналын алып келип берди. Көрсө, өзү да көркөм фильмдерди жактырып, көп көрчү экен. Ошол журналдарды барактап отурсам, Сергей Герасимовдун сүрөтү менен чыккан макалада улуу устаттын чыгармачылыгы, атактуу шакирттери тууралуу кенен жазылыптыр. Ал эми, 7-класста окуп калганымда, анын чыгармачылык өнөрканасынан билим алууну эӊсеп, бассам-турсам аябай кыялданчумун.
Өспүрүм кезимде татар улутундагы бир кошунабыздын телевизорунан Михаил Шолоховдун «Тихий Дон» романы боюнча тартылган фильмди кызыгып көрчүмүн. Андагы биринчи дүйнөлүк согуш, Октябрь революциясы, граждандык согуш мезгилиндеги дондук казактардын тагдыры, айыгышкан пикир келишпестиктери, сүйүүсү, кадыресе турмушу кызыктырып, таӊ калтырчу. Дондук казактардын ат үстүндө учкан куштай чаап бараткан окуялуу сюжеттери көрүп отурган кишини катуу таасирлентчү. Айланадагы кошуна-колоӊдун баары бул фильмди калтырбай көрүшөр эле. Ушул фильм-эпопеяны тарткан Сергей Герасимов деген режиссер кандай адам болду экен дечүмүн. Ошондон улам ал менин балалык кыялымдан, эси-көөнүмдөн кетпеген идеалым болуп калды. Кийин режиссердук кесипке дегдеп калганымда, ушул кишинин окуучусу болууну эӊсеп жүрдүм.
Мектепти аяктаган соӊ Фрунзеге келдим. Анда мен ВГИКтин (Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография институту) кабыл алуу экзаменине тапшырмакчы болгом. Көрсө, экзамендер июль айында аяктап, окууга өткөн жаштар небак эле Москвага кетип калышыптыр. Таекемдин драматург досу Бексултан Жакиевдин кеӊеши менен бир жыл Москвадагы искусство институтунда окудум. Бирок, мындан билим алган режиссерлор райондордогу элдик театрларда иштөө үчүн даярдалары мага жакпай калып, окуумду таштап Кыргызстанга баса бергем.
Кийинки жылы ВГИКтин кабыл алуу сынагынан жалаӊ «5» деген баага тапшырып өтүп кеттим. Ошентип Герасимов менен алгачкы жолу таанышып аӊгемелешкенимде ал: «Сенин жөндөмүӊ күчтүү экен, менин шакиртим болосуӊ», — деди. Буйрук экен, ал жактан мен Борис Токарев, Лариса Удовиченко, Любовь Полехина, Зураб Кипшидзе сыяктуу кийин булар атагы таш жарган таланттуу жаштар менен курсташ болдум. Студент кезимде Юрий Катин-Ярцев менен Вадим Спиридоновду башкы ролдорго чакырып, Василий Шукшиндин чыгармасы боюнча «Ресторандагы окуя» деген алгачкы фильмди тарттым. Устатым ага абдан жогору баа берген.
ВГИК – кино тармагындагы квалификациялуу кадрларды даярдоо жаатындагы артыкчылыктуу салты бар дүйнөдөгү эӊ ири жогорку окуу жайы. Андан атамекендик кино искусствосун «Кыргыз керемети» атоого негиз түзгөн: Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, Мелис Убукеев, Артык Сүйүндүков болуп, бир муун режиссерлор окуп келдик. Андан тышкары, ондогон актерлор менен операторлор билим алышты. Герасимов менин чыгармачылык атам болчу деп айтып келем. Эгерде анын көөнөрбөс тажрыйбасын алып, колунда окубасам, өз максатыма жетпей калмакмын деп ойлойм.
— Чүйдөгү чокуга Герасимовдун ысымын ыйгарууда сиздин аракетиӊиз олуттуу болгонун айтып жүрүшөт.
— Ооба, Бишкектин түштүк тарабындагы Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча чөлкөмү тараптагы чокуга 2006-жылы «Герасимов» атындагы чоку делип, анын ысымы берилген. Мен анда «Кыргызкино» улуттук концертин жетектеп тургам. Жогорку Кеӊештин депутаттарына, Аламүдүн айылынын жергиликтүү депутаттарына кат жазып кайрылып, сунуш бергенбиз. Ошол жылы Кыргызстан кинематографисттеринин 1-курултайы өткөрүлүп, ага Чыӊгыз Айтматов, ВГИКтин ректору Александр Новиков, «Мосфильм» киностудиясынын директорунун орун басары Владимир Арсеньев болуп, ага чет өлкөлөрдөн кино тармагынын лөктөрү келип катышкан. Чокунун расмий ачылышында Чынгыз Айтматов батасын берген. Белгилүү болгондой, ВГИКке да С.Герасимовдун ысымы ыйгарылган.
— СССРдин эл артисти, кайталангыс таланттуу актер Сүймөнкул Чокморовдун эстен кеткис элеси 5 миӊ сомдук улуттук валютада, сиздин фильмиӊизде, акындардын ырларында чагылдырылып калтырылды. Сүймөнкул аганы тасмага түшүрүү идеясы кайдан пайда болду?
— Сүймөнкул ага менен алгачкы жолу 18 жашымда таанышкам. Жогоруда айтканымдай, ВГИКке окууга өтүүгө жолум болбой, Фрунзеге келе берген жылдарым эле. Бир күнү Бообек таекем мага: «Болот Шамшиев ушул күндөрү «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» көркөм фильмин тартып жатат. Атактуу режиссердон тажрыйба ал», — деди. Эртеси таякем, жубайы Гүлсүн Мамашева болуп үчөөбүз Болоттун атасы Төлөн Шамшиевдин Дзержинский бульварында жайгашкан үйүнө бардык. Анын үстүнө, Гүлсүн таяжеӊем да ушул фильмде тартылып жаткан кези болчу. Даӊазалуу режиссер мени өзүнө жардамчы кылып алды. «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» «Жууку» жайлоосунда тартылып, Сүймөнкул экөөбүз бир үйдө чогуу жашап, ага-инидей жакын болуп калдык. Ал өз ролунан бош күндөрү көк жайсаӊ жайлоонун, аркайган кыргыз тоолорунун кучагында сүрөт тартуудан тажачу эмес. Бир жолу ал: «Замир, мында келчи», — деп чакырып алып, «Жаш режиссер» деген тема коюп, менин портретимди тартты.
— Чокморов ушул фильмде «Көкөмерен» суусуна аты менен түшүп аккан жери бар эмеспи. Ошол эпизоддо бөйрөгүн суукка кабылтып алган деген пикирлер бар. Ушул туурабы?
— Ошол эпизод январь айында тартылган. Сүймөнкул байке өзүм аткарам деп көшөрүп койгон. Дублёру болгон эмес. Бирок, актердун өзүм түшөм дегенине карабай, режиссер анын ден соолугун тобокелчиликке салбай койсо болмок деп ойлойм. Анда Сүймөнкул болгону 30 жашта болчу. Ал кичине кезинде эле оорукчан бала болуп, Гуреевич деген дарыгердин күчү менен үч жашка чыкканда зорго басыптыр. «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» бир жылда тартылып бүттү.
Ал эми 1986-жылы мен Сүймөнкул Чокморов тууралуу фильмди тартып баштаганымда, улуу актер бөйрөк ооруга чалдыгып, жакшы баса албай, аптасына эки-үч жолу гемодиализ алып калды. Айрымдар актердук кесипти оӊой иш деп ойлошот. А чынында актер бирде жалындаган отко, бирде агыны күчтүү сууга түшүп, бирде алыска ат чаап, бирде бийик жерден секирип жанын оозго тиштеп иштейт. Айтор, ар бир эпизод актер үчүн чоӊ сыноо. Ошол эпизодго тартылуу анын өмүрүнө балта чапты. Эки бөйрөгү теӊ иштебей калып, баардыгы болуп элүүгө жакын операция жасатты. Кээде Москвага, кээ күндөрү Ташкентке бөйрөк оорулар борборуна каттап калган. Сүймөнкул байке 15 жыл бою ушул азаптуу дарт менен кармашты. Ал тууралуу фильмди тартып жүргөнүмдө экөөбүз көпкө сүйлөшүп отуруп калчубуз. Мен андан: «Эгерде ден соолугуӊуз ойдогудай болсо, кандай ролдорго тартылууну каалар элеӊиз?», — деп суроо узаттым. Ал мага: «Минтип оорубасам, мени өлкө ичинен таппай калмаксыӊар», — деп койду. А чынында ага Россия, Германия, Япония ж.б. мамлекеттердин кинолоруна тартылууга түрдүү сунуштар тынбай келип турчу.
«Сүймөнкул Чокморов» фильминин бет ачары Москва шаарындагы бөйрөк ооруканасында көрсөтүлүп, ага өзү да катышкан. Фильм аяктаганда Сүймөнкул байкени карасам ыйлап отуруптур. Ошол мүнөттөрдө ал мага ыраазы болгонун сезип жаттым.
— Айтсаӊыз, өткөн айда Бишкекте, Шанхайда эл аралык кино форумдар өттү. Бир жылдары сиз «Кыргызкино» улуттук концертин жетектеп турганда ири масштабдагы кинофестиваль өткөрүлдү эле. Ушул иш чаралар канчалык натыйжа берип жатат деп ойлойсуз?
— Ооба, эсиӊизде бар экен. Мен «Кыргызкино» улуттук концернинин президенти болуп 2005-2008-жылдары иштедим. Ошол мезгилдеги Кыргызстандын мамлекеттик катчысына «Ысык-Көл» эл аралык кино фестивалын өткөрүүнү сунуштадым. Тиешелүү бийлик органдары менин идеямды колдоп, аны ШКУга мүчө мамлекеттердин кино фестивалы болуп өткөрүлсүн деген пикирлерин билдиришкен. Бул идея мага да жагып калды. Ошентип мамлекет кино фестивалды өткөрүүгө каражат бөлүп берген. Бирок, иш жүзүндө ошол фестиваль ШКУнун алкагынан алда канча кеӊири иш чарага айланып, 2007-жылы Кыргызстандын тарыхындагы эӊ ири кино фестиваль болду. Ага Россия, Кытай, Түркия, Иран, Европа өлкөлөрүнөн, Борбор Азия республикаларынан ж.б. болуп, жалпысынан 25 мамлекеттин кино продукциялары катышкан. Ошол фестивалда Кытайдын кино искусствосуна тиешелүү атайын мамлекеттик архиви бар экенин билдик. Анткени, ошол архивдин директору фестивалга келип катышып, кино жаатындагы кызматташуу боюнча абдан жакшы ой-пикирлерин айткан. Биз аларга биргелешкен кыргыз-кытай көркөм филимдерди тартууну сунуштаганбыз. Кытайдын расмий бийлигинен катыбызды колдоп, кызматташууга даярдыгы боюнча жооп келген.
Ошондон көп өтпөй республикабызда бир топ окуялуу өзгөрүүлөр болду… Мен да кызматтан кеттим. Баштаган иш токтоп калган.
Азыркыга чейин кыргыздын түпкү тарыхын, маданиятын, каада-салтын чагылдырган чоӊ метраждуу көркөм фильм тартыла элек. Ал эми 2200 жыл мурдагы элибиз жашап өткөн доор тууралуу маалымат Кытайдын архивдеринде сакталып калган. Кыргыздар көчмөн эл болгондуктан архиви же китепканасы болгон эмес.
Өзүӊүздөр билгендей, бүгүн дүйнөдө геосаясий абал кыйындап, татаалданып баратат. Ушундай жагдайдан алганда, «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» дегендей, ондогон жүз жылдыктарды артка калтырган элдер тынчтыкты сүйүүчүлүк көз карашы жана түбөлүк достукта жанаша жашоо принцибинде кызматташып, ымалалаш болууга умтулуп жатышат.
Акыркы жылдары Кытай архивдеринен кыргыздар тууралуу маалымат алууга чоӊ мүмкүнчүлк ачылды. Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» коомдук фондусунун төрагасы Кыяс Молдокасымов жетектеген жаш окумуштуулар Кытай архивдеринен элибиздин ошол доорлордогу жашоо турмушун тыкыр иликтеп жатышат. Анда кыргыздардын мындан 2200 жыл мурда Ала-Тоо аймагын жердеп турганы жазылып калган. Президент Садыр Жапаров ушул багытта изилдөө жүрүзгөн илимпоз тарыхчыларды колдоого алып, бюджеттен ири каражат бөлүп бергенин билесиздер. Ушул жагдайдан алганда, байыркы кыргыздардын доорун кенен чагылдырган олуттуу фильмдерди тартуунун учуру келди деп эсептейм.
Маегиӊизге рахмат.
Нарынкүл Назаралиева
Сүрөт WWW