Менин атым Айгүл. Мен кичинекей кезимден эле торт, таттууларды жакшы көрчүмүн. Мен келечекте өзүмдүн кондитердик дүкөнүмдү ачсам деп кыялданчу элем. Кийинчерээк күйөөм Жаң Юңдун жардамы жана колдоосу менен менин «таттуу кыялым» акыры ишке ашты.
Өткөн жылы мен музейге барып, ал жерде кокустан 1400 жыл мурунку ай нанын (лунный пряник) көрүп калдым.
Бул наабайчынын кесиптик сезимине байланыштуу болушу мүмкүн.Мен ай нандын өлчөмүн эсептеп, гүлдүү оюуларына чейин ар бир деталын кылдаттык менен сүрөткө тартып, жазып алдым. Бул жерде мен байыркы таттуу жасоонун чеберчилигин көрдүм жана бул мага бир ой туудурду.