27.1 C
Бишкек
Четверг, 12 июня, 2025
ДомойАналитикаКыргызстан менен Синьцзяндын соода жүгүртүүсү 19,8% өстү

Кыргызстан менен Синьцзяндын соода жүгүртүүсү 19,8% өстү

Жакында Чолпон-Ата шаарында «Ысык-Көл-2024» эл аралык экономикалык форум өттү. Ага Кытайдын 80 компаниясы катышты. Иш чаранын алкагында Кытай компаниялары менен 7 меморандумга кол коюлду.

    Көгүлтүр көл жээгинде өткөн экономикалык форум   стратегиялык өнөктөш, түбөлүк кошуна болгон кыргыз-кытай тараптын кызматташтыгын арттырып, жаңы инвесторлордун келишине, дымактуу долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга ишеним артылды.

КРдин Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов форумдун иши тууралуу: «Биз Кыргызстандын эң артыкчылыктуу болуп саналган долбоорлору боюнча Кытай компанияларына маалымат бердик. Анын ичинде энергетика, туризм, айыл чарба өндүрүшү, логистика, медицина ж.б. тармактар бар. Бул инвестициялык жыйынды Ысык-Көлдө өткөрүү менен туризм секторуна инвесторлорду тартуу максатын көздөдүк. Бүгүнкү күндө өлкөдө көмүргө көз карандылыкты кыскартып, күн жана шамал энергетикасын өнүктүрүүнүн келечеги чоң, мүмкүнчүлүгү кенен болгону үчүн ушул тармакка ири инвестициялык долбоорлорду тартуу маанилүү. Ал эми стратегиялык орду бар Казарман ГЭСин биргеликте куруу боюнча “Huahe International” компаниясы менен биздин агенттик меморандумга кол койдук. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында туризм тармагына тиешелүү долбоорлорду сунуштадык”, — дейт.

       Форумда Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү У.Далиев, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү  К.Жумагазиев, Саламаттык сактоо министринин орун басары М.Исмаилов, Энергетика министрлигинин долбоорлорду илгерилетүү бөлүмүнүн жетекчиси А.Турганбаев инвестициялык жагдайлар боюнча кенен баяндама жасашты.

     Кыргызстан менен Кытайдын чек ара аймактарында заманбап өңүттөгү соода логистикалык борборлордун болушу учур талабына айланып баратат. Аларды кечиктирбей куруу боюнча кытайлык өнөр жай жана коммерцияны өнүктүрүү багытындагы Кайюань компаниясына Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорунда жана Нарын облусунда куруунун алкагында талкуулар болуп, натыйжада Чүй облусу менен меморандумга кол коюлду.

        Экономикалык форумга катышкан чет элдик компаниялардын таржымалын, өндүрүш кубаттуулугун, инвестициялык мүмкүнчүлүгүн билүү кызык болсо керек. Кеп кезегин Кытайдын СУАРдагы Кытай-Кыргыз Кайюань компаниясынын санариптик бажы кампаларын куруу мисалына бурсак.

 Логистика тармагына 30 млн. юань тартуу ниеттелүүдө 

Синьцзянда жайгашкан бул компания жүк ташуунун глобалдык чынжырчасын башкарууга жана логистиканы оптимизациялоого адистешилген. Кайюань компаниясы СУАРдагы соода операцияларын өнүктүрүүгө негизделип, Кыргызстандын «Торугарт», «Эркештам» сыяктуу өткөрүү бекеттери менен чек ара аймактарынын географиялык артыкчылыгын, жакшы өнүккөн инфраструктурасын, транс чек аралык соода логистикасын толук пайдаланып келет. Бул компания Кытай менен Борбор Азия регионунун соода-экономикалык байланыштары ыкчам өнүгүп бара жаткан азыркы учурда Кыргызстандын логистикалык статусуна оптимизм менен карай турганын билдирүүдө. Бул тууралуу Кайюандын башкы директору Хэ Чуньюнь айым мындай дейт:

     — Биздин компания Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусундагы мамлекеттик логистикалык компания болуп түптөлүп, эл аралык жүк ташуу кызматын көрсөтөт. Бул мурдагы моделдеги кампаларды эмес, санариптик коммерцияга тиешелүү кампаларды салабыз. Кыргызстандын логистика тармагына инвестиция тартып, креативдүү иш жүргүзүү моделин киргизүүгө шарт түзүүнү көздөп жатабыз. Эң  башкысы, товарды кардарга жеткирип берүүгө чейинки бүтүндөй процессти санариптештирүү системасы аркылуу көзөмөлдөп туруучу ишти аткарат. Мисалы, жаштардын көпчүлүк бөлүгү товарларды Яндекс же Озон сыяктуу маркетплейстерден сатып алып жатышат. Бирок, аз эле товарга буйрутма берилсе, компания чыгаша тартып калып жатат. Ал эми буйрутмаларды санариптик платформа аркылуу тез чогултуп, Кыргызстанга аларды чоң -чоң партиялар менен жөнөтүп туруу биз үчүн ыңгайлуу да, кирешелүү да болуп жатпайбы. Ошентип кампаларды санариптештирүү системасы аркылуу башкаруу жолго коюлса, кардарларга товарларды арзаныраак да, алда канча ыкчам да жеткирүү милдетин алабыз.

         Жаштар үчүн коммерциялык ишмердүүлүктү активдүү жүргүзө турган жолдорду түзүп берсек дейбиз. Азыркы күндө Кытайда товар өндүрүүчүлөр да, түрдүү ассортименттеги товарлар да абдан көбөйүп бара жатат. Өз бизнесин уюштургусу келген жаштарга айтаарым, алар санариптик платформалар аркылуу компаниялар менен тике байланышып, продукцияларга буйрутма берүүгө эмнеге болбосун? Андан тышкары, Кыргызстандын ишкерлеринин өзүнүн менчик бренди менен да товарларды чыгарып берүүгө болот. Ал гана эмес, Кытайдын заводдорунан чыгарылган ар кыл тетиктерди Кыргызстанга ташып келип, бул жактан чогултуучу өндүрүштү түптөп, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоо андан бетер алгылыктуу. Ушулардын баардыгы Кыргызстандын өнөр жай тармагынын өнүгүшүнө туруктуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт деп ойлойм»

      Алдын ала эсептөөлөргө караганда, аталган компания санариптешкен ири логистикалык кампаларды курууга 30 млн. доллар көлөмүндө инвестиция тартуу ниетин билдирип жатат. Бул долбоор Борбор Азия, Россия жана Европа өлкөлөрүнүн рыногуна натыйжалуу логистикалык кызмат көрсөтүүгө багытталат.

Синьцзян тышкы дүйнөгө эшигин ачты

СУАРдын коммерция директорунун орун басары Чжан Юймин мырзанын билдиргенине караганда, Кытайдын Синьцзяны менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2023-жылы 15,5 млрд. долларды түзүп, бул мурдагы жылдагыга салыштырмалуу19,8 пайызга көтөрүлгөн. Ал эми үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 8,3 млрд. долларга жеткен. «Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ушул жылдын 6-июнунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун бекитүүгө үч мамлекеттин президенттери катышты, — дейт Чжан Юймин. – А июлда болсо, КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин Астанада өткөн ШКУнун саммитине катышып, анда КРдин Президенти Садыр Жапаров экөө өз ара сүйлөшүү жүргүзүштү. Ал эми 3-сентябрда Кытай менен Кыргызстанды байланыштырган «Бедел» автоунаа өткөрүү бекети ачылды. Бул Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу жумуштарынын алдыга жылуусуна эң  жакшы өбөлгө түзөт.

      Биз Кыргызстан менен мунай иликтөө, мунайды кайра иштетүү, химия өндүрүшү, тоо кен өнөр жайы, креативдүү технологиялар, соода, билим берүү, медицина ж.б. тармактар боюнча кызматташууну күчтөндүрүүгө өттүк.

      Азыркы күндө Синьцзян тышкы дүйнөгө эшигин кенен ачты».

Линьи жана Токмок шаарлары кызматташат 

 Форумдун алкагында Кытайдын Линьи менен Чүй облусунун Токмок шаарларынын ортосунда муниципалдык тармакты өнүктүрүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Анда айыл чарба өнүрүшү, соода, шаар инфраструктурасы ж.б. тармактар боюнча да кызматташуусу каралды.

      Шаньдунь провинциясына караштуу Линьи калаасынын өкмөтүнүн вице мэри Го Хуншуй мырзанын маалыматына таянсак,Линьи калаасында 12 млн. калк жашаган абалкы тарыхы, туристтик ажайып кооз жайлары бар. Шаардын глобалдык соода-логистикалык операциясынын көлөмү 2023-жылы 610 млрд. юанга жетип, Кытайдын шаарларынын ичинен 45 орунду ээлеген. «КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин ачык интеграциялашуу жалпы тенденцияга ээ болгон азыркы учурда, Кытай рыногун дүйнөнүн рыногуна айлантуу милдетин койду, — дейт ал. – Акыркы жылдардан бери биз интеграциянын мүмкүнчүлүгүн колдонуп, «Бир алкак- бир жол» демилгесинин алкагында 29 мамлекет менен соода-экономикалык мамиле түзүп, 294 инвестициялык жана соода операциялык долбоорду ишке ашырдык. Анын натыйжасында импорт менен экспорттун жалпы көлөмү 500 млрд. юандан ашты».

      Линьи шаарында жыгач иштетүүчү, азык-түлүк чыгаруучу жана металлургия өндүрүшүнүн көлөмү 803 млрд. юанга жетип, Кытайдагы өнөр жай өндүрүшү өнүккөн 100 шаардын ичинен 53 орунга чыгыптыр. Мында товардын 6 млрд. түрү бар болгону үчүн адам ойлогонунун баардыгын сатып алган артыкчылыкка ээ экен. Ал эми 2023-жылы жалпысынан 160 көргөзмө-жарманке өткөрүлгөн. Андан Линьи шаарынын соода жүгүртүүсү 34 млрд. юанга жетиптир. 2024-жылдын 1-жарымында 70 ашык ар кандай көргөзмө-жарманкелер өткөрүлгөн.

      Кыргызстан менен Линьи шаарын байланыштырган жагдайлар абдан арбын. Ошондой эле Кытай – Линьи – Кыргызстан – Бишкек эл аралык авторанспорт линиясы бүткөрүлгөн. 2023-жылдын сентябрь айынан азыркыга чейин 70 вагон 1540 тонналуу товарлар Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Мындан эки өлкөнүн шаарлар аралык карым-катышынын өнүгүү мүмкүнчүлүгү бар экени көрүнүп турат.

Медицина тармагы инвестицияга муктаж 

Акыркы жылдары өлкөдө медицина тармагындагы объектилер курулуп, оңдоодон өткөрүлүп жатат. Бирок, жаңы технологияларды тартуу жагынан башканы айтпаганда да, кошуна республикалардан артта калдык. Ооруканалар жана бейтапканалардын көп бөлүгү өткөн кылымдын 60-жылдары курулган бойдон эски типтеги шартта иштейт. Ал эми калктын чоң агымын көтөргөн көп профилдүү ооруканалар салына элек.

     Саламаттыкты сактоо министринин орун басары М.Исмаилов медицина тармагы тышкы инвестицияга муктаж болгон бир нече долбоорду сунуштады. Мисалы, жакынкы жылдардан бери өлкөдө мамлекет жана жеке өнөктөштүк мыйзамынын алкагында Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда гемодиализ борборлорун куруп, ишке берүү долбоорлору турмушка ашырылган. Мамлекет жана жеке өнөктөштүк иштөө принциби өз натыйжалуулугун көрсөткөн соң, бул жаатта кызматташууга ишкерлерди тартууга болот.

Бир жылдан бери Кыргызстанда боорду, бөйрөктү алмаштыруу операциялары жасалып жатат. Ушуга байланыштуу жаңы имараттарды куруу, заманбап жабдууларды сатып алуу жагы ири инвестицияга мукташ. Андан тышкары, өлкөдө дары заводун куруу зарыл.

     Кыргызстандын Евразия рыногуна, Европа өлкөлөрүнө товар экспорттоого болгон чоң мүмкүнчүлүгүн инвесторлор менен чогуу колдонууга болот.

Автор: Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА

Сүрөт редакцияга таандык

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии