-0.9 C
Бишкек
Пятница, 22 ноября, 2024
ДомойАналитикаКытай компаниясы күн станциясын кура баштады

Кытай компаниясы күн станциясын кура баштады

12-апрелде Ысык-Көл облусунда күн электр станциясын курууга капсула салынды. Иш чарага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь жана жергиликтүү тургундар катышты. Долбоорго кытайлык компания тарабынан 400 млн доллар инвестиция салынаары пландалууда.

     Кытайлык компания ишке ашыра турган долбоор аяктаса, Балыкчы шаарынын Кара-Талаа аймагында 400 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы пайда болот. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында долбоордун башталышына капсула салды. Иш чарага Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси Ду Дэвэнь, кытайлык компаниянын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Акылбек Жапаровдун айтымында бул долбоор бир жарым жыл ичинде аягына чыгат.

    “Күн энергиясын, шамалды жана биогаз технологияларын колдонуу өкмөттүн негизги артыкчылыктарынын бири. Биз 1,5 жылдан кийин күн электр станциясы ийгиликтүү иштей баштайт деген ишенимибизди билдиребиз”, – деди Жапаров.

    Ал күн электр станциясын курууга кытайлык компания тарабынан (Fortis Kg, Molin Energy) 400 млн доллар инвестиция салынаары пландалып жатканын айтты. Ал эми инвестор тарап болсо, долбоорду ишке ашырууга бардык мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирүүдө.

    “Көк-Мойнок айыл аймагына караштуу Кара-Талаа участогунан 700 гектар жер жыйырма беш жылдык мөөнөткө бөлүнүп берилди. Бул аянттын 90 пайызына күн панелдери коюлат. Калган аянтка көмөк чордон курулат. Ал аркылуу Энергетика министрлиги Ысык-Көл көмөк чордонуна кошулууга мүмкүнчүлүк берет”, – деп билдирди “FORTIS KG” ишканасынын башкы директору Бекназар Жекшенкулов.

      Салыштыруу иретинде айтсак, Кара-Талаа аймагына курула турчу 400 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы чыгарган энергия “Ат-Башы” ГЭСи чыгарган энергиядан беш эсе көп же “Күрп-Сай” ГЭСи чыгарган электр кубатынын тең жарымына барабар. Андыктан бул долбоор өлкөнүн энергетикалык абалына олуттуу таасир бере турганын адистер айтышат. Мындан улам ушундай долбоорлорго да артыкчылык берилүүдө. Анткени мында курулуш тез аяктайт, дарыяга дамба курулуп, оор жумуштар аткарылбайт. Каржылоо маселеси да бат чечилет.

    “Бизде күндөн жана шамалдан энергия алган станцияларды курууга ыңгайлуу жерлер абдан арбын болуп жатат. Мисалы жакынкы арада Баткен облусунда дагы 100 гектар жер аянты бөлүнүп берилүүдө. Ал жерге шамал станциясын курууну мерчемдеп жатабыз”,-деди Жашыл энергетика фондунун директору Эмил Орозбаев.

    Белгилей кетсек, энергетика тармагында мындан башка да масштабдуу долбоорлор пландалып, арасында ишке ашып жаткандары бар. Балыкчы шаарынын Кара-Талаа аймагында өткөн капсула салуу иш чарасында Акылбек Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСи, “Куланак” ГЭСи, “Бала-Саруу” ГЭСи жана жүздөгөн чакан ГЭСтердин курулушу жүрүп жатканын айтты. Кыргызстан “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруп, ири гидроэнергетикалык мамлекетке айлана турганын билдирди.

Амантур ШЕРГАЗИЕВ

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии