Бишкек шаарындагы автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борборунун салтанаттуу ачылышына Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын партиялык комитетинин катчысы Линь У, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон сапарында жетишилген макулдашууларга ылайык, өлкөгө Кытайдан чыккан 1000 автобус келиши керек. Учурда борбор калаага 250 автобус келди, дагы 250 автобус 2023-жылдын аягына чейин келет, калган 500 автобус 2024-жылга пландалган.© Все права защищены
