11.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойБИШКЕКТүндүк-Туштүк жолунун бир бөлүгү толук бүттү

Түндүк-Туштүк жолунун бир бөлүгү толук бүттү

“Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 159-183-чакырымын реконструкциялоо” долбоорунун (узундугу 24 чакырым, Дыйкан а. – Кызыл-Жылдыз а., 3- Фаза) алкагында аткарыла турган негизги курулуш иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигини пресс-кызматы билдирет.
Учурда Иш аткаруучу тарабынан жол белгилерин орнотуу, жашыл аянтчаларга айлана турган жерлерди аныктоо, Кызыл-Жылдыз айылында темир-бетон арыктарды коюу иштери жүрүүдө. Ошондой эле, суу өткөргүчтөрдүн кириш-чыгыштарын ылайыкташтыруу жана жарыктандыруу жумуштары аткарылууда. Мындан тышкары, жолдун 176-чакырымында тротуарды демантаждоо жана куруу иштери жүрүүдө.

Жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруунун алкагында Иш аткаруучу тарабынан 24 чакырым жолдун астыңкы жана үстүңкү катмарына асфальтобетон төшөлүп, негизги жолго 53, ал эми съезддерге 31 суу өткөрүүчү түтүктүн, ошондой эле 2 көпүрөнүн курулуш иштери жыйынтыкталды. Белгилей кетсек, долбоор боюнча негизги иштер 2022-жылы жыйынтыкталган. Бул долбоордук участок кепилдик жоопкерчилик мезгилине ээ. Тагыраак айтканда, 2023-жылдын 15-ноябрына чейин жасалган жумуштун жыйынтыгында кемчиликтер аныкталса, аны оңдоо Подрядчы тарабынан жүргүзүлөт.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии