Кытай Эл Республикасынын Гуандун провинциясынын борбору болгон Гуанчжоу шаарын билбегендер арабызда аз болсо керек. Бул шаар өлкө ичиндеги ири 3 шаардын катарына кирип, дүйнөгө “соода-сатык борбору” катары дагы таанымал. Дал ушул шаарда жылына эки жолу — жазында жана күзүндө жашоо болуп көрбөгөндөй жанданат. Анткени бүтүндөй дүйнө жүзүнөн келген ишкерлер Кытайдагы эң ири көргөзмөгө — Кантон жарманкесин көрүү үчүн бир жерге чогулушат.
Атактуу Кантон жарманкеси “Кытайдын экспорттук жана импорттук жарманкеси” деп дагы аталат. Ал Кытайдагы сувенирлерден, кийим—кечеден, автоунааларга жана техникалык жабдууларга чейинки бардык багытты ичине камтыган эң ири көргөзмө. Дүйнөдө бул жарманке “эл аралык кытай соодасынын барометри” наамына дагы ээ, анткени дал ушул жерде гана Кытайда жасалган дээрлик бардык товарлар менен таанышып, сатып алууга болот.
Кантон жарманкеси Гуанчжоу шаарында 1957-жылдан бери уюштурулуп келет. Алгачкы көргөзмөгө 13 өндүрүүчүлөрдүн продукциялары көрсөтүлүп, 15тен ашык өлкө катышкан. Ал эми көргөзмө 2002-жылдан бери Кантон сайтынын “туруктуу үйү” болуп калган Пачжоу көргөзмө борборунда уюштурулууда. Быйыл 2024-жылы Кантон жарманкесинин 136- көргөзмөсү 15-октябрдан 4-ноябрга чейин өткөрүлмөкчү.
Экспорттук жана импорттук товарлардын заманбап жарманкеси масштабы, экспоненттеринин жана конокторунун саны боюнча дүйнөдө экинчи орунду ээлейт. Ал “Күмүш” статусун 2004-жылы күзүндө, Кантон жарманкесинин 96-сессиясы уюштурулганда алган.
Кантон жарманкесин өткөрүү мезгили кокусунан тандалып алынган эмес
Жарманке жылына эки жолу өткөрүлөт. Көргөзмөнүн убактысын тандоодо бардык зыяратчылардын каалоолору эске алынган. Уюштуруучулар ар кайсы өлкөлөрдүн климаттык шарттарынын айырмачылыктарын, керектөөчүлөрдүн суроо-талап жана сунуш өзгөчөлүктөрүн, этникалык майрамдар сыяктуу факторлорду эске алышкан. Жыйынтыгында апрель-май жана октябрь-ноябрь айлары эң ыңгайлуу деп эсептелинген. Кытайда, бул убакта аба ырайы бизнес саякаты үчүн абдан жагымдуу келет. Жазында температура +22 градустан ашпаса, күзүндө болсо +24 градустан жогору болбойт.
Көргөзмө үч этап менен өткөрүлөт, ар биринде зыяратчылар товарлардын ар кандай категориялары менен тааныша алышат. Биринчи этапта турмуш-тиричилик приборлору, өнөр жай жана электр жабдуулары, курулуш материалдары көргөзмөгө коюлат. Экинчи бөлүгүндө эл керектөөчү товарлар, керамика, сувенирлер, белектер ж.б. болот. Ал эми үчүнчү этапта — дары-дармектер, кийим-кече, бут кийим, аксессуарлар жана кытай өндүрүүчүлөрүнүн кездемелери эл алдына сунушталат.
Бул учурда дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген миңдеген коноктор комплекске кирип-чыгып, киши абдан көп болот. Ошондуктан жарманкеге жөн эле кызыгып келген жергиликтүү калк киргизилбейт. Алдын-ала катталбай, сатып алуучунун карточкасы жок чет элдиктер дагы көргөзмөгө кире алышпайт.
Жарманкеде жыл сайын 150 миңден ашык товардын түрү коюлат. Көргөзмөнүн үч жумасынын ичине Пачжоу ири комплексинде Кытайдын өнөр жайынын бардык күчтүү жактары камтылган. Транспорт, техникалык жабдуулар, тиричилик техникасы, атайын техника, шаймандар, курулуш материалдары, химиялык буюмдар, механика, декоративдик буюмдар, белектер жана сувенирлер, эмеректер, идиштер, текстиль, кийим-кече, бут кийим, аксессуарлар, медициналык буюмдар, кеңсе буюмдары жана тамак-аштын түрлөрү менен таанышууга болот.
Иш-чарага жыл сайын дүйнөнүн 210дон ашуун өлкөнүн өкүлдөрү келишет. Алар жалпысынан 200 000ге жакын адамды түзөт.
Албетте, бул жерге ишкерлер, экспорт жана импорт боюнча адистер келип өздөрүн кызыктырган тармактар боюнча кызматташып, макулдашууга кол коюшат. Чындыгында, дал ушул жерде заманбап кытай товарлары менен жакындан таанышып, өндүрүүчүлөр менен түздөн-түз, ортомчусу жок соода-сатык алакасын куруу үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүктөр сунушталат. Ошондой эле бул жарманкеге эң ишенимдүү гана компаниялар катыша алат. Алардын капиталы жана документтери уюштуруучулар тарабынан тыкыр изилденип, каралат. Андыктан Кытай рыногу менен таанышып, өнөктөш издеп, же кызматташып, эл аралык соода-сатык иштери менен алектенүүгө аракет кылып жаткан ишкерлер үчүн бул жарманке эң жакшы мүмкүнчүлүк десек жаңылышпайбыз.
Пачжоу көргөзмө залы Азияда биринчи орунда турат
Пачжоу көргөзмө комплекси өзүнүн масштабы боюнча дүйнөдө үчүнчү жана Азияда биринчи орунда турат. Бирок ал өзүнүн масштабы менен гана эмес, “фантастикалык” дизайны менен дагы өзгөчөлөнүп турат. Комплекс он алты аймакка бөлүнгөн. Көргөзмө залдары кыдыруу үчүн абдан ыңгайлуу. Жарманкенин лабиринттеринен адашып кетүү мүмкүн эмес. Ар бир бурч же коридор белгилер менен жабдылган, кесилиштерде сизди залдардын чоң карталары жана чакан электромобилдер күтүп алат. Ал эми эскалаторлордун узун ленталары бир павильондон экинчи павильонго чейин жеткирүүгө ыңгайлаштырылган. Көргөзмөнүн уюштуруучулары катышуучулар жана алардын жайгашкан жерлери тууралуу бардык керектүү маалыматтарды камтыган өздөрүнүн мобилдик тиркемесин сунушташат. Ошондуктан бул жарманкеде сиздин ийгиликтүү сапарыңыз үчүн бардык мыкты шарттар түзүлгөн.