6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 18-июлда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун I туру башталды. Биринчи тур 20-июль күнү саат 14.00дө аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, абитуриенттер ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун графиги төмөндөгүдөй:

— I тур — 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин;

— II тур — 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;

— III тур — 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;

— IV тур — 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии