6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕБек Исраилов "Славян базары - 2022" эл аралык фестивалында 3-орунду ээледи

Бек Исраилов «Славян базары — 2022» эл аралык фестивалында 3-орунду ээледи

2022- жылдын 18-июлга караган түнү Витебск шаарында (Беларусь) 31-эл аралык музыкалык фестивалы жыйынтыкталып, кыргызстандык Бек Исраилов 3- орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, Музыкалык фестивалдын калыстар тобунун мүчөлөрү болуп, Лариса Долина, Вреж Кирокосян, Руслан Алехно, Микаэла Роуз (Арабеск тобунун солисти), Леонид Пташка, Марио Стефано Пьетродарчи жана Яна Клавина болгон.

«Славян базары» — 1992-жылдан бери Витебск шаарында жыл сайын өтүүчү эл аралык искусство фестивалы. Бул Беларусия, Россия жана Украинанын жалпы маданий иш-чарасы катары иштелип чыгып, мыкты таланттардан ордосуна айланган.

Исраилов Бек Жолдошбекович 1992- жылы 12-октябрда Ысык- Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бар- Булак айылында туулган. Ал 2017-жылы К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясын аяктаган.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии