11.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКөзөмөл-кассалык аппараттар менен иштөө – өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө өз салымын кошмокчу

Көзөмөл-кассалык аппараттар менен иштөө – өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө өз салымын кошмокчу

Үстүбүздөгү жылдын 18-январында кабыл алынган жаңы Салык кодексине ылайык, Кыргызстанда ишкердик субъектилер жапырт көзөмөл-кассалык аппараттар менен иштөөгө милдеттендирилген. Бирок бул мыйзам кабыл алынардан мурун да, андан кийин да ири базарлардагы соодагерлердин, ишкердик ассоциациялардын нааразычылыгын жаратты.

Митинг Бишкек шаарында, ушундай эле нааразычылык акциялары Талас, Ысык-Көл, Ош шаарында дагы болуп өттү. Алар көзөмөл-кассалык жабдыгын (ККМ) жана электрондук эсеп фактураларын жокко чыгарууну талап кылууда. Ошондой эле жеке ишкерлер ККМ колдонуу кымбатчылыкка алып келерин айтышууда.

Ал эми өкмөт өкүлдөрү кассалык жабдыкты колдонуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн мамлекетке так көрсөтүп бергендиктен, айрым таза эмес ишкерлер башкаларды пайдаланып каршылык көрсөтүп жатат деп эсептейт.

13-июнда өкмөт үйүнүн алдына көзөмөл-кассалык аппаратына (ККМ) каршы нааразычылык акциясына  чыккан соодагерлер менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жолугушту. Бул жерде дүкөн иштеткендер ККМ жана эсеп-фактуранын киргизилишине каршы экенин айтып, патент системасы калышын талап кылып, учурда ККМ колдонбогондорго айып салынып жатканын билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул аппаратты колдонуу убактылуу токтотулуп турарын, митингге чыккандардын өкүлдөрү менен маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айтып, ККМ менен эсеп-фактура чоң ишканалар үчүн жокко чыгарылбай турганын белгиледи.

Жыйынтыгында нараазычылык  акциясына чыккандардын арасынан жана тиешелүү өкмөттүк органдардан атайын жумушчу топ түзүлүп, бул багытта биргеликте изилдеп, иш алып баруу пландаштырылды.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда өлкө боюнча 50 миң көзөмөл-кассалык машине колдонулуп жатканын айтты.

“2021-жылы 1-сентябрына карата республика боюнча 21 миң 191 ККМ же болбосо 306 адамга бир аппарат катталса, 2022-жылдын 27-июнга карата баары 50 миң 307 ККМ же 134 адамга бир аппарат катталды”, — деди Жапаров.

Ал ККМ аппарат көмүскө экономиканы кыскартуу үчүн зарыл экенин белгилеп, эсеп-фактура мыйзамсыз соода-сатык менен алектенгендерди аныктоого жардам берерин билдирди.

Ишкерлер үчүн көзөмөл-кассалык машиналарды ишке киргизүү үчүн эң ийкемдүү шарттар түзүлмөкчү

Ишкерлер үчүн көзөмөл-кассалык машиналарды ишке киргизүү үчүн эң ийкемдүү шарттар түзүлөт. Ошол эле учурда салыктарды төлөө Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын конституциялык милдети болуп саналат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүүнүн алкагындагы сунуштарды талкуулоо боюнча жумушчу топтун отурумунда билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин жана ККМди милдеттүү түрдө киргизүүгө каршы чыккан ишкерлердин 10 күндүк ишинин жүрүшүндө иштелип чыккан Жумушчу топтун сунуштары талкууланды.

Жумушчу топтун бардык сунуштары кеңири талкууланып, Министрлер Кабинетинин башчысы алкоголдук ичимдиктерди, курамында алтыны бар продукцияларды, мунай продуктуларын сатуу менен алектенген ишкерлер контролдук-кассалык машиналарды кыйшаюусуз колдонууга жана сатылып жаткан продукцияга эсеп-фактураларга ээ болуусу тийиш экендигин баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө ишкерлердин маалымат алуусун жогорулатуу боюнча ишти улантуу чечими кабыл алынды, анткени алардын көпчүлүгү көзөмөл-кассалык аппараттарды кантип иштетүүнү түшүнбөй жатканын моюнга алышты.

Кеңешменин жыйынтыгында бир катар чечимдер, анын ичинде үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге ишкердик менен алектенген чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпесе, аларды салыктан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Жумушчу топтун кезектеги жыйыны бир жумадан кийин өтүп, анда ишкердиктин башка категориялары талкууланып, ал үчүн контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү үчүн өзгөчө шарттарды түзүү каралууда.

Чек талап кылып, байге утуп ал! 

Көзөмөл-кассалык жабдыкты жайылтуунун жолу катары Салык кызматы 10-майда чек талап кылгандар үчүн кызыктыруучу лотереялык оюнду баштаган. Лотереяга кардарлар сатып алуудан алган кассалык чектери менен катыша алат. Өкмөт бул акция соода жайларында кассалык чекти талап кылууга түрткү берет деп эсептейт.

1-июль күнү Ала-Тоо аянтында Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын биринчи утушу болуп өттү. Лотереянын шартына ылайык, биринчи турда эки автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 даана ар кандай тиричилик техникасы жана бизнес-өнөктөштөр тарабынан берилген башка баалуу байгелер ойнотулду.

Мындан сырткары, иш-чара эстрада ырчылардын катышуусунда шаңдуу концерт жана кызыктуу шоу-программа менен коштолду.

Лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп, каттоодон өтүү жана товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу зарыл. Андан соң мобилдик тиркемеге алынган кассалык чектин QR-кодун сканерден өткөрүү жетиштүү.

Чектер канчалык көп болсо, байгелердин бирине ээ болуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.

Лотереяга 60 миңден ашуун адам катышууда. МСКнын маалымат кызматы билдиргендей, утушка «Салым чек» тиркемеси аркылуу сканерленген кассалык чектердин суммасынан түзүлгөн 3 млн 449 миң 959 билет катышты.

Жеңүүчүлөр сандарды туш келди тандоо ыкмасы менен (рандом) аныкталды.

Эң башкы байгелердин ээлери болуп төмөнкүлөр аныкталды:

KIA Rio автомобили

– Жаңыбаев Эрнист Кулмамбетович;

Hyundai Creta автомобили

– Жуманова Аиза Нурдановна;

ККМди колдонуу жокко чыгарылган жок жана чек талап кылганга чейин сатып алуучунун колуна берилиши керек

Салык кызматы акыркы күндөрү көзөмөл-кассалык аппаратка (ККМ) байланыштуу жарандардын даттануусу көбөйгөнүн билдирди.

Мекеменин берген маалыматында: “Салык органдарына жарандардан айрым соода түйүндөрүнөн товар сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чек берүүнү токтоткону жөнүндө даттануулар түшө баштады. Алардын айтымында, “ККМди колдонуу жокко чыгарылды” деген жүйө менен кассалык чек берүүнү токтотушууда.

Ушундан улам Салык кызматы ККМди колдонуу жокко чыгарылбаганын жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон бардык ишкерлер кардарларга кассалык чек бериши керектигин билдирет. Мындан тышкары, чек талап кылганга чейин кардардын колуна берилиши керек”, -деп айтылат.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии