6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕЖардам сурайбыз - Асия менен Амиранын бактылуу балалыгы сиздин колдо!

Жардам сурайбыз — Асия менен Амиранын бактылуу балалыгы сиздин колдо!

Ар бир бала бактылуу балалыкта жашоого укугу бар. Бирок алты жаштагы Асия менен төрт жаштагы сиңдиси Амира учурда балалыктын таттуу күндөрүн оюн-күлкү менен өткөрүүнүн ордуна, үй менен ооруканадан чыкпай өткөрүп келишет.  Учурда эже-сиңди экөө тең коомчулуктун колдоосуна муктаж. Анткени алар төрөлгөндөн баштап эле Эна жана баланы коргоо Улуттук борборундагы кан оорулар бөлүмүндө каттоодо турушат. Жашоо үчүн ар 20 күн сайын экөө тең 250 граммдан кан куйдуруп туруулары керек.

Эже-сиңдиге онкологиялык “талассемиянын” оор түрү деген диагноз коюлган. Асия менен Амиранын толук сакайып кетиши үчүн Түркия мамлекетинен жүлүндөрүн алмаштыруу зарыл. Ал үчүн ар биринин операциясына 110 000 доллардан, жалпы 220 000 доллар акча каражаты керек. Бирок карапайым үй-бүлөнүн ага шарты жок болгондуктан, кайрымдуу инсандардан жардам сурашат.

Эже-сиңдинин атасы Юсуп Мейсанов: “Кыздарыбыздын бардык кагаздарын карап, Индиядан “талассемия” деген диагноз коюшту. Эки кызым тең төрөлгөндөн бери азап чегип келишет. Эгерде жүлүндөрүн алмаштырса, анда дары-дармексиз кан куйбай эле жашаганга болот экен. Биз операция кылуу үчүн ыңгайлуу деп Түркияны тандадык. Түрк дарыгерлери эки кызымдын операциясына 220 000 доллар керек дешти. Мындай акчаны табуу чын эле оор. Өзүбүз ижарада турабыз. Ошондуктан, коомчулуктан жардам сурайбыз. Урматтуу, кайрымдуу жарандар Асия, Амина кыздарыбыздын өмүрүн сактап калуу үчүн жардам бериңиздер, суранабыз”.

Асия менен Амирага бала бакчага, элдүү жерге барганга дагы болбойт. Алардын иммунитеттери өтө алсыз болгондуктан, сырттан келген вирустарды жуктуруп алуу тобокелчилиги абдан чоң. Ошондуктан, апасы Алия 24 саат бою кыздардын жанында болуп, өздөрүнө ылайык тамак-аш даярдап берет. Анын айтуусунда, ал кыздарын таштап иштей албайт. Экөөнүн тең гемоглобиндери бир айга жетпей түшө баштайт. Андыктан ар дайым көзөмөл керек.

Алты жаштагы Асиянын көк боору чоңоюп кетип, эки жашында аны операция жолу менен алдырган. Ошондой эле ай сайын кан куйдуруп жүрүп, геппатит В вирусун дагы жуктуруп алган. Негизи эже-сиңдинин операциясына жакын адамдар гана донор боло алат. Ата-энеси текшерүүдөн өтүшкөн, бирок алардыкы 50%га гана жыйынтык болот. Андыктан сырттан донорду дагы сатып алуусу керек.

Эки баланын дарыланууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билген Юсуптун туугандары жана достору аларга жардамга кол сунса, калгандары алар үчүн Кыргызстандагы Балдарды коргоо фондуна кайрылышкан. Фонддун жардамы менен Кыргызстандан бир нече сүрөтчүлөр өз эмгектерин кайрымдуулук аукциондоруна алып чыгып, аукциондон түшкөн каражатты эки эже-сиңдиге которду.

Юсуптун бир тууган агасы Муса көп жылдан бери Кыргызстандын Дордой базарында кытайлык ишкерлер менен биргеликте иштешет. Инисинин үй-бүлөсүндөгү кыйынчылык тууралуу директоруна айтып бергенде, жалпы кытай жарандары аларга жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Учурда эже-сиңдинин жаркын келечеги үчүн жеке гана Кыргызстандагы кытай ишкерлери колдоо көрсөтпөстөн, Өзбекстандагы кытай жарандары дагы өз көмөгүн көрсөтүүдө.

Балдар – келечек ээси. Достук, кайрымдуулук улут, түс, динге бөлүнбөйт. Бул адамдык сапат.

Ошондуктан, бул жерде биз дагы жалпы Кыргызстан элин эки бир тууганга жардам берүүгө чакырабыз. “Көп түкүрсө, көл болот”демекчи, ар бирибиз колубуздан келген сумманы которуп, Асия менен Амиранын бактылуу балалыгына, жаркын келечегине жол ачып берели.

Кимде-ким жардам бергиси келсе “Шелковый путь. Культурное развитие” гезитинин редакциясына кайрылсаңыздар болот.

Телефон: 0551 176 666

Дарек: Н. Исанов көчөсү 172

Ошондой эле, ушул реквизиттерге акча которсоңуздар болот:

KASPI GOLD 4400430136653224  RAMILIA SULEEVA атына;

 Сбербанк 4279380696223637 YUSUP MEISANOV атына;

 Элькарт Visa 1030420204109356 Мейсанов Юсуп атына;

 Demir Bank 4215890118954442 YUSUP MEISANOV атына;

 Demir Bank 1180000199059061 YUSUP MEISANOV атына;

 Мбанк на номер 0554388884 Юсуп Мейсанов атына;

 О Деньги! +996505745746 Алина Вудунлар атына;

 Эльсом! + 996505745746 Алина Вудунлар атына;

 Optima Bank 4169585342085189 Alina Vudunlar атына.

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии