2021-жылы Кытай Коммунисттик партиясы 100 жылдык мааракесин белгилөөдө. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, 1921-жылдын 23-июль күнү ККП түзүлүп, өзүнүн саясий ишмердүүлүгүн баштаган. Мына ушул убакыт аралыгында Кытай дүйнөлүк державага айланып, алдыңкы мамлекеттердин катарын толуктай алды.
Учурдан пайдаланып, ККПнын 100 жылдык мааракесине карата Кыргызстан Аялдар Конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева менен баарлашып, анын Кытай, ККП тууралуу оюн уктук. Муну менен эле катар Кыргызстан Аялдар Конгрессинин КЭР менен болгон тыгыз кызматташуусу жөнүндө дагы маалымат алдык.
Бүткүл Кытай Аялдар Федерациясы жана Кыргызстан Аялдар Конгресси ар дайым тыгыз байланышта
-Мен билгенден эмгекчилдик жана туруктуулук кытай элине мүнөздүү сапаттар. 5000 жылдан ашуун убакыт ичинде кытай эли тырышчаактык жана берилгендик менен дүйнөлүк цивилизациялардын өнүгүшүнө маанилүү салым кошту. Кытайдын Коммунисттик партиясынын жетекчилиги астында кытай эли ар кандай кыйынчылыктарды жеңип, жакыр жана артта калган өлкөдөн дүйнөдөгү экинчи экономикага айландырды. Чындыгында Кытайдын ийгиликтери кытай элинин өжөрлүгү, эмгекчилдигинин арты менен жетишилди.
Кытай жана Кыргызстан «Бир алкак-бир жол» долбоорунун негизинде дагы ийгиликтүү иш алып барышууда.
Кыргызстан Аялдар Конгресси Кытай Элчилиги менен алгачкы ачылган күндөрдөн бери кызматташып келет. КЭРдин бардык элчилери көрүнүктүү инсандар, мыкты дипломаттар. Өлкөнүн аялдарынын атынан КЭРдин Кыргызстандагы элчилигине ыраазычылыгымды билдирем. Кытай жана дүйнө коомчулугу үчүн ушундай маанилүү мезгилде Кытайдын Кыргыз Республикасындагы Элчилигин КЭРдин КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айым жетектеп келет. Элчи айымдын кесиптик тажрыйбасы, дипломаттык жана адамдык сапаттары эки мамлекеттин достугун бекемдеп, кызматташуу алакаларын бекемдеп жаткандыгын көрүүдөбүз.
Биздин оюбузча, Кытайдагы аялдардын ийгилиги мисалы — «эл үчүн» өкмөттү башкаруунун айкын мисалы. Кытайда аялдар асмандын жарымы деп эсептелет жана үй-бүлөлүк очоктун камкорчусу, эне катары гана эмес, коомдук ишмерлер, өз ишинин профессионалы катары да маанилүү ролду ойношот. Кытай өкмөтү аялдардын коомдогу ордуна жана мыйзам чыгарууда алардын кошкон салымын көтөрүүгө жакшы көңүл бурат.
Кытай Конституциясында аял, эркек киши саясий, экономикалык, маданий жана коомдук иш-аракеттерде, үй-бүлөлүк жашоодо бирдей укукка ээ деп айтылган. Кытай Эл Республикасы түзүлгөндөн бери Кытайда аялдардын абалы кескин өзгөрдү. Аялдар арасындагы сабатсыздык 90% дан 7% га чейин кыскарды, студент кыздардын саны 50% дан ашты, орточо жашоо узактыгы 79 жашка жетти, жумушка орношкон аялдардын саны 340 млн, бул өлкөдөгү жумушчулардын дээрлик 40% түзөт. Кытай аялдары Кытайдын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүндө барган сайын маанилүү ролду ойноп жаткандыгына күбөбүз. Муну менен эле катар алар Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого салым кошуп келишет. Бүткүл Кытай Аялдар Федерациясы жана Кыргызстан Аялдар Конгресси ар дайым тыгыз байланышта болуп келген. Алдыда дагы ийгиликтерди бирге багынтмакчыбыз.
2019-жылы Бүткүл Кытай аялдар федерациясынын делегациясы Бишкекке келип, ШКУ Аялдарынын экинчи форумуна катышты. Кытай Элчилиги биздин өлкөлөрдүн аялдар уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты ар дайым колдоп жана өнүктүрүп келүүдө.
2020-жылы башталган коронавирус эпидемиясына каршы күрөштө кытайлык аялдар кайраттуулукту, берилгендикти жана кесипкөйлүктү көрсөтүштү. Элдин урмат-сыйына жана сүйүүсүнө ээ болушту. Мисалы Кытайдын ар кайсы шаарларынан Уханга жиберилген 42000 медициналык кызматкерлердин жарымынан көбү аялдар болгон. Коронавирус инфекциясы менен күрөшүүнүн оор күндөрүндө кытай жана кыргыз элдери бири-бирин колдоп турушту. Ушундай достук кызматташуу менен биз эпидемияны биргеликте жеңебиз.
ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин позициясы ага мүчө мамлекеттердин коопсуздугун сактоо үчүн гана эмес, бүтүндөй Евразия континенти үчүн чоң мааниге ээ
-Ал эми ШКУ тууралуу айта турган болсок, бул тема дагы бизге абдан жакын. Кыргызстан Аялдар Конгресси — ШКУ аялдар форумунун Кыргызстандагы координатору. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин ШКУ Аялдар форумун өткөрүү демилгеси менен миллиард аялдын терең урмат-сыйына ээ болду.
ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин позициясы ага мүчө мамлекеттердин коопсуздугун сактоо үчүн гана эмес, бүтүндөй Евразия континенти үчүн чоң мааниге ээ. ШКУ КМШ өлкөлөрүнүн өнүгүшү үчүн абдан маанилүү. Анткени ал күчтүү жана таасирдүү эл аралык уюм. Мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер чыңдалып, экономикалык жана каржылык кызматташтык чөйрөлөрү гана кеңейбестен, улуттук экономиканын башка тармактарындагы кызматташтык дагы бекемделүүдө. Батыш Кытайдан Европага жана Жакынкы Чыгышка Борбордук Азия аркылуу транспорттук каттамдарды түзүүгө ондогон миллиард инвестицияларды камтыган жаңы Жибек Жолу долбоору дагы ШКУга мүчө мамлекеттердин экономикасынын өнүгүшүнө чоң түрткү берээри шексиз.
Кыргызстан үчүн ШКУнун алкагындагы бардык иш-чаралар чоң саясий жана экономикалык мааниге ээ. Азыр дүйнөлүк тартиптин жаңы форматын издөө процесси жигердүү жүрүп жатат, ошондуктан эл аралык саясат жана мамилелер маселелери Кыргызстандын келечектеги абалын аныктайт. Кыргызстан буга чейин Кытай менен кызматташуудан көптөгөн жеңилдиктерге ээ болгон. Кытай машиналарын жана материалдарын импорттоонун аркасында, кыргыз тигүүчүлүгү нөлдөн баштап түзүлгөн. Кытай бир катар стратегиялык инвестициялык долбоорлорго миллиард доллардан ашуун каражат жумшады. Мисалы, жол куруу, гидроэнергетика ж.б. Кийинки кадам — темир жолдун курулушу.
Шанхай Кызматташтык Уюму чоң жана функционалдык жактан келечеги бар. ШКУ мүчө мамлекеттердин катарында гана эмес, жалпы планетанын социалдык турмушуна ар тараптуу таасири менен кеңейе берери шексиз. ШКУ анын мүчөлөрүнүн жана көйгөйлүү 21-кылымдын көптөгөн башка өлкөлөрүнүн өнүгүшүнө оң таасирин тийгизди.
Адамзат дүйнөлүк башкаруу борборунун Батыштан Чыгышка өтүшүнүн алдында турат. Адамзаттын заманбап тарыхынын өнүгүү жүрүшү жана учурдагы саясий контекст ШКУну азиялык жол менен жаркын, жигердүү жана чечкиндүү болууга милдеттендирет жана, албетте, ал адамгерчилик менен чечимдерди кабыл алууда калыстык менен айырмаланып турат.
ККП – 100 жылдык маараке кут болсун!
-Сөз соңунда Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин атынан улуу Кытай элин Кытай Эл Республикасынын КПнын 100 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктоого уруксат этиңиз. Кытай элине ийгилик, чың ден-соолук, бакыт жана бакубат жашоо каалайбыз.
Жүз жылдык кажыбас-кайраттуу күрөш жана тайманбастык менен алга жылуу үчүн, ККП ар дайым өзүнүн миссиясын жана Кытай элинин бакубаттуулугун камсыз кылуу жана кытай улутунун кайра жаралуусуна жетишүү максатын карманып, үзгүлтүксүз реформаланып, мезгил менен теңтайлашып, жана талыкпай күрөштү. Кытай эли ККПнын жетекчилиги астында өлкөнүн улуттук өзгөчөлүктөрүнө ылайык өнүгүү жолуна түшүп, тарыхый секирик жасады: алар бутуна туруп, жыргалчылыгын жакшыртып, күчтүү жана кубаттуу мамлекетке айланып бара жатышат.
Си Цзиньпиндин төрагалыгы алдында Кытай бүгүн заманбап жана кубаттуу социалисттик өлкөнү куруунун жаңы жолуна түштү. Жаңы доордо Кытай күн сайын дүйнөлүк аренанын борборуна жакындашып, адамзаттын өнүгүшүнө уламдан-улам чоң салымын кошуп, өзүнүн өнүгүүсү менен дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүү күч алууда.
Кытай Коммунисттик партиясы кылымдарды карыткан тарыхы, ошондой эле, сансыз сыноолорду жана чыңдоолорду башынан өткөрүп, бекемделген жана жаңы доорго кадам таштаган өнүгүү жана кытай-советтик мамилелердин тарыхы болуп саналат. Учурда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелер тарыхтагы эң жакшы мезгилде — өлкөлөр бири-бири үчүн стратегиялык кызматташтыкта эң маанилүү жана негизги өнөктөштөр болуп, жогорку деңгээлдеги өз ара ишеним жана кызматташтык багытта иш алып барууда. Биздин өлкөлөр көп тараптуу эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтет жана тереңдетет, жакшы коңшулаштыктын жана достуктун үлгүсү бойдон кала берет деп ишенебиз.
Автор:Чолпонай Турдакунова