6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КИТАЕЧай ичүү салтка айланганда, жөнөкөй нерседен улуулукту көрө билүү жөндөмү өсөт -...

Чай ичүү салтка айланганда, жөнөкөй нерседен улуулукту көрө билүү жөндөмү өсөт — чай маданияты кытай элинде

Кытай – чайдын мекени. Коңшу өлкөдөгү чай маданияты өз элинин жашоосунда өзгөчө мааниге ээ. Кытайдагы чай салты башка өлкөлөрдөн, атүгүл Вьетнам, Корея, Япония сыяктуу өлкөлөрдөн дагы абдан айырмаланат. Чай ичүү каадасы үйдө да, расмий жолугушууларда дагы өткөрүлөт.

Чай Кытайда абдан популярдуу болгондуктан, ал салттуу кытай медицинасында, ал тургай тамак-аш даярдоодо дагы колдонулат.

Кытай маданияты үчүн чайдын мааниси 

Чай кытай элинде суусундуктардын патриархы болуп саналат. Ал жакта чай асман менен жердин бириккен жеринен жаралган деп айтылат. Кытайда анын функциялары ар түрдүү. Ал дарылык суусундук катары да, чарчоону басуучу, эркти жана көз карашты чыңдоочу суусундук, өлбөстүктүн дарысы катары дагы колдонулган. Ошондой эле кулпурган чачтын майына жана ревматизмдин дарысына дагы чай кошушкан.

Коом өнүккөн сайын, чай адамдардын күнүмдүк турмушуна кирген. Аны менен катар эле чай маданияты, салттары да тамыр жайган. Алгачкы чайханалар пайда боло баштаган.

Чай маданиятынын өнүгүшүндө буддизм, конфуцийчилик жана даосизм чоң роль ойногон. Мисалы, тоолордо жайгашкан будда храмдарынын аймагында чай өстүрүү салтка айланган. Чайга рухий маани бериле баштаган.

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, чай музыка менен тыгыз байланышта. Коомдун жогорку катмарлары чай ичип отурганда кызматчылар музыкалык аспаптарда ойношчу. Мындан тышкары, чай чогултуу жана кайра иштетүү процессинде адамдар музыка жана бийдин жардамы менен эмоционалдык стресстен арылышат. Чай бийлери, ырлары да бар. Кытайда болсо чай терүү операсы дагы коюлуп келет.

Кытайдагы чайдын жакшы көргөн түрлөрү: Тэ Гуань Инь, Пуэр, Жасмин, Жэнь Шэнь, Улун.

Сый-урматтын белгиси катары чай ичүү

Салттуу кытай коомунда жаштар улуу муунга сый-урмат көрсөтүп, чай берип турушат. Чайканага чакыруу жалпы майрамдык иш-чара болуп саналат. Бирок, кээде ата-энелер балдарына камкордугун көрсөтүү үчүн бир чыны чай куюп коюшу мүмкүн. Ошондой эле жетекчилер дагы эмгек жамааттын ынтымагын бекемдөө үчүн кол алдындагыларды чайга чакырып, биргеликте убакыт өткөрүп турушат.

Үй-бүлөлүк чай кечеси – ыраазычылык белгиси 

Балдар чоңоюп, үй-бүлө очогун таштап, ата-энелери менен азыраак убакыт өткөрүшөт. Ошондуктан ресторандарга барып, чай ичүү үй-бүлөлүк байланыштарды калыбына келтирүү үчүн маанилүү окуя болуп саналат. Дем алыш күндөрү, өзгөчө майрам мезгилинде кытай ресторандары үй-бүлөлөргө жык толот. Бул көрүнүш дагы кытайлык үй-бүлөлүк баалуулуктар арасында чайдын маанисин толук чагылдырат десек болот.

Муну менен катар эле, Кытайдын салттуу үйлөнүү үлпөт аземинде кыз менен күйөө ата-энесинин алдына чөгөлөп, чай сунушуп, алардын берген тарбиясы үчүн ыраазычылык билдиришет. Кээ бир учурларда кыз күйөө баланын үй-бүлөсүнө чай берип, күйөө бала кыздын үй-бүлөсүнө кызмат кылат. Бул процесс эки үй-бүлөнүн биригүүсүн билдирет.

Кытай маданиятында чай расмий кечирим суроонун бир бөлүгү катары дагы сунушталышы мүмкүн. Мисалы, өз күнөөсүн түшүнгөн балдар ата-энесине өкүнүп, элдешүүнүн белгиси катары чай берип коюшса болот.

Чай үйү – коомдук пикир алмашуу жайы 

Байыркы кытайдын окумуштуулары, ойчулдары, акындары, сүрөтчүлөрү чайканаларга чогулуп, пикир алмашып турушкан. Эч кандай социалдык айырмачылыктар, наамдар, бөлүүлөр болгон эмес, ачык баарлашууда же чынчыл талкууда баары бирдей болчу. Чайды жайбаракат ичүү катышуучулардын арасында достук маанайдын жана сылык-сыпаачылыктын пайда болушуна өбөлгө түзгөн.

 Чындыгында, салт боюнча, чай сүйүүчүлөр коомдун маданий элитасы деп эсептелген. Чай ичүү адаты жеке адеп-ахлактуулуктун, билимдин, социалдык принциптердин жана статустун көрүнүшү катары эсептелген.

“Улуттук Кытай чай” музейи 

Ханчжоу шаары “Кытайдын чай борбору” деп аталууга толук татыктуу. Анткени, дал ушул жерде дүйнөгө белгилүү Лунцзинь чай сорту өндүрүлүп, чыгарылат. Жергиликтүү калк чай каада-салттарына өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылып, байыртан бери келе жаткан чай маданиятын сактап, өнүктүрүп келет.

Ошондуктан, 1991-жылы “Улуттук Кытай чай” музейи Ханчжоу шаарында ачылган. Чай музейине коюлган буюмдар жөн гана көргөзмөлөр жана экспозициялар эмес. Бул чыныгы чай маданиятынын борбору. Ал жакта музейге гана таандык плантация, чай каада-салттарына үйрөтө турган борборлор жана китепкана жайгашкан.

Муну менен катар эле, чай салтанатын өткөрө турган ондогон залдар жана ресторандар бар. Чай маданиятын тереңдеп үйрөнүүнү каалагандар үчүн атайын мектеп дагы ачылган. Ал жакта, чай түрлөрүн айырмалоону, сапаты жана даамы аркылуу чайды тандоону, чай демдөө жана аны куюунун эрежелерин мыкты деңгээлде үйрөнүп чыгууга болот.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии