11.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКытай жарандары кыргыз тарыхы жана маданияты менен жакындан таанышты

Кытай жарандары кыргыз тарыхы жана маданияты менен жакындан таанышты

11-февраль күнү Кыргызстанда билим алып, иштеп жаткан Кытай жарандары Кыргыз Республикасынын Улуттук Тарых музейин кыдырып, тээ байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын эгемендик алганга чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин түп нускалары менен жакындан таанышып чыгышты. Бул иш чара Кыргызстанда көп жылдан бери иштеп, эмгектенип келе жаткан ишкер Цзи Фэнхуа тарабынан уюштурулду.

Кытай жарандарына кыргыз тарыхын, маданиятын музейдин илим агартуу бөлүмүнүн башчысы  Самудинов Өмүрбек айтып берип, эң кызыктуу далилдер, окуялар менен коштоп, сүйлөп берди. Чындыгында ар бир экспонаттын кыргыз тарыхында маанилүү орду бар экендиги шексиз, ошондуктан музейди кыдырып, алар менен жакындан таанышуу үчүн кенен эки сааттан ашык убакыт талап кылынды. Бирок иш чаранын катышуучуларынын айтымында, бул убакыт абдан жемиштүү болуп, өтө тездик менен эле өтүп кетти. Эң кызыктуу экскурсия болгондугун дагы кошумчалашты.

Иш чаранын соңунда Улуттук Тарых музейине ишкер Цзи Фэнхуа улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу Кытай коомчулугунун чыгаандары айтып берген эскерүүлөрү, ой-пикирлерин ичине камтыган китепти белекке берди. Аны музей директору Гулбара Абдыкалыковага тапшырды. Ал эми ишкер Цзи Фэнхуага музейдин атынан эки элдин достугун бекемдеп, кыргыз тарыхын, маданиятын таанытууда кошкон салымы үчүн атайын ыраазычылык баракчасы тапшырылды. Муну менен эле катар, кытай тараптан музей кызматкерлерине кытайдын эң жакшы деп эсептелинген, белгилүү чайлары белекке берилди.

Гулбара Абдыкалыкова, КР Улуттук Тарых музейинин директору: “Музейге болгон саякат достук байланышыбыздын далили” 

-Бүгүнкү болуп өткөн иш чара кыргыз маданиятын, тарыхын кошуна мамлекеттин өкүлдөрүнө жакындан таанытууда эң мыкты кадам болду деп эсептейм. Ошондуктан анын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирмекчимин. Тарыхта көрүнүп тургандай кыргыз-кытай алакасы байыртадан болуп келген. Улуу Жибек жолу аркылуу жеке гана соода-сатык байланышы өнүкпөстөн, эки элдин маданий карым-катнаштары дагы чыңдалган. Мына ошол кезден бери бүгүнкү күнгө чейин бул достук алакалар уланып келе жатат. Бул музейге болгон саякат дагы достук байланышыбыздын далили. Алдыда дагы мындай маданий иш чараларыбыз көп-көптөн болуп турат деп ишенем. Досторубуз дагы көбөйө берсин.

Цзи Фэнхуа,  кытай ишкери: “Кыргыз элинин маданиятын, тарыхын билүү – бекем достуктун башаты” 

-Менин Кыргызстан менен алгачкы таанышуум Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” чыгармасы аркылуу башталган. Тактап айтканда, “Жамийла” киносун 13-14 жашымда көрдүм эле. Ошондо эле кайсы мамлекет, кайсы жакта экендигин билбесем дагы бул жакка болгон кызыгуум пайда болгон. Андыктан Кыргызстанга келүү мүмкүнчүлүгү чыгаары менен бул жакка келгем. Ошондон бери 20 жылдан ашуун убакыт өттү.

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, мына быйыл кыргыз-кытай дипломатиялык алакасына 30 жыл толду. Бул жылдар аралыгы эки өлкөнүн өкмөттөр аралык байланышы жаатында жакшы кызматташуулар бар. Коопсуздук, терроризмге каршы күрөш, экономика, соода-сатык, дипломатиялык алакаларда ж.б.  багыттарда дагы жакшы иштер жүргүзүлүп келет. Бирок акыркы жылдары Кытайдан келген жеке ишкерлердин, соодагерлердин, студенттердин саны өсүүдө. Албетте, өкмөттөр аралык дагы мыкты иштер аткарылып жатат.

Бирок Кытайдан бул жакка келген жарандардын арасында кыргыздын маданиятын, тарыхын, искусствосун, улуттук баалуулуктарын жакшы билип, жакындан тааныгандар аз. Көпчүлүк соода-сатык жагын жакшы өздөштүргөнү менен жергиликтүү элдин менталитетин, каада-салтын жакшы биле бербейт. Ошондуктан мен бүгүнкү иш чараны уюштурууну чечтим. Чындыгында мындай максат мурун эле бар болчу. Бирок музей беш жылдай жабык турду. Андыктан бул тилегибиз бираз кеч ишке ашып жатат.

Бул кадам аркылуу эки элдин бир-бирин жакшы таанып, билүүсүн каалайт элем. Мен Кыргызстанда көп жылдан бери иштеп, эмгектенип келе жатам. Кыргыз эли абдан меймандос, жакшы калк. Кызыктуу тарыхка, көрөңгөлүү маданиятка ээ. Менин жеке пикиримде бул жакта чет жерден келгендер иштеп, билим алып жаткандан кийин сөзсүз түрдө жергиликтүү калктын улуттук баалуулуктарын таанып-билүүсү шарт.

Учурдан пайдаланып Улуттук Тарых музейинин жетекчилигине, гид болуп, тарыхка кызыктуу сапар куруп берген музейдин илим агартуу бөлүмүнүн башчысы Өмүрбекке ыраазычылык билдирем.

Кыргыз тарыхы жана маданияты улуттук музейде 

Бишкекте беш жыл бою жабык турган музей 2021-жылдын 19-ноябрында салтанаттуу ачылган. Маданий мекеме дээрлик 70 пайыз жаңыланып, жаңы экспонаттар жана заманбап мултимедиалык жабдуулар менен толукталган. Анда байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын азыркы күнгө чейинки тарыхын чагылдырган экспонаттар коюлган.

Музейдеги байыркы палеолит доорунан берки жалпы экспонаттардын саны 100 миңге чамалайт. Бул экспонаттардын 80 пайызы жаңы коюлганын айтууда. Маселен, мурда таш доорунда табылган эки гана артекфакт көрсөтүлсө, учурда Кыргызстандын 20-30 аймагынан табылган эстеликтер коюлган.

Коло доорун, сактардын доорун, алардын убагындагы көрүстөндөрүн, ырым-жырымын, күмбөзүн чагылдырган экспонаттар менен катар музейде Түрк кагандыгы, караханийлер доору тууралуу да маалыматтар бар. Маданий жай толук реконструкциядан өткөндөн кийин өлкө тарыхынын бардык этаптары тематикаларга бөлүнгөн көргөзмө уюштурулган.

Муну менен катар музейдин бул бурчунда өлкөнүн коомдук, саясий жана экономикалык турмушу, алгачкы агрардык реформалар, менчиктештирүү, руханий турмуштагы өзгөрүүлөр, мамлекеттик тил жана улуттук маданиятка арналган көргөзмөлөргө орун берилген.

Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии