6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕ“Улуу Жибек Жолундагы окумуштуулардын баарлашуусу” - Кыргызстандын гуманитардык илимдеринин өнүгүшү үчүн синологиянын...

“Улуу Жибек Жолундагы окумуштуулардын баарлашуусу” — Кыргызстандын гуманитардык илимдеринин өнүгүшү үчүн синологиянын ролу жана мааниси  талкууланды 

Үстүбүздөгү жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Улуу Жибек Жолундагы окумуштуулардын баарлашуусу» аттуу Борбор Азия синологдорунун эл аралык симпозиуму болуп өттү.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун дунган таануу жана синология борбору, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Кыргыз-Кытай факультети тарабынан уюштурулду.

Симпозиумга күндүзгү жана сырттан окуу форматында синологдор, университеттердин окутуучулары, докторанттары, аспиранттары, магистранттары, коомдук ишмерлери жана окумуштуулар катышышты. Илимий докладдарды Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын өкүлдөрү, ошондой эле КЭРдин алдыңкы университеттеринин өкүлү болгон кытай окумуштуулары жасады. Мисалы: Шанхай Саясий жана юридикалык университети, Түндүк-Батыш политехникалык университети, Ланьчжоу университети, Борбордук улуттар университети, Шэньси педагогикалык Университети, Синьцзян педагогикалык Университети, Түндүк-Батыш Педагогикалык Университети жана башкалар болду.

Иш-чараны КР УИАнын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институтунун директору Абылабек Асанканов алып барды.

Алгачкы сөз Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, профессор Осмон Тогусаковго берилди. Профессор өз сөзүндө “Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык” экендигин баса белгилеп, өткөрүлүп жаткан симпозиум дагы Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын кызматташтык алакасын чыңдоого өз салымын кошо тургандыгын билдирди.

Ал эми Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешине караштуу Өнүктүрүү Борборунун Евразия социалдык өнүгүү институтунун атайын илимий кызматкери, үчүнчү даражадагы Манас орденинин ээси, Улуттук илимдер академиясынын Ардактуу академиги Мухаммед Ху Чжэнхуа болсо өз кезегинде жалпы симпозиумдун катышуучуларын куттуктап, иш-чараны ийгиликтүү болуусун каалап кетти. Ал онлайн байланышка чыгып, кыргыз жана кытай тилинде сүйлөдү.

Пленардык отурумду филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Мухаме Имазов жана Шанхай Саясий-юридикалык университетинин профессору Чан Лини аякташты.

Муну менен катар эле КЭРдин Түндүк-Батыш университетинин профессору Ву Хэпин, Шанхай Саясий жана юридикалык университетинин профессору Ян Цзюнь Хонг, РФтин Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин филология факультетинин Л.А.Вербицкая атындагы жалпы лингвистика кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Алексей Андронов, философия илимдеринин доктору, КЭР профессору Ян Цзюньцин жана башкалар дагы кызыктуу, илимий баяндамаларды жасашты. Симпозиумда берилген бардык докладдар илимий жана практикалык жактан кызыктуу болду.

Эл аралык илимий симпозиумда Улуу Жибек Жолундагы элдердин жакындашуу жолдору, азыркы Кыргызстандын гуманитардык илимдеринин өнүгүшү үчүн синологиянын ролу жана мааниси, ошондой эле синологияны изилдөө үчүн тарыхый жана архивдик база багыттары  каралды.

Форумдун катышуучулары Синология гуманитардык илимдердин ажырагыс бөлүгү катары азыркы этапта Кытайдын дүйнөлүк саясатта, экономикада жана илимде таасири күч алгандыгын эске алып, бир добуштан белгилешти. Атап айтканда, алар синологияны натыйжалуу өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн университеттери менен илимий түзүмдөрүнүн ортосундагы илимий байланыштарды мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө жөндөмдүү жаш илимпоздорду активдүү тартуу керектигин белгилешти.

Эл аралык симпозиум акыркы илимдин жетишкендиктерин тааныштыруу жана Борбордук Азиядагы Синологияны изилдөөнүн ар кандай аспектилерин талкуулоо үчүн мыкты шарттарды сунуш кылды. Бул иш-чара “Бир алкак — бир жол” долбоорунун алкагында маданий-гуманитардык алмашууну активдештирүү, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы көп тараптуу кызматташтыктын бир багыты болуп калды десек жаңылышпайбыз. Мындай кадамдар синология жаатындагы регионалдык кызматташтыктын тереңдешине өбөлгө болору шексиз.

Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору Канат Садыков: “КУУнун колдоосунун алдында “Жибек жолу” институту ачылмакчы ” 

-Кыргыз Республикасы эгемендүүлүгүн алганда Кытай Эл Республикасы алгачкылардан болуп биздин эркиндигибизди тааныган. Бул кадам дагы Кыргызстандын эл аралык аренада кадыр-баркын көтөрүүгө өз салымын кошо алды. Коңшу мамлекет менен маданий-гуманитардык, экономикалык, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. тармактарда кызматташуу алакалары бекемделди. Саясий-социалдык жаатта дагы Кытай ар качан өз колдоосун көрсөтүп келет. Кыргыз Улуттук университети дагы Кытайдын алдыңкы ЖОЖдору менен тыгыз кызматташтык мамиледе. Университеттеги Кыргыз-Кытай факультети буга толук далил болуп бере алат. Эки тараптуу келишимдер аркылуу бир катар долбоорлор ишке ашты. Дагы да болсо ушул багытта иш жүргүзүп жатабыз.

Азыркы тапта биздин окуу жайда КЭРдин 180 жараны билим алууда. Алардын 46сы учурда онлайн түрүндө PhD программасы боюнча билим алышууда. “Бир алкак-бир жол” демилгесинин негизинде дагы бир катар иш-чаралар жүзөгө ашырылууда. Жакында эле университеттин Окумуштуулар кеңеши менен КУУнун Камкорчулар кеңеши “Жибек жолу” институтун ачууну колдоп беришти. Бул институттун түзүүчүлөрү КЭРдин Хэнан университети жана биздин окуу жай болуп саналат.

Муратбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери: “КР жаштарына КЭРден инженерия боюнча билим алып келүүсүн сунуштайм” 

-Советтер Союзу мезгилинде 25ке жакын синология борбору иш алып барган. Ал эми кытай тилин гана окутуу боюнча борбор Ташкент университетинин Чыгыш факультетинде болгон. Бизде тилекке каршы эл арасында Кытай тууралуу маалымат жетишпейт. КЭР менен чектеш жайгашканыбызды эле билбесе, көп учурда калк коңшу мамлекет жөнүндө биле бербейт. Албетте Советтер Союзунун Кытайга каршы саясаты, Кытай тууралуу ар кандай айтылган кептер эл арасында терс түшүнүктөрдү бүгүнкү күнү дагы жаратып жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт. Тилекке каршы муну менен күрөшүү абдан оор.

Мындай кырдаал эмне себептен уланууда? Биринчиден Кыргызстанда Кытайтаануу багытындагы адистер жок. Заманбап Кытай деген кандай, ал эмне менен дем алып жатат, кандай жашап жатат? Элге ушул жаатта маалыматтар жетишпейт, түшүндүрүлбөйт. Экинчиден бир дагы университет кыргыз жана кытай тарыхы боюнча адистерди даярдап чыгарбайт. Кытайтаануу боюнча саясат таануучулар жок. Мына ушундай себептер дагы Кытайды жакшы таанууга кедерги болууда. Кытай диалекттери боюнча дагы изилдеген адистерибиз жок.

Биз кытай боюнча башка мамлекеттердин окумуштуулары жазган материалдарды колдонуп келебиз. Бизге өзүбүздүн адистерибиздин эмгектери керек. Өзүбүздөн ушул багытта чыккан окумуштуулар зарыл. Канчалаган жаштарыбыз Кытайдан билим алып жатат деген менен, илимге киришип, кытайтаануу багытында, же өз кесиби жаатында мыкты жетишкендер жокко эсе. Көпчүлүгү соода тармагын тандап кетип жатышат. Азыр бизге инженерлер керек. Ошондуктан жаштарды КЭРден технология, инженерия боюнча билим алып келүүсүн сунуштайт элем.

автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии