6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКытай тилин үйрөнүү менен жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн агымы менен тең жарышкан эже-сиңдилер

Кытай тилин үйрөнүү менен жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн агымы менен тең жарышкан эже-сиңдилер

Сүрөттөр маек ээсине таандык

 Акыркы жылдары Кыргызстанда кытай тилин үйрөнүүнү каалаган жаштардын саны күн санап өсүп жаткандыгы маалым. Кичинекей кезинен баштап эле бул тилди мыкты деңгээлде өздөштүрүп, жакшы ийгилик жараткан окуучуларыбыз дагы арабызда жок эмес.

Биз мына, бүгүн бүтүндөй үй-бүлөсү менен кытай тилин мыкты өздөштүрүп, кошуна мамлекеттин салт-санаасын, маданиятын дагы жакындан таанып билген эже-сиңдилер менен маек курдук. Үч кызына тең билим алууга мыкты шарт түзүп, маериалдык байлыктан дагы, жан дүйнө байлыгына басым жасап тарбия берген Гулзаада айым дагы кытай тили, кошуна мамлекет тууралуу өз ою менен бөлүштү.

Айбекова Нурайым: “Кытай мага ишеним берип, мен үчүн жаңы дүйнөнү ачты” 

        Мен 22 жаштамын. Учурда мен Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарында Эл аралык бизнес жана экономика университетинде билим алып жатам. Үй-бүлөбүздө үч кызбыз: мен, Бегимай жана Жанара. Бегимай 17 жашта, Жанара 11де. Үчөөбүз тең  кытай тилинде таза сүйлөйбүз. Бегимай экөөбүз HSK сынагынын 6-деңгээлинин сертификатын алганбыз. Ал эми кичүү сиңдим кытай тилин үч ай мурун эле үйрөнө баштаган, ошого карабастан ал азыр кытай тилинде эркин сүйлөп, бизди эч кыйынчылыксыз эле түшүнөт.

Биздин арка-жөлөгүбүз, жашообуздагы эң маанилүү адамыбыз бул – апам. Апамдын аты Гулзаада. Ал 45 жашта, кесиби психолог. Биздин бүгүнкү күндө жетишкен бардык ийгиликтерибиздин артында апам турат. Анын колдоосу, талыкпаган эмгеги жана бизди ар тараптуу өнүктүрүп, туура багыт берип тургандыгынын аркасы менен мыкты билим алып, өзүбүзгө болгон ишенимибиз артты. Апам бизге эң сонун билим гана бербестен, колдо болгон нерсени баалай билүүгө, жакшылыкка умтулууга, күн сайын жаңы нерселерди үйрөнүүнү талап кылып, мыкты тарбия берди десем болот.

Биздин таенебиз дагы үй-бүлөбүздүн кадырлуу мүчөсү. Ал бизди дайыма карап, алдыга шыктандырып турган адам. Билимдүү, акылман, жашы 70ке таяп калганына карабай, ар дайым жаңы нерселерди үйрөнүп, заман агымынан артта калбайт.

Биздин үй-бүлөдө билим алуу, жашоого аң-сезимдүү мамиле кылуу ар дайым биринчи орунда турат.  Чындыгын айтканда биз кооз жана кымбат нерселерди кийбейбиз, сонун гаджеттерибиз жок, ар кандай кечелерге жана майрамдарга барбайбыз. Апам бизге ар дайым адамдык асыл сапаттарды үйрөтүп, жан дүйнө байлыгын бардыгынан жогору коюуга үйрөтүп келет. Биз абдан байбыз, анткени бизде билим бар! Биздин бардык аракетибиз келечекте жемишин берет, ошондуктан азыртадан жаркын келечекке инвестиция кылып келебиз.

Мен 2017-жылы мектепти аяктагам. Андан кийин ЖОЖго кытай тили боюнча котормочу болуп тапшырдым. Бирок август айынан баштап курстарга катышып, өзүм үчүн кытай тили базасын түзө баштадым. Мага кытай тили дароо эле жакты, бул тилде биринчи текстимди окуганда, диалогдорду үйрөнгөндө аябай сүйүндүм.

Кытай мага ишеним берип, мен үчүн жаңы дүйнөнү ачты. Мен бул дүйнөдөн дүйнө тааанымымды кеңейтип, көп кызыктуу нерсени үйрөндүм. Кытай узун тарыхка, бай маданиятка эгедер. Канчалаган адамзатынын тарыхына бурулуш жасаган ачылыштар дал ушул Кытай жергесинде болгон. Мен, мына ушулардын бардыгын үйрөнгүм келди. Университетте окуп баштаганда мен жөн гана тил үйрөнүүнү эмес, тилдин жардамы менен мыкты кесипти үйрөнгүм келгенин, ал үчүн Кытайга учуп кетишим керектигин түшүндүм.

Ошондуктан төрт айда HSKдин 4-деңгээлин алдым жана күнүнө бир жарым саат мугалим менен, калган сааттарды өзүм үйдө окудум. Жыйынтыгында мамлекеттик стипендияга ээ болуп, коңшу мамлекетке окууга өттүм.

Мен биздин үй-бүлөдө кытай тилин үйрөнө баштаган биринчи адам болдум, ага чейин кытай тили бизге жеткиликсиз жана өтө кыйындай сезилчү, бирок каалоо жана амбиция болсо, анда бардыгына жетүүгө жана 100% аткарууга болорун далилдедик.

2018-жылы күзүндө Пекинге учуп келдим жана менин тажрыйбамдан улам ортончу сиңдим дагы кытай тилин үйрөнө баштады. 2021-жылы ал “Кытай көпүрөсү” сынагында Кыргызстанда биринчи орунду жеңип, өлкөбүздүн атынан дүйнөлүк аренага чыккан.

Ошондой эле  2021-жылдын күзүндө кичүү сиңдим дагы бул тилди ийгиликтүү өздөштүрүп баштады. Үйдө биз ар дайым бири-бирибизди угабыз, көп учурда бири-бирибизге сонун идеяларды сунуштайбыз жана чогуу бир нерсени үйрөнөбүз. Үй-бүлө ийгиликтин эң маанилүү бөлүгү, үй-бүлөдө колдоо, сүйүү, бири-бирин түшүнүү, урматтоо маанилүү.

Мен UIBEнин Эл аралык соода жана экономика факультетинин студентимин, адистигим логистика. Менин университетимде көптөгөн чет өлкөлүктөр окушат, учурда ар кайсы өлкөлөрдөн жана континенттерден досторду таптым, алардын маданиятын жана каада-салтын үйрөндүм жана англис тилимди жакшырттым. Кытайда өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөр көп, ар кандай иш-чаралар, сынактар, жолугушуулар болуп турат. Маселен, Пекинде биринчи курста чечендик өнөр боюнча сынакка катышып, 1-орундан жогору болгон гран-приге ээ болгом.

Ошондой эле университетибизде ар семестрде эң мыкты студенттерге сынак өткөрүлүп, стипендиялар берилип турат, бардык семестрде жеңип чыккам. Биздин университетте чет элдиктердин билим алуусу үчүн абдан жакшы шарттар түзүлгөн, бизде өз кесибибизди үйрөнүүгө, кытай тилин, Кытайдын маданиятын жакындан таанып билүү үчүн бардык шарт бар. Мен университетиме абдан ыраазымын!

Гулзаада Мамбетова, апасы: “Эгерде адамдын ою таза, жаратман болсо, анда ага бүт дүйнө жардам берет”

       Кытай тили кыздарыма жашоосундагы эң жакшы мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга, тандоого өбөлгө болуп берет. Кытай бизге эмгекчилдикти, өжөрлүктү үйрөтүү менен бирге эле заман менен чогуу кадам таштап, ар тараптуу өнүгүүгө, ачыгын айтканда,  кылган эмгегиң өзүңө эле кайта тургандыгын далилдей алды. Мына ушундай мыкты түшүнүктөрдү берди.

Мен чындыгында, кыздарымдын Кытай жергесинде окуп, билим алуусун колдойм. Адам кайда, дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун билими, адептүүлүгү, адамгерчилиги жана жакшылыкка умтулуусу менен сөзсүз түрдө жакшы адамдарга жолугат. Эгерде адамдын ою таза, жаратман болсо, анда ага бүт дүйнө жардам берет.

Кытай – ар бир адам өзүнө керектүү нерсени таап ала турган мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү. Ошол мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо зарыл. Кытай-чыныгы жашоо. Кытай-учур чагыбыз жана келечек. Мен балдарым менен ар дайым сыймыктанам, алардын тандоосун сыйлайм жана кандай гана кырдаал болбосун мен кыздарымды колдойм.

Бегимай Айбекова: “Кытай тили менин дараметимди жана жөндөмүмдү ачууга мүмкүнчүлүк берди” 

Мен 13 жашымда эжем кытай тилин үйрөнө баштады, анын канчалык тырышчаак жана кызыктуу окуусун көрүп, келечегим жөнүндө ойлоно баштадым. 2018-жылы күзүндө жаңы окуу семестри башталганда КУУнун Конфуций институтунун кытай тили курстарына тапшырууну чечтим.

Башында бул тилди үйрөнүү мен үчүн бир аз кыйын болду, анткени менин тайпалаштарымдын көбү кытай тилин билгендер болчу. Бирок аны үйрөнүүгө мен дагы белсенип кириштим. Күн сайын кытай тилин үйрөнүүгө 5 саат убакыт бөлдүм. Кытай тили менин дараметимди жана жөндөмүмдү ачууга мүмкүнчүлүк берди, мен көптөгөн досторду таптым, өзүмө болгон ишенимим көбөйдү. Үй-бүлөмдүн колдоосу жана жардамы менен күн сайын кытай тилимдин деңгээли жакшырып бара жатат десем жаңылышпайм.  Үч жыл окугандан кийин HSK 6 алып, Конфуций институту уюштурган көптөгөн сынактарга, иш-чараларга катышып, бардык курстарды жакшы окуп, эң жогорку баллдарды алдым.

2021-жылдын май айында Кыргызстанда өткөн 14-Бүткүл дүйнөлүк мектеп окуучуларынын “Кытай көпүрөсү” сынагында 1-орунду ээлеп, ошол эле жылдын октябрь айында 14-Эл аралык сынакка катышуу үчүн өлкөмдүн атынан дүйнөлүк аренага чыктым.  Андагы болгон сезимдеримди жеткирип айтып бере албайм. Ал учур жашоомдогу эң мыкты көз ирмемдер болду. Алдыда дагы Кыргызстанымдын атын дүйнөгө таанытсам деген изги тилегим  бар.

2021-жылдын күзүндө мен Тянизин Чет тилдер университетинин (天外) бир семестрдик тил курсуна өткөм. Тилди дагы өркүндөтүү үчүн эң күчтү топту тандап алдым. Менин тайпамда Япониядан, Вьетнамдан келген студенттер бар. Жаштары менден улуу. Бул бир семестрдик курста мен өз көз карашымды кеңейтип эле тим болбостон, ар кайсы өлкөлөрдөн көптөгөн досторду таптым.

Келечекте дипломат болуп, Кыргызстан менен Кытайдын эл аралык мамилесин өркүндөткүм келет. Максатым Кыргызстандын чыгаан инсаны болуп, өлкөмө жардам берип, анын өнүгүүсүнө салым кошуу. Алдыга койгон максаттарыма жетүү үчүн бардык кыйынчылыктарды жеңип, кытайлык кыялымды ишке ашыра алам деп ишенем!

Жанара Айбекова: “Жашоодон артта калбай, алдыга гана умтулууну чечтим” 

 

   Мен 11 жаштамын, бешинчи класста окуйм. Бул тилди эжелерим үйрөткөндүктөн, кытай тилин үйрөнүү мага оңой деп ойлошот. Бирок, чындыгында менин окуу китептериме, менин сабактарыма көз чаптырсаңыз, мен деле бул тилди үйрөнүү үчүн көп эмгек кылганымды түшүнөсүз.

Кытайча үйрөнүүмдүн себеби, жашоодон артта калбай, алдыга гана умтулууну чечтим. Учурда Кытай дүйнөдөгү алдыңкы державалардын катарында. Анын экономикасы эң күчтүү. Бүтүндөй дүйнө бул жааттан алганда Кытайга көз каранды. Ошондуктан бул тил менен келечекте мыкты жумуш таап, эки коңшу мамлекеттин достук кызматташуусуна өз салымымды кошсом дейм.

Автор: Чолпонай Турдакунова

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии