7.1 C
Бишкек
Четверг, 21 ноября, 2024
ДомойБез рубрикиТаза аба: Кыргызстанга алгачкы жолу электр унаалары алынып келинди

Таза аба: Кыргызстанга алгачкы жолу электр унаалары алынып келинди

Їстїбїздєгї жылдын 15-январь кїнї  Бишкекте “Dongfeng”электр унааларынын бет ачары болуп єттї. Бул иш чарага КРдин Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев, КРдин Экономика жана коммерция министринин орун басары Жарасул Абдураимов, “Dongfeng” заводунун єкїлдєрї менен катар эле кытайлык жана кыргызстандык ишкерлер катышышты.

Кыргызстанда “Dongfeng” маркасындагы электромобилдерди алып келїїнї “Green Auto” компаниясы ишке ашырмакчы.

“Green Auto” кыргызстандыктар їчїн заманбап жана экологиялык жактан таза транспорт тїрїн – электромобилдерди сунуштайт. Компаниянын негизги максаты транспорттун экологиялык таза тїрїн жайылтуу болуп саналат. Бет ачарда “Dongfeng” электр унааларынын артыкчылыктары тууралуу маалымат берилди.

“Green Auto” ишканасынын директору Темиркан Надыровдун айтымында, Бишкек бир нече жылдан бери эў булганган шаарлардын тизмесинде турат жана экологиялык жагымсыз абалдын себептеринин бири бул автоунаалардан чыккан газдар болу саналат. Ал эми электромобилдер 100 пайыз экологиялык жактан таза.

“Биз Кыргызстандын рыногуна чыгарууну кєздєп жаткан унаалардын сапаты жогору. Анын энергиясы 400 чакырымга эсептелинип, 155 аттын кїчїнє ээ. Бирок биз бул электр унааларын масштабдуу тїрдє Кыргызстанга алып келїїдєн мурун, электромобилдердин инфраструктурасын єнїктїрїїбїз зарыл. Башкача айтканда, шаарларда жана стратегиялык жолдордо аларды электроэнергия менен кубаттоочузаряддоо станциялары болушу керек. Бул багытта иштер жїргїзїлїп жатат, кыска мєєнєттє ишке ашырылат деп ишенем. Бирок бул їчїн мамлекеттик органдар жеке уюмдар менен биргеликте жакшы кызматташтык алакада иш алып баруусу дагы заман талабы”, — деди ал.

Мындан тышкары, Надыров ушул жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга электромобилдерди нєлдїк ставка менен киргизїїгє уруксат берген мыйзам кїчїн жоготту деп кошумчалады.

Ал: “Кыргызстанда нєлдїк ставка боюнча мыйзам кїчїн жоготкондон кийин карапайым калк арасында электромобилдерге  “бажы тариздєє” деген нерсе пайда болду. Бул учур электр унааларынын эл арасына жайылышына жана унаалардын баасына дагы єз таасирин тийгизмекчи. Бул жагынан биз єкмєттєн жардам кїтєбїз”,-деген ою менен бєлїштї.

“Green Auto” компаниясынын директору Кыргызстанда электромобилдердин бет ачарына чейин рынокко жана кыргызстандыктардын электромобилдерге болгон мамилесине талдоо жїргїзїшкєнїн билдирди.

Темиркан Надыров: “Биздин шарттуу керектєєчїлєрїбїздїн пикирлерин окуган ири форумдарда реакция абдан оў болду. Азыр кєптєгєн жарандарыбыз электромобилдерди жактырышып, аны сатып алууга даяр. Албетте, алардын кымбаттыгынан улам, популяризация жайыраак, бирок электромобилдер бул келечектин унаалары. Бїгїнкї кїндє дїйнє электромобилдерге басым жасоодо”, — деп сєзїн жыйынтыктады.

“Green Auto” кызматкерлери азыркы шартта электр менен жїрїїчї унаалар жакшы чечим деп эсептешет. Андыктан, Бишкекте тиешелїї кубаттоо жана тейлєє инфраструктурасы бар дилердик дїкєн ачылмакчы. Компания автоунааларды сатууну гана эмес, инфраструктураны єнїктїрїїнї (шаардын соода борборлоруна жана темир жол бекеттерине кубаттоочу станцияларды орнотуу), ошондой эле “Green Taxi” такси паркын ачууну пландаштырууда.

Венью Ю, “Dongfeng” заводунун єкїлї: “Азыркы мезгилде зыяндуу заттарды чыгарууга каршы эў маанилїї рычаг – бул электр унаалары”

-Бїгїнкї кїндє дїйнєдє ичтен кїйїїчї кыймылдаткычы бар унаалардан чыккан зыяндуу газдарынан улам экологиянын тємєндєшї байкалууда. Экологиянын глобалдык кєйгєйї тїздєн-тїз унаа єндїрїїчїлєрдєн кєз каранды. Ошондуктан азыркы мезгилде зыяндуу заттарды чыгарууга каршы эў маанилїї рычаг – бул электр унаалары. Биздин компания сапаттуу жана эў негизгиси айлана-чєйрєнї коргой турган электр унааларын чыгарат. Биз кыргызстандык єнєктєштєр менен кызматташып жатканыбызга кубанычтабыз жана келечекте бул жерде электромобилдердин рыногун єнїктїрїї тилегибиз бар.

Абдураимов Жарасул, Экономика жана коммерция министринин орун басары: “Єлкєбїздє электромобилдерди пайдалануучулар їчїн бардык ыўгайлуулуктарды кєргїбїз келет”

-Азыркы тапта Кыргызстанга электромобилдерин алып келїїнї каалаган кєптєгєн компаниялар бар. Жєн гана алып келбестен, аларды тейлєє бєлїмїн дагы ачууну пландаштырышууда. Чындыгын айтсам, мындай кадамдар бизди абдан кубандырат.

Биз электр унаалар дїйнєсїндє кандай жаўылыктар болуп жатканын кылдат байкоодобуз. Энергетика министрлиги менен биргеликте “Таза Энерджи” структурасын тїздїк. Бул структура электромобил инфраструктурасын тїзїї менен алектенет. Ушул жылдын аягына чейин Бишкек, Ош шаарлары электр менен жїрїїчї унааларды кубаттоочу станциялар менен камсыз болот деп ойлойм.

Биз, албетте, электр кубаттоочу заряддоо станцияларында электромобилдерди пайдалануучулар їчїн бардык ыўгайлуулуктарды кєргїбїз келет. Бул жерде тєлєм каражаты дагы абдан маанилїї. Биздин алдын-ала эсеп боюнча ар бир 50-60 чакырымда жолдордо жана каттамдарда электр заряддоочу станциялар болушу керек. Келечекте биз дагы эле аккумуляторлору бар электромобилдер їчїн атайын єндїрїштїк жайды тїзїї жєнїндє ойлонушубуз зарыл.

Тилек Айталиев, Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары: “Электромобилдер рыногун єнїктїрїї їчїн ар тараптуу колдоо кєрсєтєбїз”

— Акыркы жылдары экология темасы абдан актуалдуу болуп калды. Соўку бир нече жылдан бери БУУнун кїн тартибинде экология жана зыяндуу эмиссиялар маселеси активдїї талкууланып жатат. Кыргызстан да бул кєйгєйлєрдєн четте турбашы керек. 2019-жылы Кыргызстан Париж келишимин ратификациялады, анда биз кємїртектин эмиссиясын азайтуу боюнча милдеттенме алганбыз. Биз єлкєдє “жашыл энергетика” темасын активдїї жайылтып жатабыз. Энергетика министрлигинде бизде “жашыл энергетиканы” єнїктїрїїгє багытталган бїтїндєй бир тармак бар. Электр унааларын єнїктїрїї дал ушул критерийлерге туура келет жана биз, албетте, электромобилдер рыногун єнїктїрїї їчїн ар тараптуу колдоо кєрсєтєбїз. Биз бул багытта алдыга жылып, аны андан ары єнїктїрїїбїз заман талабы. Бїгїнкї кїндє Кыргызстанда бизнестин бардык тїрїн єнїктїрїїгє толук шарттар бар. Компанияга экология маселесин чечїїдє биздин єкмєткє колдоо кєрсєткєнї їчїн ыраазычылык билдиргим келет. Бул демилгени Энергетика министрлиги колдойт. Иштериўиздерге ийгилик каалайм, биздин мекендештерибиз дагы колдойт деп ишенем.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

 

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии