8.1 C
Бишкек
Пятница, 18 октября, 2024
ДомойВ КИТАЕ“Бирге жалпы келечек їчїн” – Кытай XXIV Кышкы Олимпиада оюндарынын катышуучуларын кучак...

“Бирге жалпы келечек їчїн” – Кытай XXIV Кышкы Олимпиада оюндарынын катышуучуларын кучак жая тосуп алат

XXIV Кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралына чейин Пекинде (Кытай) єтєт. Бул ири спорттук иш-чарага 95 єлкєдєн 4000ден ашык спортчунун катышуусу кїтїлїїдє. Алар 109 комплект медаль ойнотулган 15 дисциплинаны кошкондо спорттун жети тїрї боюнча жарышка чыгышат. Пекиндеги мелдештер Токио-2020 Олимпиадасындагыдай олуттуу анти-COVID чаралары менен єткєрїлмєкчї.

КЭР борбору Олимпиаданын кабыл алуучу шаары болуп саналат. Бирок чындыгында оюндар їч аймакта єтєт: Пекиндин єзїндє, Яньцинде жана Чжанцзякоуда. Пекин тарыхта жайкы Олимпиада оюндарынан кийин (2008-жылы) Кышкы Олимпиада оюндарын єткєргєн биринчи шаар катары калмакчы.

Пекиндин борбордук бєлїгїндє муз їстїндєгї спорттун тїрлєрї боюнча мелдештер єткєрїлмєкчї. Оюндардын ачылыш жана жабылыш аземдери «Куш уясы» деп аталган Пекин улуттук стадионунда єтєт. Бардыгыбызга белгилїї болгондой, бул стадион 2008-жылкы Жайкы Олимпиада оюндарынын негизги аянты болгон. Пекиндин улуттук сууда сїзїї комплекси кёрлинг таймашынын аймагына айландырылды. Борбор калаанын спорт сарайында кєркєм муз тебїї жана шорт-трек боюнча мелдештер єтєт. Ал эми хоккей таймашы болсо Мамлекеттик спорт сарайында жана “Укэсон” аренасында болмокчу.

Яньцин Пекин шаарынын борборунан 75 км тїндїк-батыш тарапта жайгашкан адырлуу аймак. Ал термалдык булактарга, улуттук парктарга жана лыжа курортторуна бай. Бул жерде Улуу Кытай дубалынын туристтер кєп барган бєлїгї Бадалин аймагы жайгашкан. Яньцин шаарындагы спорттук аянтчаларда тоо лыжасы, бобслей жана скелетон боюнча мелдештер єткєрїлєт.

Чжанцзякоу Пекинден 180 чакырым тїндїк-батышта жайгашкан популярдуу лыжа курорту. Ал Пекинден 200 км алыстыкта жайгашканы менен, ал жакка тез жїрїїчї поезд менен бир саат гана убакыт кетет. Чжанцзякоуда лыжа жарышы, скандинавиялык комбинация, биатлон, трамплинден секирїї жана фристайл боюнча мелдештер єтєт.

Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи 2022-жылдын 4-февралына, жабылуу аземи 2022-жылдын 16-февралына пландаштырылган. Мелдеш расмий ачылышка эки кїн калганда кёрлинг боюнча турнир менен башталат.

Пекин 2022: Кышкы Олимпиада оюндарынын тумары жана эмблемасы

Пекин-2022 Кышкы Олимпиада оюндарынын расмий тумары — Бин Дунь Дунь аттуу алп панда. Азыркы кытай тилинде «бин» деген сєз бир нече мааниге ээ, бирок биринчи кезекте муз дегенди, аны менен бирге тазалыкты жана кїчтї билдирет. «Дунь Дунь» чыў ден соолук, кїчтїї жана шайыр дегенди билдирет. Ошондой эле, бул сєз кєбїнчє балдарга арналып, колдонулат.

Жаўы Олимпиада тумары Олимпиаданын катышуучуларына жана кєрїїчїлєргє кубаныч тартуулаган кышкы спорттун элчиси. Ал кїчтїї бой тулкуну жана спортчулардын ички дїйнєсїнїн эркиндигин чагылдырат.

Эмблема «кыш» символуна негизделген. Анын їстї жагында коньки тебїїчї, ылдыйда лыжа тебїїчї сїрєттєлєт. Ортодо оюндарды єткєрє турган кооз тоолорду, лыжа тебїїчї аянтчаларды жана муз аянтчаларын кєрїїгє болот.

Кышкы Олимпиада оюндарынын тарыхына сереп 

1924-жылы 22-январда франциялык Шамони деп аталган тоо лыжалык курортто биринчи жолу кышкы Олимпиаданын оюндары єткєн. Алгач жєн гана «Кышкы оюндар» деп аталганы менен кантсе да бул оюндарды Эл аралык олимпиада комитети уюштуруп, аны Пьер де Кубертен єзї колдоого алган.

Ал учурда комитеттин кєпчїлїк мїчєлєрї бул оюндардын кеўири алкакта єтєєрїнєн кїмєн санашкан экен.

Шамониде єткєн оюндарда 16 єлкєдєн 258 спортчу катышкан. Австрия, Бельгия, Канада, Чехословакия, Финляндия, Франция, Улуу Британия, Венгрия, Италия, Латвия, Норвегия, Польша, Швеция, Швейцария, АКШ жана Югославия єлкєлєрї катышкан.

Альпылык єлкєлєр Шамониге тоо лыжасын жана бобслейди, Улуу Британия — шотландиялык кёрлингди, ошондой эле жайкы Олимпиада оюндарындагы хоккей менен муз їстїндєгї бий кышкы оюндарга єткєн.

1928-жылы швейцариянын Сент-Мориц шаарында єткєн кышкы оюндарга мурдагыдан бир нече эсе кєп спортчулар келишкен.

1932-жылы Америкадагы Лейк-Плейсиде кышкы Олимпиадага кєп єлкєлєрдєн спортчулар келе албай калышкан. Оюнчулардын кєпчїлїгїн Америка менен Канададан баргандар тїзгєн.

1932-жылы єткєн оюндардын тарыхында Эдди Игандын ысымы бекем жазылып калган. Анткени ал 1920-жылы жайкы оюндарда бокс боюнча алтын медал утуп алган, он эки жылдан кийин бобслей боюнча америкалык тєрттїк менен алтын медал утуп алган. Ал тарыхка жайкы жана кышкы оюндардан алтын уткан спортчу катары кирген.

1936-жылы кышкы Олимпиада оюндары Германияда єткєн. Бул єлкє ушул эле жылы жайкы Олимпиаданы да кабыл алган. Бул оюндарда баарын таў калтырган британдыктардын хоккей командасы болуп, алар алтын медалды багындырышкан.

1940-44-жылдардагы кышкы оюндар Дїйнєлїк экинчи согушка байланыштуу єтпєй калган. 1948-жылы спортчулар швейцариялык Сент-Мориц шаарына кайра келишти. Кєпчїлїктїн кєўїл борборуна хоккей чыкты. Анткени бул оюндарга Америкадан эки курама команда катышкан (бирєєсї олимпиадалык, экинчиси хоккей сїйїїчїлєрїнїн командасы). Бирок бул жолу алтын медал канадалыктарга тийген.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

 

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии