6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКызматташуунун 30 жылдык їзїрлїї жолу: КР менен КЭР дипломатиялык алакасынын мааракесин белгилешти

Кызматташуунун 30 жылдык їзїрлїї жолу: КР менен КЭР дипломатиялык алакасынын мааракесин белгилешти

5-январь кїнї Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин тїзїлгєндїгїнїн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп єттї.

Иш-чарага Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, мамлекеттик органдардын, жарандык сектордун, дипломатиялык корпустун, коомдук уюмдардын єкїлдєрї, ошондой эле маданият, искусство ишмерлери жана башкалар катышышты.

Мааракенин меймандарына кыргыз-кытайдын ар тараптуу стратегиялык єнєктєштїк жана кызматташтык мамилелеринин єнїгїшї тууралуу видеоролик кєрсєтїлдї.

Салтанаттуу кеченин расмий бєлїгїн Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев алып барып, єзїнїн куттуктоо сєзїндє мындан туура 30 жыл мурун, 1992-жылдын 5-январында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жєнїндє коммюникеге кол коюлгандыгын билдирди.

“Ошол учурдан тартып достук, эгемен кошуна мамлекеттер катары мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин жаўы тарыхы башталды. Єз кезегинде бїгїнкї кїндє кыргыз-кытай мамилелери саясий, соода-сатык, инвестициялык, билим берїї, маданий жана стратегиялык тармактарда єнїгїп, жогорку деўгээлде.

Биз ошондой эле эки єлкєнїн жана алардын элдеринин тїпкї кызыкчылыктарына жооп берген байланыштарыбызды мындан ары да єнїктїрїїнї пландап жатабыз”, — деди ал.

Садыр Жапаров, КР Президенти: “Кыргызстандын соода-сатык жана инвестиция жаатындагы негизги єнєктєштєрїнїн бири Кытай экендиги жалпыга белгилїї”

КР Президенти Садыр Жапаров єз сєзїндє: “Биздин элдердин ортосунда жетишилген карым-катнаштын деўгээли кєптєгєн єлкєлєр їчїн їлгї боло алат”, — деп белгиледи.

Мамлекет башчысы Азия мейкиндигинде маданияттар жана цивилизациялар тїптєлє баштаган кезеўден бери эле карым-катышы їзїлбєй, ошол кїндєн ушул кїнгє чейин тарыхтын далай окуяларына чогуу кїбє єтїшїп, ирегелеш жашап келаткан эки эл бар экенин белгиледи. Алар — кыргыздар жана улуу кытай эли.

Садыр Жапаров 1992-жылдын 5-январында дипломатиялык мамилелерди орнотуу жєнїндє биргелешкен коммюникеге кол коюлуп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жаўы тарых, башкача айтканда, єз ара мамилелерди суверендїї мамлекеттер катары єнїктїрїїнїн тарыхы башталганын эске салды. Єткєн 30 жылдын ичинде эки тараптуу кызматташтыкты чыўдоо жана кєп пландуу єз ара аракеттенїїнї єнїктїрїї жаатында кыйла ийгиликтер болду. Кылымдар бою Улуу Жибек жолу аркылуу туташкан Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы — бїгїнкї кїнї стратегиялык єнєктєштєр!

Ал Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасынын Тєрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак – бир жол» демилгесин биринчилерден болуп колдоого алганын белгиледи. Бул кадам тарыхый шарттарга негизделген жана стратегиялык єнєктєштїктїн мїдєєсїнє тєп келет.

Президент белгилегендей, бїгїнкї кїндє пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу, эки тараптуу жана кєп тараптуу деўгээлде кызматташуунун бардык механизмдерин натыйжалуу пайдалануу — алдыбызда турган маанилїї милдет.

Мамлекет башчысы айткандай, Кыргызстандын соода-сатык жана инвестиция жаатындагы негизги єнєктєштєрїнїн бири Кытай экендиги жалпыга белгилїї. Кыргыз тарап єз ара сооданы ыкчам тїрдє єнїктїрїїгє, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар.

Атап айтканда, инфраструктура жана транспорт, энергетика жана кайра иштетїї єнєр жайы, айыл чарбасы, туризм тармактарында, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу району менен кызматташуу тез арада їзїрїн берет.

Мындан тышкары, Президент Кыргызстан эли їчїн ишке ашырылып жаткан эў маанилїї эки тараптуу долбоорлорду белгиледи.

Ал «Кытай-Кыргызстан-Єзбекстан» темир жолунун курулушун ишке ашыруу Кыргызстандын гана эмес, бїтїндєй Борбордук Азия аймагынын транзиттик потенциалын арттыруудагы маанилїї кадам экенин, «Бир алкак – бир жол» демилгесин илгерилетїїнїн маанилїї бєлїгї болуп калышы керектигин белгиледи.

Садыр Жапаров 2022-жылы республикада кытай компанияларынын ишин калыбына келтирїї жана активдештирїї башталарына ишеним артылганына кєўїл бурду. Єз кезегинде Кыргызстан єлкє аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр болгон Кытай инвесторлоруна тийиштїї кємєк кєрсєтїїгє даяр.

Аны менен бирге Президент, учурда Кыргызстандан Кытай Эл Республикасына экологиялык жактан таза айыл-чарба продукцияларын экспорттоону жолго коюу маселесине єзгєчє кєўїл бурулуп жатканын кошумчалады.

Ал тараптар «Торугарт» жана «Иркештам» кєзємєл-єткєрїї пункттары аркылуу ташылган жїк агымын кєбєйтїї, аларды натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча бардык аракеттерди жасап жаткандыгын канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы маанилїї багыттарынын бири — билим берїї тармагына дагы токтолуп, 2022-жыл кєптєгєн маданий-гуманитардык иш-чараларга бай болуп, алар эки ортодогу маданий-гуманитардык кызматташууну жаўы деўгээлге кєтєрєрїнє ишеним артты.

Президент ошондой эле, Кыргызстандын эл аралык уюмдардын алкагында Кытай менен єз ара аракеттенїїсї маанилїї багыт экенин белгиледи. Аймактык жана эл аралык уюмдар саясий диалогду жїргїзїїнїн, кєп тараптуу аракеттенїїнїн, коопсуздуктун, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун бардык аспектилерин єнїктїрїї їчїн жакшы аянтча болуп саналат.

Президент Садыр Жапаров, жакында Кытай Эл Республикасы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында 2022-жылды «Тоолорду туруктуу єнїктїрїїнїн эл аралык жылы» деп жарыялоо жєнїндєгї резолюцияны кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын демилгесин колдогонун жана резолюциянын долбооруна теў демєєрчї болууга даяр экендигин билдиргенине єзгєчє кєўїл бурду. Бул кадам кыргыз-кытай мамилелеринин духуна жооп берет жана достуктун, бир-бирине колдоо кєрсєтїїнїн таасын мисалы болуп саналат.

“Эки єлкє чыныгы жакшы коўшу, жакшы дос, ишенимдїї єнєктєш жана бир тууганга айланды”

КЭРдин Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь: “Кытайдын лидерлеринин 30 жылдык стратегиялык жетекчилигинин аркасында эки єлкє убакыттын жана эл аралык кырдаалдын єзгєрїїсїнїн сыноосуна туруштук берди – эки єлкє чыныгы жакшы коўшу, жакшы дос, ишенимдїї єнєктєш жана бир тууганга айланды”, — деп билдирди.

Анын айтымында, бїгїнкї кїндє мамлекеттердин ортосундагы саясий єз ара аракеттенїї тереўдеп, практикалык кызматташуу тынымсыз кеўейїїдє, коопсуздук чєйрєсїндєгї єз ара аракеттенїї жигердїї єнїгїп жатат, маданий-гуманитардык алмашуу да жыл сайын чыўдалууда, БУУда, ШКУда жана башка эл аралык уюмдарда тыгыз координация сакталууда.

«Ошол эле учурда Кытай менен Кыргызстан коронавирус менен кїрєшїїдє бири-бирине жардам жана колдоо кєрсєтїїдє. Ошентип, “Бир алкак – бир жол” демилгесин куруунун алкагында бир катар ири долбоорлор биргелешип ишке ашырылган жана ишке ашырылууда, алар аркылуу Кыргызстан єлкєнїн социалдык-экономикалык єнїгїїсїнє жана кыргыз элинин бакубаттуулугун жогорулатууга натыйжалуу кємєк кєрсєтєт», — деди элчи.

Мындан тышкары, элчи Кыргызстанда жашаган кытай жарандары жана Кыргыз Республикасындагы кытай ишканалары єлкєлєр ортосундагы достук мамилелерди єнїктїрїїдє маанилїї роль ойноорун белгиледи.

«Алар эки єлкєнїн ортосундагы салттуу достукту бекемдєєнї жакташат жана єздєрїнїн иш-аракеттери менен ишкердик кызматташууга жардам беришет», — деп тїшїндїрдї Ду Дэвэнь.

Соўунда ал ошондой эле Си Цзиньпиндин куттуктоосун окуп, Кытай Кыргызстанга мындан ары да колдоо кєрсєтїп, жардам берерин билдирди.

КЭР Тєрагасы Си Цзиньпиндин куттуктоо каты

Кытай Эл Республикасынын Тєрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго эки єлкє ортосундагы дипломатиялык мамилелердин тїзїлгєндїгїнїн 30 жылдыгына карата куттуктоо каты:

“Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу Кытай Єкмєтїнїн жана элинин атынан, ошондой эле жеке єзїмдїн атымдан Сизге жана дос Кыргызстандын элине чын жїрєктєн куттуктоомду жана жакшы каалоолорумду жолдойм.

Єз ара урмат-сый, теўчилик, бирелешкен пайдалуу кызматташтык орнотулгандан берки 30 жылдын ичинде алар эки тараптуу мамилелердин секириктїї єнїгїшїнє єбєлгє болуп, ар тараптуу стратегиялык єнєктєштїктїн жаўы деўгээлине чыгып жана дїйнєлїк коомчулук їчїн жаўы типтеги мамлекеттер аралык мамилелердин їлгїсї болууда.

Кытай-кыргыз мамилелеринин єнїгїшї биздин єлкєлєргє жана єлкєлєрїбїздїн элдерине гана пайда алып келбестен, Борбордук Азия чєлкємїндє тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого да салым кошууда.

Мен кытай-кыргыз мамилелерин єнїктїрїїгє єзгєчє кєўїл бурам, дипломатиялык мамилелердин орнотулганынын 30 жылдыгынын жаўы башталышына таянуу менен Сиз менен тыгыз байланышта болууга, эки єлкєнїн ортосундагы стратегиялык єз ара ишенимди арттырууга, “Бир алкак, бир жол” демилгесинин биргелешкен курулушунун алкагында кызматташтыкты тереўдетїїгє жана ар тараптуу стратегиялык єнєктєштїктїн кытай-кыргыз мамилелерин жаўы баскычка жылдырууга даярмын”.

Кытай Эл Республикасынын тєрагасы Си Цзиньпин єзїнїн куттуктоо катында президент Садыр Жапаровго чыў ден соолук жана ишине ийгиликтерди, дос Кыргызстанга гїлдєп єнїгїї, ал эми элине тынчтык жана бакыт каалады.

Жакшы кошуна-жакшы єнєктєш: 30 жыл

Кыргызстан байыркы Жибек жолунда негизги пункт болуп саналат жана дээрлик 1100 чакырым аралыкта Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Кыргызстан – коопсуздук жана экономикалык кызматташтык жаатында Кытайдын маанилїї стратегиялык єнєктєшї жана “Бир алкак – бир жол” демилгесин жайылтууда маанилїї аймак болуп эсептелет.

Эки элдин байыртан келаткан достугунун жана этностук кыргыздардын тобунун Синьцзянда жашап калышынын аркасында Кытай Кыргызстандын ири экономикалык жана соода єнєктєштєрїнїн бири болуп калды.   Кытай жана Кыргызстан кылымдарды карыткан дос єлкєлєр болуп саналат.

1992-жылдын 5-январында Кытай жаўы эгемендик алган Кыргыз Республикасы менен дипломатиялык кызматташуу алакаларын тїзїї боюнча биргелешкен коммюникеге кол коюу менен кытай-кыргыз мамилелеринин жаўы барагын ачкан.   Дипломатиялык мамилелер тїзїлгєндєн бери, акыркы 30 жылдын ичинде эки тарап теў кызматташуу боюнча ондогон документтерге кол коюшту.

Анын ичинде “Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы жакшы коўшулук достук жана кызматташтык келишими” жана “Ар тараптуу стратегиялык єнєктєштїктї орнотуу жєнїндє кытай-кыргыз биргелешкен билдирїїсї. Эки єлкєнїн мамилелери жакшы коўшулуктан стратегиялык єнєктєштїккє жана ар тараптуу стратегиялык єнєктєштїккє єтїп, тарыхый секирик жасады.

Акыркы 30 жылдын ичинде эки єлкєнїн ортосундагы 50дєн ашык жогорку деўгээлдеги иш сапарлар кытай-кыргыз мамилелерин єнїктїрїїдє стратегиялык жетектєєчї ролду ойноду. 2019-жылы Кытайдын тєрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммитине катышып, кытай-кыргыз мамилелерин жаўы деўгээлге кєтєргєн.

2021-жылдын февраль айында Тєрага Си Цзиньпин Кыргызстандын Президенти Жапаров менен телефон аркылуу сїйлєшїп, эки єлкєнїн лидерлери кытай-кыргыз мамилелерин келечекте єнїктїрїїнїн ачык планын биргелешип иштеп чыгышкан.

Кытай жыл сайын Кыргызстанга мамлекет тарабынан толугу менен каржыланган 300гє жакын стипендиялык окууга болгон орунду ар кандай каналдар аркылуу берет. Учурда Кытайдын жогорку окуу жайларында Кыргызстандан 5 миўден ашык студент билим алат. Кыргызстан боюнча 4 Конфуций институтунда жана 21 Конфуций классында жыл сайын 4000ге чукул кыргызстандык студенттер кытай тилин жана кытай маданиятын їйрєнїшєт. Бишкектеги Кытай Єкмєтїнїн жардамы менен курулган №95 орто мектеп кыргызстандык башталгыч жана ортончу класстын окуучуларынын кытай тилин їйрєнїїчї жайына айланды.

Коронавирус инфекциясы менен кїрєшїїдє Кытай менен Кыргызстан ар дайым бири-бирине жардам берип, кыйынчылыктарды бирге жеўип келишти. Кытай эпидемияга каршы кїрєштє Кыргызстанга биринчилерден болуп материалдык жардам кєрсєтїп, алгачкылардан болуп адистерден турган медициналык топ жєнєткєн. Ошондой эле Кыргызстанга вакцина берген биринчи єлкє болду.

Акыркы жылдары эки єлкє “Бир алкак-бир жол” демилгесин бирге куруу менен, жакшы коўшулук мамилелерин дагы кєбїрєєк бекемдей алышты.   Кытай жана Кыргызстан – “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагындагы кызматташтыктын їлгїсїн тїзїп, ал Кыргызстанга єз ара пайданын артыкчылыктарын колдонуу жана теў укуктуулук негизинде мамилелерди тїзїї мїмкїнчїлїгїн берет.

“Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында «Датка-Кемин» ЭБЛ курулду, Тїндїк-Тїштїк автомагистралын куруу иши жїрїїдє, ирригациялык долбоор ийгиликтїї ишке ашырылды, Ош шаарында заманбап оорукана курулду, Бишкекте окуу тигїї цехи ачылды. Бул долбоордун баары Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугуна, аны модернизациялоого жана єнїктїрїїгє шарт тїздї.

“Бир алкак-бир жол” концепциясы Кытай жана Кыргызстан элинин ортосундагы боордоштукту тереўдетїїдє жакшы роль ойноду жана алардын ортосундагы достук кєпїрєсїн бекемдеди.

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы белгилїї даталар

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда ынак коўшулаштык, достук жана кызматташтык жєнїндє Келишим, 2002-жыл;

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда стратегиялык єнєктєштїк мамилелерди орнотуу жєнїндє Биргелешкен декларация, 2013-жыл;

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын стратегиялык єнєктєштїк мамилелерин мындан ары тереўдетїї жєнїндє Биргелешкен декларация, 2014-жыл;

Кыргыз Республикасынын менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда ар тараптуу стратегиялык єнєктєштїктї орнотуу жєнїндє Биргелешкен декларация, 2018-жыл;

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык єнєктєштїктї тереўдетїї боюнча биргелешкен декларация, 2019-жыл.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии