11.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКытай Єкмєтї КРдин мектептерине эмеректерди жана окуу жабдууларын тапшырды

Кытай Єкмєтї КРдин мектептерине эмеректерди жана окуу жабдууларын тапшырды

16-декабрда Кытай єкмєтїнїн Кыргызстандын 15 орто мектебине эмеректерди жана окуу жабдууларын тапшыруу аземи болуп єттї. Бул салтанаттуу иш-чарага КЭРдин КРдагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь, КРдин Билим берїї жана илим министри Болотбек Купешев катышып, тапшыруу актысына кол коюшту. Ошондой эле салтанатка КРдин мурдагы вице-премьер-министри Жылдыз Бакашева жана республиканын ар аймактарынан келген
15 орто мектебинин жетекчилери катышышты.

Элчи Ду Дэвэнь Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык єнєктєштїктї жана эки єлкєнїн гуманитардык жана билим берїї тармагындагы кызматташуусунун жетишкендиктерин жогору баалап, муундан-муунга єтїп келе жаткан кытай-кыргыз достугунун маанилїїлїгїн баса белгиледи. Ал эмеректер жана окуу жабдыктары мектептерде билим берїї шарттарынын дагы жакшыруусуна єбєлгє болуп берет деген ишенимин билдирди.

Министр Болотбек Купешев менен Жылдыз Бакашева Кытай тарапка мындай жардам їчїн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Кытайдын салттуу достугу байыртадан бери келе жатканын, гуманитардык багыттагы кызматташуу эки єлкєнїн мамилесинин маанилїї бєлїгї экенин баса белгилешти.

Ал эми Кытайдын бул жардамы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына жана Жаўы жылга карата балдарга мыкты белек болуп, кыргыз тарапка Кытайдын достугун дагы бир жолу тастыктай алды.

Болотбек Купешев, КРдин Билим берїї жана илим министри: “Мектеп эмеректерин жаўыртып, окуучуларга татыктуу билим берїї биздин милдет”

-Мен аймактарды кыдырып,  алыскы мектептердин ал-абалы менен жакындан таанышканда  кєптєгєн мектептердин окуу жабдыктары иштен чыгып, жараксыз болуп калгандыгына кїбє болдум. Мектеп мебелдерин жаўыртып, окуучуларга татыктуу билим берїї їчїн бардык ыўгайлуу шарттарды тїзїп берїї биздин негизги милдет деп эсептейм. Муну менен эле катар, китеп маселеси дагы курч болуп жаткан кез. Андыктан єзїбїздїн министрликке таандык болгон басмакана ачууну дагы пландаштырып жатабыз.

Учурдун талабы болгон мугалимдерге депозит маселесин кайра кєтєрїп, ошону калыбына келтирїї дагы башкы милдеттерибиздин бири. Мектептерибизди заманбап техника менен камсыз кылуу приоритеттїї багыт болуп саналат. Ошондой эле, учурда шаарда жашаган мугалимдерге їй салып берїї маселесинин їстїнєн иштеп жатабыз. Жаз айлары менен мугалимдерге їй курууну баштайлы деп турабыз. Бул демилгенин бардыгы Президент Садыр Жапаровдун, єкмєттїн демилгеси менен кетип жатат.

Бїгїнкї Кытай Эл Республикасынын элчилигинин жардамына дагы ыраазычылык билдиребиз. Бул иш элчи Ду Дэвэнь айым менен болгон сїйлєшїїлєрдїн негизинде деп чечилген.  Азыр бул жардам єтє муктаж болгон алыскы, жакынкы аймактардын мектеп директорлоруна берилди.

Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии