11.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕ«Кыргыз-кытай достук алкагы – 30 жыл ийгиликтїї єз ара аракеттенїї» - КЭР...

«Кыргыз-кытай достук алкагы – 30 жыл ийгиликтїї єз ара аракеттенїї» — КЭР менен КРдин дипломатиялык кызматташуу жолуна сереп

2021-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин тїзїлгєндїгїнїн 30 жылдыгына арналган «Кыргыз-кытай достук алкагы – 30 жыл ийгиликтїї єз ара аракеттенїї» темасындагы ЖОЖдор аралык жаштар форуму Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде болуп єттї.

Иш-чара Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети тарабынан уюштурулуп, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Конфуций институту ага єнєктєш болду. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, КЭРдин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укутуу Элчиси Ду Дэвэнь, Кыргыз Республикасынын эксперттик жана академиялык коомчулугунун мїчєлєрї, кытай компанияларынын єкїлдєрї жана эки єлкєнїн студенттери катышышты.

Єз сєзїндє Р.Казакбаев 2022-жылы тараптар дипломатиялык мамилелердин тїзїлгєндїгїнїн 30 жылдыгын белгилей тургандыгына кєўїл буруп, бул 30 жыл ичинде эки тараптуу кызматташуунун мамлекеттер аралык мамилелердин бардык тармактарын камтыган бекем укуктук-ченемдик базасы тїзїлгєндїгїн баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы єз ара мамилелер жогорку деўгээлдеги єз ара ишенимге, єз ара урматтоого, кеўири эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча кызыкчылыктардын жалпылыгына, ошондой эле биргелешип єнїгїїгє умтулууга негизделген ынак коўшулуктун, достуктун жана кызматташтыктын їлгїлїї мисалы экенин єзгєчє белгиледи.

Р.Казакбаев Кытай Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарында мындан ары да єзгєчє орунду ээлей турганына кєўїл бурду.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р. Казакбаев Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы салттуу достук жана ынак коўшулук мамилелер ар тараптуу стратегиялык єнєктєштїктї мындан ары чыўдоого гана тїрткї бербестен, регионалдык жана дїйнєлїк масштабда тынчтыкты жана туруктуулукту чыўдоого да кызмат кыла тургандыгын баса белгиледи.

Муну менен катар эле министр тышкы экономикалык байланыштар жаатында 30 жыл ичинде Кытай Кыргызстандын негизги соода-экономикалык єнєктєштєрїнїн бирине айланганын айтып єттї. Эки тараптуу мамилелердин жогорку деўгээлинен улам энергетика жана транспорт тармагындагы биргелешкен долбоорлор ийгиликтїї ишке ашырылып, гранттык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тїрдїї этаптарда иштер жїргїзїлїп жаткандыгын дагы баса белгиледи.

Сєзїнїн аягында министр Кытай тарапка COVID-19 пандемиясына каршы кїрєшїїдє Кыргыз Республикасына колдоо кєрсєткєндїгї їчїн ыраазычылык билдирип, єтїп кеткен Кытай Эл Республикасынын тїзїлгєн кїнї менен куттуктады.

Ал эми КЭРдин КРдагы элчиси Ду Дэвэнь айымдын айтымында, єлкєлєр пандемия рецессиясынан кийин соода алакаларын тез арада калыбына келтире алышты.

Элчи: “2021-жылдын январынан сентябрына чейин товар жїгїртїї єткєн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 90 пайызга єстї. Эў оор 2020-жылы да Кытайдан келген инвестициянын кєлємї 136 миллион долларды тїздї. Быйыл бул кєрсєткїч 9 миллион долларга єсїп, 139 миллионго жетти.

Ал эми пандемия эки єлкєнїн ортосундагы жакшы коўшулук мамилелердин бекемдигинин дагы бир далили болуп калды. Кытайда пандемия биринчи жолу пайда болгондо Кыргызстан бул кыйынчылыкта єз жардам колун сунуп, алгачкылардан болуп гуманитардык жардам кєрсєткєн. Ал гана эмес, кыргызстандык жєнєкєй пенсионер элчиликке кайрылып, бир айлык пенсиясын Ухань шаарынын тургундарына берїїгє даяр экенин билдирген”, — деди.

Ду Дэвэнь белгилегендей, пандемия Кыргызстанды каптаганда, Кытай биринчилерден болуп жардамга келген. Коўшу єлкє алгачкылардан болуп дарыгерлер тобун жиберип, биринчилерден болуп 150 000 доза вакцина жана азык-тїлїк жардамын берди. Азыркы тапта дагы колдоо кєрсєтїїнї улантууда. Жакында эле COVID-19 вакцинасынын 1,5 миллион дозасы келди.

“Учурда Кытай єнїгїїнїн жаўы моделдерин куруп жатат. Бул єнїгїї жолу карым-катнашты жогорку деўгээлге жеткирип, дїйнєнїн бардык єлкєлєрїнє, атап айтканда, Кыргызстанга дагы кызматташуу їчїн кєбїрєєк мїмкїнчїлїктєрдї алып келет”, — деп баса белгиледи Ду Дэвэнь айым.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии