11.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕАзамат Жаманкулов: “Кыргызстан менен Кытайдын достук алакасынын ар дайым бекем болушу биз...

Азамат Жаманкулов: “Кыргызстан менен Кытайдын достук алакасынын ар дайым бекем болушу биз їчїн эў чоў вазыйпа

2022-жылдын 5-январь кїнї Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык кызматташууга 30 жыл толмокчу.

Мына ушул мыкты саамалыкты утурлай биз Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов менен баарлаштык. Азамат Капарович эки єлкєнїн ортосундагы маданият тармагынын 30 жылдык басып єткєн жолуна сереп салуу менен катар эле алдыдагы пландары менен дагы бєлїштї.

Бардыгыбызга белгилїї болгондой, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда орток тарых бар. Биз биргеликте Улуу Жибек жолунун доорун басып єттїк. Бул “соода кербени” доору жеке гана соода карым-катнашын чыўдабастан, бир-бирибиздин маданиятыбызды, салт-санаабызды дагы жакындан таанууга єбєлгє болуп бере алды. Ошол мезгилден баштап кыргыз-кытай алакасы тыгыз байланышта болуп келет десек болот. Єзгєчє 1991-жылы биз єз кєз карандысыздыгыбызды колубузга алгандан кийин, ушул отуз жыл аралыгында эки мамлекеттин алакасы бардык тармактарда эў жогорку деўгээлге чыкты. Соода-экономикалык, маданий-социалдык, саясий байланыштардын бардыгы жакшы єнїгїї жолуна тїшкєндїгї шексиз. Ошондой эле эки мамлекет ортосунда гуманитардык, социалдык жактан дагы абдан бир тыгыз байланыш курулду.

Акыркы отуз жыл ичинде биз кєптєгєн маданий кїндєрдї єткєрдїк. Кыргызстандын маданий кїндєрї Кытайда єткєрїлдї. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын маданий кїндєрїн Кыргызстанда єткєрдїк. Акыркы эле жолу мына коўшу мамлекеттин 3 ири шаарында Пекин, Гуанчжоу, Їрїмчїдє Кыргызстандын маданий кїндєрїн єткєрїп келдик.  Кытай эли абдан жылуу тосуп алышты. Биздин маданиятка, каада-салтка, улуттук баалуулуктарыбызга єзгєчє кызыгуу бар экендиги байкалып турду.

Мындан тышкары Шанхай Кызматташтык уюмунун алкагында бир нече иш-чараларды белгиледик. Айта кетсек, Кытайдын эў белгилїї сїрєтчїлєрїнїн кєргєзмєсїн єткєрдїк. Кытай Эл Республикасы болсо Жусуп Мамайдын вариантындагы “Манас” эпосунун негизинде жазылган “Манас” операсын кытай тилинде аткарып бїтїндєй дїйнєгє таанытып жїргєн кези. Кыргызстанга дагы алып келдик. Бул жакта дагы опера чоў аншлаг менен єттї. Кєрїїчїлєр тарабынан жогорку баага татыды. Жакынкы кїндєрї биз дагы Кыргызстандын версиясы менен “Манас” операсын даярдап жатабыз.

Ошондой эле, азыркы тапта эки тараптуу кызматташуу жаатында келишимдерди даярдап жатабыз. Бул дагы байланышты чоў бир деўгээлге чыгаруусу керек. Айта кетсем, бул кытай жазуучуларынын чыгармаларын кыргызчага которуу жана кыргыз жазуучуларынын эмгектерин кытай тилине которуу боюнча дагы атайын келишимге кол коюлат. Муну менен катар Кытайдын маданий борборун Кыргызстанда куруу жана Кыргызстандын дагы маданий борборун Кытайда куруу боюнча дагы келишимдер каралып жатат.

Єзїўїздєр билгендей биздин аймакта кєптєгєн маданий иш-чаралар, эл аралык деўгээлдеги фестивалдар уюштурулду. Алардын кєпчїлїгїнє кытай делегацияларын чакырдык, келип катышып беришти. Мына ушундай жол аркылуу дагы эки мамлекеттин маданий карым-катнашы бекемделди десек болот. Кєчмєндєр оюндарында коўшу мамлекеттен делегациялары дагы катышып, кытай компаниялары да абдан активдїїлїгїн кєрсєтїштї. Чындыгында коўшулук сезимдерди, коўшулук байланыштарды биз ушундай иш-чараларда єзгєчє сезип жаттык десем болот.

Туризм жааты боюнча дагы бир катар эў жакшы келишимдерибиз бар. Анткени, бїгїнкї кїндє Кытай туристи бул дїйнєдєгї бай турист катары белгилїї. Ошондуктан, Кытай туристтерин дагы Кыргызстанга алып келїїгє аракеттерди жасап жатабыз. Аларды кызыктырган Кыргызстандын ичинде тарыхый шаарларыбыз, тарыхый ажайып жайларыбыз бар. Тарыхка сереп салсак Кыргызстандын аймагында байыркы бир кездерде буддизм болгон. Буддисттердин эстеликтеринин калдыктар бар. Мына ушундай байланыштарды ортого алып чыгып, кытай туристтерин дагы биздин аймакка, жаратылышка, ажайып жайларыбызга кызыктыруунун, тартуунун їстїнєн иштеп жатабыз. Алдыда коўшу мамлекет менен туризм тармагында дагы алгылыктуу иштерди алып баруу планыбыз бар.

Кыргызда айтылгандай “Алыскы туугандан жакынкы коўшу артык” демекчи, биз Кытай тарап менен мамилебизди ар дайым жогорку деўгээлде тутканга, жакшы мамиледе, достук мамиледе болгонго ар дайым аракет жасайбыз. Бул їчїн маданий алакалар, спорттук жана туристтик байланыштар єтє маанилїї. Бул багыттан алганда биз єзїбїздїн бардык аракеттерди жумшайбыз.

Биздин министрликтин алдында эки мамлекеттин кызматташуусу жаатында жакшы долбоорлор бар. Жакынкы арада Шанхай Кызматташтык Уюмуна мїчє мамлекеттердин маданий борборун Кыргызстанда куруу боюнча келишимге кол койдук. Бул эў мыкты кадам болмокчу. Бул борбор аркылуу дагы бир катар долбоорлор жїзєгє ашырылмакчы. Мисалы, биз Улуу Жибек жолунун чоў бир фестивалын ШКУ мамлекеттери менен єткєрсєкпї деген дагы оюбуз бар. Улуу Жибек жолунун модель катары курулган шаарларын бїтїндєй ШКУ мамлекеттеринде курсакпы деген дагы жакшы тилектерибиз бар. Мына ушулардын бардыгында Кытай Эл Республикасы менен тыгыз кызматташтык алакада болмокчубуз.

Мындан тышкары жазуучулук, поэзия, кино тармагы, спорттук иш-чаралар багытында дагы ири долбоорлорду алдыда ишке ашырмакчыбыз. Коўшу мамлекет болгондон кийин достук мамиледе болуу, бул гана эмес эки элдин бир-бири менен болгон достук карым-катнашы биз їчїн абдан маанилїї. Ошондуктан ийгиликтїї кызматташууну жогорку деўгээлде кармоого, андан ары дагы єнїктїрїїгє болгон кїч-аракетибизди жумшайбыз. Ушул 30 жылда болуп єткєн бардык иш-чаралар менин оюмча жогорку деўгээлде болду. Келечекте дагы мындай иш-чаралар жїзєгє ашырыла бермекчи.

Коўшу мамлекетибизге ар дайым тынчтыкты, бейпил жашоону каалайбыз. Муну менен катар эле Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы достук алаканын ар дайым бекем болушу биз їчїн эў чоў вазыйпа. Ошого аракет жасайбыз.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА 

 

 

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии