6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕКоронавируска каршы күрөшүү штабы «omicron» штаммы боюнча талкуу өткөрдү

Коронавируска каршы күрөшүү штабы «omicron» штаммы боюнча талкуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу.

Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы эпидемиологиялык абал каралып, жарандарды эмдөөгө тийиштүү маселелер талкууланды. Атап айтканда, акыркы жумаларда вакцинация боюнча эң жогорку көрсөткүчтөр Ысык-Көл облусунда байкалууда. Ошол эле учурда күч түзүмдөрү жана мамлекеттик кызматкерлер арасында вакцинация темпин тездетүү зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, штабдын катышуучулары «omicron» штаммын алып кирүүгө жана анын жайылышына жол бербөө боюнча кабыл алынып жаткан чараларды талкуулады. Эдил Байсалов штабдын мүчөлөрүнө жаңы штаммдын тез жайылышынын алдын алуу максатында натыйжалуу иш-аракеттер алгоритмин иштеп чыгуу зарылдыгы тууралуу дагы бир ирет эскертти.

Эдил Байсалов белгилегендей, Министрлер Кабинети мамлекеттик чек араларды жабууга каршы, ага байланыштуу COVID-19 жаңы штаммын алып кирүүгө жана анын жайылышына жол бербөө боюнча чараларды күчтөндүрүү зарыл.

Жакынкы арада республикага келген бардык жактардын маалыматын электрондук түрдө каттоо киргизилет. Буга катар Саламаттык сактоо министрлигине чек араны кесип өткөндөр үчүн ПЧР-тестти тапшыруу мөөнөтүн келүүгө дейре 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартуу маселесин карап чыгуу тапшырылды.

Автор: ЧОЛПОНАЙ ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии