2022-жылдын 5-январь күнү Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык кызматташууга 30 жыл толмокчу.
Мына ушул мыкты саамалыкты утурлай биз Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен маек куруп, эки өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагы 30 жылдык басып өткөн жолундагы жетишкендиктерге токтолуп, пандемия учурунда бир-бирине көрсөткөн колдоосу тууралуу дагы баарлаштык.
- Эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташуусуна жакында 30 жыл толгону турат. Бул аралыкта Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташууларда кандай жетишкендиктер, өзгөрүүлөр болду?
- 1992-жылдын 5-январында Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын көз карандысыздыгын алгачкылардан болуп тааныгандыгы бардыгыбызга белгилүү. Ошол мезгилден бери эки өлкө ортосундагы достук карым-катнаш өнүгүп, учурда стратегиялык өнөктөштүк алакасында кызматташтык байланыштары чыңдалууда.
Чындыгын айтканда, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташуу алакаларын бардык тармактардан көрүүгө болот. Жалпысынан алсак, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда экономикалык, саясий, деги эле башка тармактарда дагы кандайдыр бир түшүнбөөчүлүктү жараткан маселелер жок. Бардык жактан бир-бирин колдоп, өз ара ийгиликтүү кызматташып келишүүдө.
Бул жылдар аралыгы Кыргызстан менен Кытай бир катар эл аралык программалардын, долбоорлордун негизинде дагы мамилесин чыңдап, Шанхай кызматташтык уюмунун, “Бир алкак-бир жол” демилгесинин алкагында дагы көптөгөн иштер аткарылды. Коопсуздук маселесинде дагы эки өлкө бир-бирин колдоп, биргеликте иштерди жүргүзүүдө.
Алдыда дагы Кыргызстан-Кытай мамилеси өнүгүп-өсө турганына ишеничим зор.
- Бул жылдары Саламаттыкты сактоо тармагында кандай өнүгүү болду, өзгөчө пандемия учурундагы кызматташууларга кошо басым жасап айта кетсеңиз?
- Жогоруда айткандай, 30 жыл аралыгында эки өлкөнүн бардык тармактарында кызматташуу өнүктү. Саламаттыкты сактоо тармагы дагы алардын алдыңкы катарында. Бул жаатта коңшу мамлекет менен кызматташуу башынан эле болуп келген.
Мындай кызматташуунун маанилүү жетишкендиктеринин бири болуп бул – Ош шаарында курулган оорукананы айтсак болот. Ал 2019-жылынын апрель айында ачылды. Имаратты курууга 25 миллион 800 миң доллар сарпталып, каражатты Кытай өкмөтү Кыргызстанга кайтарымсыз грант түрүндө берген. Оорукана үч бөлүктөн туруп, амбулатордук-диагностикалык, стационардык жана администрация бөлүмдөрү бар.
Амбулатордук-диагностикалык бөлүмдө кеңеш берүү, дарт аныктоо, кечиктирилгис тез жардам берүү бөлүмчөсү жана реанимация залы менен операция жасоочу зал бар. Ал эми стационардык корпус 150 орунга ылайыкташтырылган. Заманбап, бардык керектүү шарттар түзүлгөн.
Администрация бөлүмүндө кызматтык бөлмөлөр, эсеп бөлүмү, телемедицина жана 200 орунга ылайыкташкан конференц-зал бар.Шаардык оорукана медициналык заманбап гастроскоп, лапароскоп, колоноскоп, эхокардиография сыяктуу жабдуулар менен камсыздалган.
Ал эми пандемия учурунда болсо, Кыргызстан дагы алгачкылардан болуп коңшу мамлекетке өз колдоосун көрсөтүп, гуманитардык жардамын берген. Андан соң Кыргызстанда коронавирус катталгандан кийин КЭР дагы байма-бай өз колдоосун көрсөтүп, жардам берип келди.
Муну менен катар эле, Кытай медицина кызматкерлери биздин өлкөнүн адистерине коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө жардам берип, тажрыйбасы менен бөлүшүп кетишти. Кытайдан келген дарыгерлер негизинен Бишкек шаарындагы ооруканаларда, лабораторияларда болушту. Медицина кызматкерлерине ар кандай окутуу иштерин жүргүзүшүп, аймактагы медкызматкерлерге дагы онлайн байланыш аркылуу кеп-кеңештерин дагы беришкен. Бул дагы эки тараптуу алаканы чыңдоого өз көмөгүн көрсөттү десем болот.
2021-жылдын апрель айында Кытай тарап катары жалпы суммасы 63 миллиондон сомдон ашыкан суммадагы гуманитардык жардам жиберген. Анын ичинде бир жолу колдонулуучу медициналык коргоочу кийимдер, бир жолу колдонулуучу стерилденген хирургиялык резина колкаптар, хирургиялык беткаптар, медициналык коргоочу беткаптар, медициналык коргоочу көз айнектер, бир жолу колдонулуучу бахилалар, медициналык халаттар, медициналык шапкалар, инвазивдүү эмес өпкөнү жасалма желдетүү аппараттары, реалдуу убакыттагы ПЧР система аппараты, нуклеин кычкылдыгын бөлүүчү система аппараты ж.б.
Үстүбүздөгү жылдын июль айында Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынан атайын борт менен коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm вакцинасынын 1,25 млн дозасы жеткирилген. Анын ичинен 1 миллион 100 миң доза вакцина республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган, ал эми 150 миң доза кытай тараптан бекер берилди.
Муну менен катар эле, сентябрь айында коңшу мамлекеттен дагы жеке коргонуучу каражаттар түрүндө ири гуманитардык жардам келген.
Мен КЭР Өкмөтүнүн COVID-19 пандемиясына каршы турууда Кыргызстанга көрсөткөн олуттуу жардамын баса белгилеп, кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн жогорку деңгээлде колдоп жатканы жана COVID-19 коронавирус инфекциясын жок кылуу иш-чараларына кайдыгер карабагандыгы үчүн ыраазычылык билдирип кетмекчимин.
Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин дагы бул жерде эмгеги зор. Ошондуктан, ушундай кырдаалда көрсөткөн колдоосу үчүн Элчи айым Ду Дэвэнге жана анын командасына, министрликтин жана жеке өзүмдүн атымдан чоң рахматымды айтмакчымын.
- Сөз соңунда эки коңшу мамлекетке болгон сиздин каалоо-тилегиңиз?
- Кыргызстан-Кытай кызматташуу алакалары мындан ары дагы өнүгүп, өсө берсин. 30 жылдык дипломатиялык кызматташуубуз кут болсун. “Алыскы туугандан –жакынкы коңшу” артык демекчи, ынтымак, колдоо, өз ара түшүнүшүү жолунда алакаларыбыз чыңдалып, өөрчүсүн.
- Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА