6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕДекабрдан баштап КРге ар бир сырттан кирген жаран терс ПЧР-тестке ээ болушу...

Декабрдан баштап КРге ар бир сырттан кирген жаран терс ПЧР-тестке ээ болушу зарыл

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышына жол бербөөгө багытталган чаралар 2021-жылдын 1-декабрынан тарта ишке ашырылаарын билдирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, чет элдик жарандар жана кыргызстандыктар Кыргыз Республикасына кирүү үчүн эмделүү макамынан көзкарандысыз түрдө, милдеттүү тартипте коронавирус инфекциясына карай ПЧР-тест тапшырып, терс ПЧР-тестке ээ болушу керек.

Жаңы штамм жөнүндө маалыматтардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги «omicron» жаңы штаммынын очогу аныкталып жаткан өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга көз салып, анын өлкөгө кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу максатында ал өлкөлөрдүн тизимин  Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берет. Мындай өлкөлөрдүн жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө тыюу салынат.

Министрлик жана ведомстволорго республикада COVID-19 жаңы штаммына байланыштуу эпидемиологиялык абал курчуп кеткен учурда толук даярдыкта туруусу тапшырылды.

Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен COVID-19 жаңы штаммы маселеси боюнча шашылыш консультация өткөрүлгөн.

Автор: ЧОЛПОНАЙ ТУРДАКУНОВА

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии