6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕИпотекалык турак жай насыясынын шарттары бир кыйла жеңилдеди

Ипотекалык турак жай насыясынын шарттары бир кыйла жеңилдеди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 3-ноябрында кабыл алынган “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бул мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

Мыйзам менен инвесторлордун эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен бериле турган ипотекалык кредиттердин шарттары эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салынары каралган. Бул өз кезегинде Кыргыз Республикасында ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдетет.

Ошондой эле, мыйзам менен ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат.
Аталган өзгөртүүлөр жер-жерлерде жогорку квалификациялуу эмгек ресурстарын бекемдөө, эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салына турган инвесторлордун/эл аралык донорлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында турак жайга ээ болуу үчүн шарттарды түзөт.

Автор: ЧОЛПОНАЙ ТУРДАКУНОВА

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии