11.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕУнаа салыгын өз убагында төлөбөгөндөргө 739 миң сом айып салынды

Унаа салыгын өз убагында төлөбөгөндөргө 739 миң сом айып салынды

Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрынан 10-ноябрына чейин Мамлекеттик салык кызматы КР ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 1418 рейд өткөрдү. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө 28 миң унаа текшерүүгө алынган. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы менен салыкты мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндүк үчүн 739 миң сом өлчөмүндө 739 административдик айып салынган.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.

Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндүк үчүн 1000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөө мөөнөтү кечиктирилген ар бир күн үчүн туум эсептелет.

Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии