8.1 C
Бишкек
Среда, 23 октября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕЭгерде балада ковид бар экенине шектенїї пайда болсо, анда дарыгерди дароо їйгє...

Эгерде балада ковид бар экенине шектенїї пайда болсо, анда дарыгерди дароо їйгє чакыруу керек

Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын маалыматы боюнча, акыркы убакта республика боюнча курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) менен ооругандар кєбєйїїдє.
Єзгєчє балдар ооруп жаткандыгы белгилїї.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бєлїмїнїн башчысы Айнура Акматованын айтымында, 2021-22-жылдарынын окуу жылынын башынан бери (35-41 жума) Кыргыз Республикасында мектепке чейинки курактагы балдардын арасында 68 учур жана мектеп жашындагы балдардын арасында 180 учур катталган.

Ал: “Жыл сайын республикада кїзгї-кышкы мезгилде сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын кєбєйїшї байкалат. Буга сасык тумоо вирусунун тємєнкї температурага жогорку туруктуулугу жана адамга катуу суук тийген учурда ага каршы коргонуусунун тємєндєшї єбєлгє болууда. КРВИ менен ооруган чоў кишилер жеўил кєтєрїшєт бирок, эгерде балдарды кароодо санитардык -гигиеналык чаралар сакталбаса, алар башкаларга, анын ичинде балдарга да жугузушат.

Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги КРВИ жана жугуштуу пневмония менен ооруган балдарды кабыл алуу їчїн кошумча керебеттерди кеўейтїї боюнча чечим кабыл алды. Алардын бири Шаардык кургак учуктун алдын-алуу жана реабилитациялоо балдар борборунун базасында. Экинчиси болсо Республикалык диагностикалык борборунун базасында жайгашкан. Алдыда оорунун орточо оордугу бар балдар їчїн дагы кошумча убактылуу инфекциялык оорукана ачылмакчы”, — деп маалымат берди.

Айнара Доромбекова, неонатолог-дарыгер: “Ымыркайлардан коронавирустун белгилерин айырмалап билїїнї їйрєнїї зарыл”

-Коронавирусту жуктуруудан ымыркайлардын ата-энелери да сак болушу керек. Себеби, дїйнєлїк статистикага ылайык, жашоонун биринчи айындагы балдардагы вирустук оорулардын арасында коронавирус 5 учурда аныкталган. Окумуштуулар чоўдорго караганда балдар коронавирусту оўой єткєрєєрїн белгилешти. Бирок дїйнєдє оор формадагы учурлар да бар экендиги аныкталууда. Мїмкїн болгон кыйынчылыктардын алдын-алуу їчїн жаўы тєрєлгєн ымыркайларда коронавирустун белгилерин байкап, качан адисти чакыруу керектигин билїї керек.

Ымыркайларда COVID-19 симптомдору так билинбейт. Эгерде бала ооруп калса, анда ал: кєп ыйлайт – бул пайда болгон дискомфортко реакция кылуу; тамактан баш тартат; уйкусу начарлайт; ойгоо учурунда тынчы жок; оюнчуктарга кєўїл бурбайт.

Бир айга толо элек балдардагы бул симптомдордун баары ич ооруга да тиешелїї. Бул кєйгєй ичеги-карын системасынын жетиле электигинен келип чыгат.

COVID-19 менен ооруган балдардагы сейрек белгилер. Биринчи кусуу жана диарея. Симптом коркунучтуу, анткени суюктуктун 10 жоготуусу олуттуу кыйынчылыктардын себеби болуп саналат. Ымыркайларда бул єлїмгє алып келиши мїмкїн. Экинчиси исиркек (кызыл майда бїртїкчєлєр). Бул вирустун кан аркылуу тарашынан улам пайда болот. Кєбїнчє исиркектер буттарда пайда болот. Бул кїчтїї дискомфорт алып келбейт, бир жумага жакын созулат. Бул учурда, ымыркайды улгайган туугандары менен байланыштырбаш керек.

Їчїнчїсї кургак жєтєл. Бул жаўы тєрєлгєн баладагы коронавирустун негизги белгиси. Ал вирус трахеяга, бронхторга, тамакка таасир эткенден кийин пайда болот. Анын їстїнє, оорунун баштапкы стадиясында былжыр єтє илешкектїї болгондуктан, оўой чыгып кете албайт. Ошондуктан, жєтєл кургак болот.

Ымыркайда COVID-19дун белгилери бар болсо эмне кылуу керек? Бир гана туура кеўеш: дарыгерге кайрылуу керек. Бала ооруканада эч кимге жугузуп албашы їчїн дарыгерди їйгє чакыруу керек. Балада ковид бар экенине кандайдыр бир шектенїї пайда болсо, дарыгер дароо їйгє чакырылышы керек. Вирус менен тамашалашууга болбойт.

Жаўыл Абдырасулова, Бишкек шаарынын тургуну: “Їч баламдын теў дене табы кєтєрїлїп, кусуп, тамак ичпей калышкан”

-Азыркы тапта балдар арасында ооругандар аябай кєп болууда. Менин єзїмдїн їч балам теў ооруду. Эў кичинебиз 4 жашта, дагы деле жакшы боло элек. Биринчи мектепте окуган балам ооруп келди. Андан эки кичинекейге жукту. Алардын температурасын тїшїрє албай аябай кыйналдым.

Ооруканага барсак, кезек толтура. Балдары ооруп турган энелердин нерви дагы жука болот эмеспи, ал жак єзїнчє эле уруш-талаш, ыйлаган балдар. Ооруканадан эптеп врачка кирип, дарыларын жаздырып алып келип, їйдєн карадым. Чындыгын айтканда, ковид менен ооруп жатышат деп аябай корктум. Їч баламдын теў дене табы кєтєрїлїп, кусуп, тамак ичпей калышкан. Азыр экєєсї жакшы. Бирок, улуу баламды дагы деле мектепке жибербей эле турам. Азыр деле ооруган балдар аябай кєп.

Менин айтаарым, бала ооруп жатса сєзсїз дарыгерге кайрылыўыздар демекчимин. Себеби, їйдє єзїм дарылайм деп, баланын ємїрї менен ойноого болбойт.

Каныкей Гулжигитова, Бишкек шаарынын тургуну: “Эгерде баланы дарыгерге кєрсєтпєй, дагы кечиктирсек, жаман болмок дейт”

-Менин тєрєгєнїмє 7 ай болду. Биринчи балабыз. Акыркы убакта балам кечке ыйлап эле, колумдан тїшпєй калган. Сїт берсем ичпейт. Анан ичи єттї. Азыр жакшы болот деп жатып, їч кїндєн ашык їйдо кармап коюпбуз. Поликлиниканын дарыгери абдан урушту. Эгерде дагы кечиктирсек, жаман болмок дейт. Азыр жакшыбыз. Дарыларын берип, ич єткєнїн токтоттук. Бирок балам кадимкидей арыктап, начарлай тїштї. Мамлекет тарабынан дагы бул оору менен кантип кїрєшїї керектиги боюнча кєбїрєєк маалымат беришсе жакшы болот эле. Менин оюмча кєп ата-энелер жєн гана сасык тумоо деп кєўїл бурбай жатышат.

Туура тамактануу — адамдын иммунитетин кєтєрїїнїн бир ыкмасы

Кїз жана келе жаткан кыш суук мезгили болуп саналат, ошондуктан, мезгил бою жигердїї ден-соолукту чыўдоо жана иммунитетти жогорулатуу маанилїї. Ушуга байланыштуу туура тамактануу — иммундук системаны чыўдоонун негизи болуп саналат. Ар бир адамдын тамактануусу мїмкїн болушунча ар тїрдїї болушу зарыл, анда бардык керектїї заттар, витаминдер жана минералдар бар. Кєбїнчє булар тїрдїї тїстєгї жашылчалар, чєптєр, жемиштер, эт, жаўгактар, буурчак, дан єсїмдїктєрї.

Ошондой эле рационго: эт, балык, сїт азыктарын, буурчак єсїмдїктєрїн жана жумуртканы кошуу зарыл. Ал эми ошондой эле вирустук эпидемия учурунда катуу чектєєчї диетаны колдонуу сунушталбайт. Эмдєєдєн їч-тєрт кїн мурун фаст-фудду, анын ичинде таттуу сода жана консерванттар кєп болгон тамактарды токтотуу керек. Себеби алардын айрымдары иммунитетти тїшїрїї касиетине ээ.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии