22-октябрда Бишкек шаарында “Жаўы єкмєт: чакырыктар жана перспективалар” деген темада тегерек стол болуп єттї. Иш-чара Саясий-укуктук изилдєє борбору тарабынан уюштурулуп, ага эксперттик коомчулуктун єкїлдєрї жана коомдук ишмерлер катышышты. Иш-чаранын жїрїшїндє жаўы єкмєттїн курамы талкууланып, министрлер кабинетинин алдыда алып бара турган иштери жаатында дагы сунуштар жана ой-пикирлер айтылды.
Азамат Акенеев: “Учурда єкмєт їчїн кыска мєєнєттїї чакырыктар бул баалардын єсїшї, энергетикалык кризис, Кумтєр, инвестиция жана COVID-19”
Экономист Азамат Акенеев єз сєзїндє жаўы єкмєттїн экономикалык тармактагы кєйгєйлєрїнє жана келечегине басым жасады. Анын пикиринде, азыркы учурда єкмєт їчїн кыска мєєнєттїї чакырыктар бул баалардын єсїшї, энергетикалык кризис, Кумтєр, инвестициянын токтолушу жана COVID-19 болуп саналат. Ал ошондой эле антикризистик чаралар боюнча дагы єз кєз карашы менен бєлїштї.
-Азыркы учурдагы биринчи кадам бул социалдык жардамды жогорулатууга басым жасоо керек. Муну менен эле катар, импортко болгон чектєєлєрдї максималдуу тїрдє азайтуу заман талабы болууда. Коронавируска каршы эмдєє иштерин дагы тездетїї зарыл. Кумтєрдїн ишмердїїлїгїн камсыз кылып, ортодогу талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечїї жана мамлекеттик инвестициялык программаны кєбєйтїї учурдун талабы болууда.
Кыргызстанда жакынкы бир-эки жылда сырттан инвестиция тартууга мїмкїнчїлїгї болбойт. Азыркы тапта ишкерлер жагымдуу инвестициялык абалды кїтїшєт. Мындай учурда жаўыдан тїзїлгєн министрлер кабинетинин кандай иштерди аткара тургандыгы маанилїї эмес. Себеби, мамлекеттик тїзїлїштї єзгєртїїгє єтїї толук аяктай элек. Алдыда парламенттик шайлоо дагы болмокчу. Ошондуктан, азыр єкмєт жасай турган жалгыз нерсе – бул мамлекеттик инвестициялардын программасын кєбєйтїї болуп саналат.
Кыргызстандын экономиканы єнїктїрїї жаатында, бир катар ийгиликтїї колдоно турган потенциалы бар. Мисалы, Кыргызстан Кытай, Европа, Тїштїк Азия жана Жакынкы Чыгыш єлкєлєрїнїн ортосундагы логистикалык каттамдардын жолунда жайгашкан, туристтик ишмердїїлїктї жїзєгє ашыруу їчїн бардык жагымдуу шарттар бар, жогорку сапаттагы суу ресурстарынын, алтын жана баалуу металлдардын айрым тїрлєрї їчїн минералдык-ресурстук базанын болушу зарыл. Эў башкысы бизде эркиндик бар. Бирок, бул багытта эмне себептен єнїгїї жок? Мунун бардыгы келип эле саясий туруксуздукка барып такалууда.
Азамат Темиркулов, серепчи: “Жаўы єкмєттїн негизги милдети 28-ноябрда Жогорку Кеўешке боло турган шайлоону таза жана так єткєрїп алуу”
— Азыркы тапта Кыргызстандын бюджетин жабуу боюнча айтылып жаткан пландардын жїзєгє ашуусуна ишенїї кыйын. Бизде мындай кыска мєєнєттє кємїскє экономиканы чыгара турган салык системасы жок. Ийгиликке жеткен кїндє да эч бир олигарх єз чєнтєгїнєн тєлєбєйт. Жумуш орундары кыскарат, баалар кєтєрїлєт дегендей. Мындай кырдаал элдин нааразычылыгын жаратышы мїмкїн. Мен кємїскє экономика менен алектенбеш керек деп айтуудан алысмын. Бирок муну акырындык менен жасап, жїзєгє ашыруу зарыл.
Ал эми азыр єкмєт єз чыгымдарын кыскартышы керек. Бул эў оптималдуу вариант. Азыркы учурда єкмєттїн негизги милдети 28-ноябрда Жогорку Кеўешке боло турган шайлоону таза жана так єткєрїп алуу болуп саналат. Ар кандай союздар тїзїлїп, бир нече саясий кїчтєр бирикти. Ошондуктан шайлоонун таза єтїїсї учурдун талабы.
Эдил Осмонбетов, серепчи: Коопсуздук маселеси бардык Борбор Азия єлкєлєрїнїн кїн тартибинде биринчи орунда турат
Бїгїнкї кїнї Борбор Азия єлкєлєрїнїн кїн тартиби єзгєрдї. Борбордук Азиянын негизги маселеси коопсуздук жана мамлекеттердин чек арасын бекемдєє кєйгєйї болууда. БАнын (Борбордук Азия) бардык єлкєлєрїндє социалдык-экономикалык абал оор. Ошол эле учурда кырдаалды COVID-19 пандемиясынын кесепети дагы курчутууда. Эми болсо, биринчи кезекте Ооганстандагы жана аймактагы кїчтєрдїн балансынын єзгєрїшїнє байланыштуу кырдаал кескин єзгєрдї. АКШнын Ооганстандан чыгып кетиши анын глобалдык кєз карашын жана кїн тартибин єзгєртїп, башка тарапка басым жасаганын кєрсєтїп турат.
Борбордук Азия їчїн 2015-жылдан 2021-жылга чейин созулган геосаясий мїмкїнчїлїктєр жолу жабылды. Эми кїндемде БАдагы коопсуздуктун донору жана гаранты ким болот? деген суроо ортого келип чыкты. Тилекке каршы, бардык Борбордук Азия єлкєлєрїнїн єкмєттєрї їчїн кїн тартибинде коопсуздук маселеси биринчи орунда турат. Бюджеттен кошумча каражат чек арага жана аны коргоого жумшалмакчы.
Тилекке каршы, бир жагынан Борбор Азияда экстремисттик, террористтик топторго, радикалдык кыймылдарга жол ачылды. Ал эми Борбор Азия мамлекеттери муну канчалык деўгээлде кєтєрє алат, бул чоў суроо деп ойлойм. Кєрїнїп тургандай, Борбордук Азиянын бир дагы єлкєсї пандемияга туруштук бере албаганын кєрдїк.
Менин жеке пикиримде, бир жагынан алганда бул єкмєттїн мїмкїнчїлїгї чоў. Ал жакка финансисттер, экономисттер, профессорлор, илимдин докторлору келишти. Алардын каржы-экономикалык чєйрє менен алектенїїгє толук мїмкїнчїлїктєрї бар. Бирок, бул жерде башкы маселе, бїгїнкї кїндє биздин єнїгїїбїзгє тоскоол болуп жаткан ишмердїїлїктїн бардык чєйрєлєрїнє жаўыча мамиле кылуу керектигинде болуп жатпайбы. Мисалы салык мыйзамдарына, социалдык фондго, бажыга жана башкаларга. Реформа комитетин же кеўешин тїзїї зарыл. Ал жерге жеке гана аткаминерлерди эмес, ар тармактын адистерин, кїчтїї кесипкєйлєрдї чогултуп, биргеликте маселелерди чечїї керек.
Бїгїнкї кїндє єкмєттє финансисттер, экономисттер кєп жана алар єлкєнїн каржы-экономикалык тармагына кєбїрєєк кєўїл бурушу керек. Экономика министрлигин чыўдоо заман талабы. Экономикада кєбїрєєк акча болушу їчїн атайын каржы секторунда бир механизмди ойлоп таап, ишке ашыруу зарылчылыгы бар. Муну менен эле катар, азыркы тапта єкмєттїн кєўїл буруп, иштєєсї керек болгон башкы пункттардын бири бул – жакырчылык менен кїрєшїї. Мына ушул багытта иш алып баруу зарыл. Антпесе, жакырчылык эў кєп кєйгєйлєрдїн алып келээри шексиз.
Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА