Кыргызстандын 30 жылдык тажрыйбасы кєрсєткєндєй, парламенттик шайлоо ар качан чоў саясий оюнга айланып келет. Шайлоонун жыйынтыгы ар кандай толкундоолорго, ал тургай єлкєдєгї тєўкєрїштєргє дагы алып келгендигине кїбє болуп жїрєбїз. Ушундан улам єлкєнїн шайлоо мыйзамдарынын єзгєрїшї бул заман талабы болду.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Борбордук шайлоо комитети 28-октябрга чейин тїшкєн документтерди текшерип чыгып, партияны каттоо же шайлоого коё бербєє чечимин чыгарат. Башкача айтканда, 28-октябрга чейин бюллетенге жазылчу партиялар аныкталып, 29-октябрда шайлоо алдындагы їгїт иштери башталмакчы.
Аралаш шайлоо системасы кандай?
Мажоритардык-пропорционалдык – депутаттардын кайсы бир бєлїгї бир мандаттуу округдар боюнча шайланса, экинчи бєлїгї партиялык тизме боюнча ( Германия, Венгрия, Жаўы Зеландия ж.б. єлкєлєр ) шайланат. Мажоритардык-преференциалдык, мисалы, Италияда парламентке добуштардын 50 пайызынан жогору топтогон депутаттар шайланат.
Єз кезегинде Кыргызстан бардык аралаш системаларды бириктирип, Мажоритардык-Пропорционалдык-Преференциалдык системаны кабыл алды.
Ал боюнча бир мандаттуу округдардан – 36 округдан 36 депутат шайланат; Пропорционалдык система боюнча – партиялык ачык тизмеде 54 депутат; Преференциалдык система боюнча – шайлоочу єзї 54 депутаттын ичинен бирєєнї (єзїнє жаккан талапкерди) шайлай алат.
Шайлоо кандай тартипте єтєт?
Жогорку Кеўештин депутаттарын шайлоо жаўы Конституцияга ылайык аралаш система менен єтєт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер “ачык тизме” менен шайланышат.
Ачык тизме же преференциялык шайлоо системасында шайлоочу партияны жана анын тизмесиндеги белгилїї бир талапкерди тандап алуу мїмкїнчїлїгїнє ээ болот. Бул ыкма менен партия жана анын тизмесинде эў кєп добуш алган талапкер парламентке єтє алат.
Шайлоо кїнї шайлоочуларга эки бюллетень берилет: бирєє партия жана анын тизмесиндеги талапкерлерге, экинчиси бир мандаттуу округдардан талапкерлерге добуш берїї їчїн. Эгерде шайлоочу партияны белгилеп, бирок анын тизмесиндеги талапкерди тандабаса бюллетень жарактуу бойдон калат — добуш жалпы партияга берилет. Бюллетенде партиянын алгачкы 54 талапкерин тандоого болот.
Бул жердеги єзгєчєлїк бул — бюллетенде партиялардын аты жазылат дагы, кагаздын алдыўкы бєлїгїнє 1ден 54кє чейинки сан менен чатыраш белгиси коюлат. Ошондуктан партиядагы сизге жаккан талапкердин номерин жаттап алуу маанилїї. Себеби партиянын атын белгилегенден кийин, бюллетендин алдындагы талапкердин номеринин тушундагы чатыраштын ичине белги кое аласыз. Бул учурда талапкердин аты-жєнї жазылбайт.
Ал эми депутаттарды бир мандаттуу система менен шайлоо їчїн Кыргызстандын аймагы 36 округга бєлїндї. Округдардын тогузу Ош облусу жана Ош шаарына, жетєє Жалал-Абад облусуна, алтоо Чїй облусуна, тєртєє Бишкек шаарына, Баткен жана Ысык-Кєл облустарында їчтєн, Талас жана Нарын облустарында экиден берилген.
Системанын маўызы, добуш берїї кїнї шайлоочу бир эле убакта бир нече жолу добуш бере алат. Биринчи єзїнїн бир мандаттуу округунда талапкер їчїн, экинчиси тигил же бул партия їчїн. Жарандар ошондой эле єзї тандаган партиянын тизмесиндеги талапкерлердин бирине да добуш берїїгє укуктуу.
29-октябрда Кыргызстан боюнча Жогорку Кеўештин депутаттарын шайлоого їгїт иштери башталат. КР мыйзамдарынын негизинде шайлоо алдындагы їгїт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо мєєнєтї аяктаган кїнї башталат жана добуш берїї башталганга 24 саат калганда аяктайт.Ошентип, їгїт иштери 29-октябрда башталып, 27-ноябрь саат 08:00гє чейин уланат.
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жєнїндє мыйзамдар їгїт иштерин каржылоонун ачык-айкындыгы жагынан эл аралык стандарттарга, сунуштарга жана талаптарга толук ылайык келет. Шайлоочулар партиялардын шайлоо фонддорунан каражаттардын келип тїшїїсї жана чыгымдалышы жєнїндє маалыматты жана алардын каржылык отчетторун БШКнын сайтынан туруктуу негизде алышат. Ошондой эле, БШКнын сайты жума сайын шайлоо фонддорунун кыймылы жєнїндє маалыматтарды жарыялап турат. Саясий партиялар БШКга шайлоо фондун тїзїїнїн кєлємї жана бардык булактары, ошондой эле бардык чыгымдар жєнїндє отчетторду берїїгє милдеттїї.
ЖКга талапкер жана шайлоочу їчїн жаўылыктар
ЖКнын депутаттыгына талапкер шайлоо єтїп жаткан кїнї 25 жашта болушу шарт. Ошол эле учурда бир адам бир эле шайлоо (бир мандаттуу же пропорционалдык системадагы бирдиктїї) округунан гана талапкер катары чыга алат.
Мыйзам долбоорундагы дагы бир жаўычылдык — мамлекеттик же муниципалдык саясий кызматкер (Президентти, Жогорку Кеўештин депутатын жана жергиликтїї кеўештин депутатын кошпогондо), ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери талапкер катары кєрсєтїлгєн кїндєн тарта єздєрїнїн кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотушат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер, ЖМК кызматкери болгон талапкерлер єздєрїнїн кызматтык милдеттерин аткарууну токтотот.
Шайлоого катышуу їчїн биометрикалык каттоодон єткєн шайлоочу сєзсїз тїрдє шайлоочулардын тизмесине кошулушу керек. Єз шайлоо тилкесиндеги шайлоого шайлоочу паспорту менен барат. Ар бир шайлоочу єзї їчїн добуш берет, башкаларга добуш берїїгє тыюу салынат. БШК шайлоо тилкелери жана алардын чек арасы, даректери тууралуу маалыматты кїн мурунтан жарыялашы керек.
Єзїнїн шайлоо тилкесинде шайлоочу дароо эки шайлоо системасы боюнча добуш берет. Шайлоочу эки шайлоо бюллетенин алат: бирєєсї бирдиктїї округ боюнча, экинчиси — бир мандаттуу округ.
Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА