-5.9 C
Бишкек
Суббота, 21 декабря, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕ“Бишкектеги унаа жолдорунун жол катмарын оңдоп-түздөө” долбоору ийгиликтүү ишке ашырылды 

“Бишкектеги унаа жолдорунун жол катмарын оңдоп-түздөө” долбоору ийгиликтүү ишке ашырылды 

2021 -жылдын 19 –октябрь күнү “Бишкектеги унаа жолдорунун жол катмарын оңдоп-түздөө” деп аталган, ишке ашырылган долбоорду өткөрүп берүү расмий аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты.

Арзыбек Кожошев өз сөзүндө үч жылдын ичинде, долбоордун алкагында 23 көчөдө 40 чакырым асфальтталгандыгын, бул транспорттук инфраструктуранын олуттуу жакшырышына, жол кыймылынын өнүгүшүнө жана жолдун сыйымдуулугунун өсүшүнө алып келгендигин белгилеп өттү.

Ал: “Министрлер Кабинетинин атынан КЭР Өкмөтүнө жана жеке Ду Дэвэнь айымга, Бишкек үчүн ушундай маанилүү долбоорду ишке ашыргандыгы үчүн терең ыраазычылыгымды билдиргим келет”, — деди.

КРдин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын айтымында, оңдоодон кийин көчөлөр таптакыр жаңы көрүнүшкө ээ болду.

Ал ошондой эле Кытайдын жардамы менен Кыргызстандын борборундагы жол тармагын өнүктүрүү боюнча дагы эки долбоор ишке ашырылып жатканын эске салды. Бул долбоор эки фазадан тураарын жана биринчи этаптын жыйынтыгында 49 көчөдө жаңы жолдор курулгандыгын, ал эми экинчи этап ишке ашырылып жаткандыгын, анын натыйжасында 60 көчө жаңыланып, оңдоло тургандыгын айтып өттү.

Сөзүнүн соңунда Арзыбек Кожошев Кытай өкмөтүнө Кыргыз Республикасына пандемия учурунда көрсөткөн колдоосуна дагы ыраазычылыгын билдирди.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев болсо, “Кытай тарап түзүлгөн келишимдин бардык милдеттенмелерин аткарды” деп билдирди. Мындан тышкары, “China Road and Bridge Corporation” компаниясы дагы эки жылга кепилдик кызматын көрсөтмөкчү.

Иш-чаранын жыйынтыгында Кытай өкмөтүнүн колдоосу менен Бишкектеги жолдордун курулушу жаатындагы Кыргызстан-Кытай достугу тууралуу айтып берген тарыхый далилдин, тактап айтканда эстеликтин ачылышы болду.

Ду Дэвэнь, КЭРдин КРдагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси: “Биз бишкектиктердин заманбап транспорттук инфраструктурага ээ болушуна чын жүрөктөн кубанычтабыз” 

-Узак жылдар аралыгы Бишкек шаарынын көптөгөн көчөлөрүнүн абалы начар болуп, оңдоого муктаж болуп келген. Ушундан улам Кыргызстан Кытай өкмөтүнө шаардык жолдорду реабилитациялоодо колдоо сурап демилге көтөргөн болчу. Бул демилгени КЭР өкмөтү колдоп, долбоорго грант бөлүп берген. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын жолдорун эки этапта — жалпы узундугу 205 чакырым болгон 132 көчөнү калыбына келтирүү боюнча чечим кабыл алынды.

Бул жерде белгилей кете турган нерсе, “Бишкек шаарынын унаа жолдорунун жол катмарын оңдоп-түздөө» долбоору — бул борбордун негизги көчөлөрүндө жаңы технологияларды колдонууга көбүрөөк багытталган өзүнчө долбоор. Бул көчөлөргө жаңы типтеги асфальт -бетон төшөлдү (майдаланган таш жана мастика).  Бул адаттагыдан бир аз кымбатыраак, бирок сапаты дагы ошого жараша абдан жакшы.

Чындыгында кытайлык куруучулардын милдети оңой болгон жок. Курулуштун коопсуздугун камсыздоо жана долбоордун өз убагында жана сапаттуу бүтүшү үчүн кытайлык компаниялар жабдууларга жана инженердик персоналга жогорку стандарттарды жана катуу талаптарды коюшкан. Бул ишке 300 даана техника, жабдуулар жана дээрлик миң кытайлык куруучу тартылган.

Биз бир миллионго жакын бишкектик тургундардын заманбап транспорттук инфраструктурага ээ болушуна чын жүрөктөн кубанычтабыз.

Автор: Чолпонай ТУРДАКУНОВА

 

 

 

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии