6.1 C
Бишкек
Воскресенье, 8 сентября, 2024
ДомойВ КЫРГЫЗСТАНЕЭки өлкөнүн кызматташуу жолуна сереп: Кыргызстан менен Кытайдын дипломатиялык мамилелерине 30 жыл 

Эки өлкөнүн кызматташуу жолуна сереп: Кыргызстан менен Кытайдын дипломатиялык мамилелерине 30 жыл 

2021-жылдын 8-октябрында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чара Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын Эл аралык саясатты талдоо борбору менен биргеликте уюштурулду.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Ж. Кулубаев, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, ШКУнун экс-башкы катчысы, экс-тышкы иштер министр М. Иманалиев, БМУнун ректору А. Мусаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эксперттик жана академиялык коомчулугунун өкүлдөрү катышышты.

Өз сөзүндө министр Казакбаев 2022-жылы тараптар дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын гана эмес, 2002-жылдын 24-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин 20 жылдыгын да белгилээрин айтып өттү.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы өзгөчө белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери эки тараптуу кызматташуунун бүткүл тарыхында болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлде жана динамикалдуу өнүгүүдө, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө тоскоол болгон эч кандай принципиалуу жана талаш маселелер жок.

Кыргызстандын Кытай менен болгон мамилеси убакыт сынагынан өткөн эки тараптуу мамиленин үлгүсү деп ишенимдүү түрдө айтууга болот, ал достуктун, ынак коңшулуктун жана өнөктөштүктүн негизинде гана бекемделет. Өзүнүн ички туруктуулугун жана экономикалык өнүгүүсүн камсыздай алган дүйнөлүк экинчи ири держава жана коңшу өлкө катары Кытай Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарда өзгөчө орунду ээлөөнү улантарын Казакбаев белгиледи.

КР ТИМ башчысы Кыргызстан менен Кытайдын салтка айланган достук жана ынак коңшулук мамилелери ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого гана салым кошпостон, аймактык жана дүйнөлүк масштабда тынчтыкты жана стабилдүүлүктү бекемдөөгө салым кошо тургандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын 30 жылдык тышкы экономикалык байланышында Кытай негизги соода-экономикалык өнөктөшүнүн бирине айланганын Казакбаев айтып өттү. Эки тараптуу мамилелер жогорку деңгээлде болгондугуна байланыштуу энергетика жана транспорт тармагында биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда, гранттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ар кандай этаптарда иштер жүрүгүзүлүүдө, учурда “Бир алкак — бир жол” демилгесинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Министр өз сөзүнүн аягында COVID-19 пандемиясы учурунда колдоо көрсөткөндүгү үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди жана өтүп кеткен Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнү менен да куттуктады.

Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Жээнбек Кулубаев болсо, Кыргызстан менен Кытайды ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк бириктирип тураарын айтып, бул алакалар үзгүлтүксүз байытылып, эки элдин кызыкчылыктарына негизделген көп векторлуу кызматташтык байланышы менен толукталууга тийиш экендигин баса белгиледи.

Ал эми К. Карасаев атындагы БМУнун ректору, профессор Абдылда Мусаев Бишкек мамлекеттик университетинин мисалында Кыргызстан менен Кытайдын эки тараптуу мамилелеринин призмасындагы билим берүү траекторияларынын абалы жана келечеги тууралуу айтып берди.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын жаш муундарынын арасында КЭРде билим алууга болгон кызыгуусу биринчи кезекте, Кытай экономикасынын тез өсүшүнө, коңшу мамлекеттин эл аралык аренадагы кадыр -баркы менен байланыштуу. Бул өз кезегинде Кытай тилин үйрөнүүгө түрткү берүүчү фактор. Мисалы, бүгүнкү күндө БМУнун Конфуций Институтунда 50 штаттык мугалим иштейт, Конфуций Институтунун класстарында жана борборлорунда 5000ден ашык студенттер кытай тилин үйрөнүшсө, 500дөн ашуун студенттер жана магистранттар Кытайдын университеттерине окууга жөнөтүлөт.

Ректор: “Кытай тилине байланыштуу билим берүү кызматтарына болгон жылдык суроо-талап БМУнун кыргыз-кытай факультетинде окуган студенттердин саны менен тастыкталат. Учурда алардын саны 800гө жакын окуучу. Бул чек эмес жана жакынкы аралыкта өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен абитуриенттердин саны кыйла көбөйүшү мүмкүн. Кыргызстан менен Кытайдын 30 жылдык кызматташуу тажрыйбасы бар жана аны эки өлкөнүн ийгиликтүү кызматташуусу үчүн өнүктүрүү учурдун талабы”, — деп баса белгиледи.

Ду Дэвэнь: “Кытай менен Кыргызстан эки өлкөнүн түпкү кызыкчылыктарын козгогон маселелерде дайыма бир-бирин колдоп келишет”  

— Кытай менен Кыргызстан коңшу өлкөлөр, мындан эки миң жылдан ашуун мурун Улуу Жибек Жолу эки элдин байланышын түзүүгө көпүрө болуп берген. 1992-жылдын 5-январында Кытай Эл Республикасы менен Эгемендүүлүктү жаңы колуна алган Кыргыз Республикасы дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча биргелешкен коммюникеге кол коюшкан. Бул Кыргыз-Кытай  мамилелеринин жаңы барагын ачкан. Ошондон бери эки тараптын биргелешкен аракеттеринин аркасында, кытай-кыргыз мамилелери ар дайым дени сак жана туруктуу өнүгүүнүн жакшы динамикасын сактап келет.

Кытай менен Кыргызстандын ортосунда эч кандай чечилбеген чоң маселелер жок. Дипломатиялык мамиле түзүлгөндөн көп өтпөй, тең укуктуулуктун жана кеңешүүнүн, өз ара түшүнүшүүнүн арты менен эки өлкө тарыхтан калган чек ара маселелерин ийгиликтүү чечишти.

30 жыл аралыгында эки өлкөнүн жогорку деңгээлдеги лидерлеринин 50гө жакын иш сапары болуп, алар Кыргызстан-Кытай мамилесин илгерилетүүдө башкы ролду ойношту. 2019-жылдын июнь айында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келип, эки коңшу мамлекеттин кызматташуу алакасын дагы бир жаңы деңгээлге көтөрдү.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери биргелешип, кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүшүнүн планын белгилешип, ийгиликтүү кызматташуу жаатында баарлашышты.

Кытай менен Кыргызстан эки өлкөнүн түпкү кызыкчылыктарын козгогон маселелерде дайыма бир-бирин бекем колдоп келишет. Кытай кыргыз эли тандап алган өнүгүү жолун колдойт.  Улуттук көз карандысыздыкты, эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү коргоо, ошондой эле өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн кыргыз өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан бардык чараларды колдоп, өз жардамын көрсөтүүгө даяр. Кыргызстан Кытайдын “Бир бүтүн Кытай” саясатын карманып, Кытайдын Өкмөтүнүн өлкөнү бириктирүү аракетин колдойт.

Дипломатиялык мамилелердин 30 жылдык аралыгында Кытай менен Кыргызстан теңчилик, өз ара пайда принцибин кармануу менен түрдүү тармактарда достук кызматташтыкты өнүктүрүшүп, жемиштүү натыйжаларга жетишишти.

Пандемия менен күрөшүүдө Кытай менен Кыргызстан ар дайым бирге болуп, бири -бирин колдоп келди. Кытай эң оор эпидемиологиялык кырдаалда турганда, Кыргыз Өкмөтү Кытайга 7 тонналык гуманитардык жүктү жиберип, ал Уханьга жөнөтүлгөн. Коомдун ар кыл чөйрөсүндөгү кыргыз достор  атайын иш-чараларды өткөрүп, кытай элин колдоорун билдиришти. Кээ бирлери флешмоб өткөрсө, кээ бири биргелешип колдоо катын жөнөтүштү, акчалай жардам беришти. Мына ушундай көптөгөн жагымдуу учурлар болду.

Ал эми Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын тастыкталган учурлары пайда болгондон кийин, Кытай дароо Кыргызстанга жардам колун сунуп, эпидемияга каршы жардам көрсөткөн биринчи өлкө болуп калды. Учурда Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн 4 жолу гуманитардык жардам көрсөттү. Кытайдын бардык достук провинциялары жана боордош шаарлары, коомдун ар кандай чөйрөлөрү, ошондой эле Кыргызстанда жашаган кытай ишканалары жана кытайлар да тез арада кыргыз тарапка жардам берүү үчүн жүктөрдү чогултушту. Учурда дагы бул жаатта эки өлкө бир-бирин колдоп келүүдө.

Кытай менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын жаңы башталышында туруп, Кытай-Кыргыз мамилелери дагы жакшырып, жаңы өнүгүүгө ээ болот деп ишенүүгө негиз бар.

Кытай тарап “Бир алкак — бир жол” долбоорунун алкагында кыргыз тарап менен кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даяр. Бул кадам Кыргызстандын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө жакшы жардам берээри шексиз.

Кытай Кыргыз тарап менен биргеликте салттуу чөйрөлөрдө кызматташуунун потенциалын аныктоого жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын орто жана узак мөөнөттүү планын иштеп чыгууга даяр. Жашыл экономика, санарип экономика, электрондук соода жана заманбап айыл чарба ж.б. Эки тарап тең байланышты жакшыртуу жана Кыргызстандын транзиттик потенциалын ишке ашыруу үчүн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлорду алга жылдыруу үчүн тыгыз иштешет.

Эки тарап тең эки өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө энергия берүү үчүн өз ара инвестиция тартууну уланта беришмекчи.

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы салттуу достуктун миң жылдык тарыхы бар. Биз Кытай менен Кыргызстан жакшы коңшулар катары бири –бирин ар дайым түшүнөт, жакшы достор катары дайыма бир-бирине ишенет жана колдойт деп терең ишенебиз. Кытай-Кыргыз мамилелерине жаркын келечек каалайбыз!

Шерадил Бактыгулов: “Эки мамлекеттин тең негизги кызыкчылыгы — жакшы жана достук мамилелердин бекемделиши жана кеңейиши” 

— 1992 -жылдын 5 -январында кабыл алынган тарыхый чечим эки мамлекеттин ортосундагы мамиленин жаңы түрүнүн башталышын белгиледи. Башкача айтканда, бул биздин өлкөлөрдү ондогон жылдарга бөлгөн “Кансыз согуштун” каардуу логикасын өз ара четке кагуу болгон.

Акыркы жылдарда туруктуу саясий диалог түзүлдү, анын бекемделишине жана кеңейишине жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштар жардам берди. Соода -экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү динамикалуу түрдө өнүгүүдө.

Кыргызстан менен Кытай бир-биринин тандаган өнүгүү жолдорун колдоо менен катар эле эки элдин, мамлекеттердин түпкү кызыкчылыктарын козгогон маселелерде дагы бири -бирин колдоп келишет.

2013 -жылы Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин “Жибек жолу экономикалык алкагын” жана  “XXI кылымдын деңиз жибек жолун” түзүү демилгесин жарыялаган. Ошол мезгилден баштап, Кытайдын бүтүндөй дүйнө менен, анын ичинде Кыргызстан менен дагы сырткы саясатында, сырткы байланышында бай-кедей, чоң-кичине, өнүккөн, өнүкпөгөн деп бөлүнбөгөн жаңы тарых барактары ачылган.

Кытай дүйнөлүк державанын катарында калып, жаңы эгемендүү мамлекет болгон Кыргызстан жакшы коңшулук байланыштарды түзүүгө умтулду. Эки мамлекеттин тең негизги кызыкчылыгы — жакшы жана достук мамилелердин бекемделиши жана кеңейиши.

Дүйнөлүк державалардын алдында турган максаттар жана көйгөйлөр кичинекей өлкөлөрдүн максаттарына жана көйгөйлөрүнө караганда алда канча кеңири. Чакан өлкөлөрдүн улуттук кызыкчылыктары көбүнчө тышкы дүйнөгө ыңгайлашуу жана экономикалык жыргалчылыкты камсыз кылуу менен байланышкан. Кыргыз -кытай мамилелеринин жакынкы тарыхы көрсөткөндөй, Кытай Кыргызстанга карата бийлик теңсиздиги факторун колдонгон эмес. Башкача айтканда Кытай бардык мамлекеттерге бирдей, тең мамиле кылат. Чоң-кичине, бай-кедей деп бөлбөйт.

Кичинекей мамлекет менен дүйнөлүк державанын кызматташтыгынын эволюциясы басымдуу дүйнөнүн салттуу геосаясий мамилесинен (бир жактуу) күчтүн кысымына жана мажбурлоосуна негизделген. Кыргызстан менен Кытай «көпүрө куруу» саясатынан стратегиялык өнөктөштөрдүн саясатына өтүп, ааламдашуунун кадимки алкагын өзгөртүүдө.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жакшы коңшулуктун, достуктун жана кызматташтыктын отуз жылдык тарыхы “көпүрө куруу” саясатынан ар тараптуу өнөктөштүккө өттү. Кыргызстан менен Кытай башында бири -бирин дос коңшу мамлекеттер катары көрүшсө, отуз жылдык өз ара ийгиликтүү кызматташуунун негизинде ар тараптуу стратегиялык процессинде Кыргызстан менен Кытай 2018 -жылдын май айында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн эң маанилүү деңгээлине жетишти. Бул эки тараптын ортосундагы мамилелердин дайыма тереңдеп бараткандыгынын көрсөткүчү болуп саналат.

Мен ойлойм, биргелешкен аракеттер менен биз өз деңгээлибизде өлкөлөрүбүздүн элдеринин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө олуттуу практикалык салым кошо алабыз. Дагы бир жолу сиздерди, кымбаттуу досторду, жана бардыгыбызды Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайм.

Автор: Чолпоная Турдакунова

СТАТЬИ ПО ТЕМЕ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Популярные

Комментарии